Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жетектөөчү Кеңештин каты

Жетектөөчү Кеңештин каты

Урматтуу Падышалыктын жарчысы!

Өзүңдү Исанын элчилеринин бири катары элестетип көрсөң. Сен башка элчилер менен бирге Зайтун тоосунда турасың. Бир маалда алдыңарда Иса пайда болот. Анан асманга көтөрүлөр алдында мындай деген сөздөрдү айтат: «Силерге Кудайдын ыйык руху берилгенде, күчкө толосуңар да, Иерусалимде, бүт Жүйүт жеринде, Самарияда, ошондой эле жердин учу-кыйырына чейин мен жөнүндө күбөлөндүрөсүңөр» (Элч. 1:8). Ушундай сөздөрдү укканда кандай сезимде болот элең?

Балким, Исанын тапшырмасы сага опол тоодой көрүнмөктүр. Сен: «Өзүбүз аз эле болсок, „жердин учу-кыйырына чейин“ кантип кабар таратабыз?» — деп ойлонмоктурсуң. Ошондой эле Исанын өлөр алдындагы түнү айткан төмөнкү сөздөрүн эстемектирсиң. Ал: «Кул кожоюнунан өйдө эмес. Эгер мени куугунтукташса, силерди да куугунтукташат. Эгер менин айткандарымды аткарышса, силердикин да аткарышат. Мунун баарын силерге менин шакирттерим болгонуңар үчүн кылышат, анткени мени жибергенди билишпейт»,— деген болчу (Жкн. 15:20, 21). Балким, анын ушул сөздөрү тууралуу ой жүгүртүп: «Каршылыкка, куугунтукка карабай кантип кылдат күбөлөндүрө алам?» — деп тынчсызданмаксың.

Бүгүн биз да ушинтип ойлонушубуз мүмкүн. Анткени бизден, Жахабанын Күбөлөрүнөн, «жердин учу-кыйырына чейин» «бардык элдерге» кылдат күбөлөндүрүү талап кылынат (Мт. 28:19, 20). Бул ишти алдын ала айтылган каршылыктарга карабай кантип аткара алабыз?

Элчилер китебинде 1-кылымдагы элчилер жана башка шакирттер Жахабанын жардамы менен аларга берилген ишти кантип аткарышканы жөнүндө жүрөк козгоорлук окуялар жазылган. Колуңдагы китеп Элчилер китебиндеги тез өрчүгөн кызыктуу окуяларды терең изилдөөгө жардам берүү максатында чыгарылган. Бул китептен Кудайдын 1-кылымдагы кызматчылары менен азыркы учурдагы кызматчылары көп жагынан окшош экенин байкайсың. Алар аткарган иши жагынан эле эмес, ал ишти уюшкандыкта жүргүзгөнү жагынан да окшош экенин көрө аласың. Ал окшоштуктар тууралуу ой жүгүрткөндүн аркасында Жахаба Кудай уюмунун жердеги бөлүгүн жетектеп келатканына ого бетер ынанасың.

Элчилер китебин изилдөө Жахабанын жардам берерине жана ыйык руху менен колдооруна болгон ишенимиңди бекемдейт деп үмүттөнөбүз жана сен үчүн тиленебиз. Бул китеп сага Кудайдын Падышалыгы жөнүндө мындан ары да «кылдат күбөлөндүрө» берүүгө жана башкаларга куткарылганга көмөк кылганга түрткү берсин (Элч. 28:23; 1 Тим. 4:16).

Бир туугандарың,

Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши