Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепти изилдөө эмне үчүн маанилүү?

Ыйык Китепти изилдөө эмне үчүн маанилүү?

Сен Ыйык Китепти окуп көрдүң беле? Тарыхта бир да китеп Ыйык Китепчелик белгилүү болгон эмес. Ар улуттагы адамдар анда жазылгандарды окуп, жан дүйнөсүн тынчтандырып, келечекке үмүт байлашат. Ошондой эле андагы кеңештердин турмуштун ар кыл тармагында пайдалуу экенине кошулушат. Анткен менен көптөр Ыйык Китеп жөнүндө азыноолок эле билишет. Сен Кудайга ишенсең да, ишенбесең да, балким, ал китеп жөнүндө билгиң келеттир. Колуңдагы китепчеден Ыйык Китепте эмнелер жазылганы тууралуу биле аласың.

ЫЙЫК КИТЕПТИ колго алып окуурдан мурун ал тууралуу айрым маалыматтарды билип алганың пайдалуу болот. Ыйык Жазма деп да белгилүү болгон бул китеп 66 майда китептен турат. Анын биринчи китеби Башталыш деп аталса, акыркысы Аян деп аталат.

Ыйык Жазманын автору ким? Бул абдан кызыктуу суроо. Ыйык Жазманы 40 чакты пайгамбар 1 600 жылдай убакыт аралыгында жазышкан. Бирок алардын бири да өзүн Ыйык Жазманын автору эсептеген эмес. Ошол жазуучулардын бири: «Бардык Жазма Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган»,— деген (2 Тиметей 3:16). Ал эми дагы башкасы: «Теңирдин Руху мен аркылуу сүйлөйт, Анын сөзү менин оозумда»,— деп жазган (2 Шемуел 23:2). Ыйык Китепти жазууга катышкандар анын автору ааламдын Өкүмдары Жахаба Кудай экенин ушундайча баса белгилешкен. Алар Кудайдын адам баласы менен жакын мамиледе болгусу келерин ачып беришкен.

Ыйык Жазманы жакшы түшүнүү үчүн дагы бир нерсени билүү зарыл. Анда башынан аягына чейин бир эле тема — Кудайдын адамзаттын үстүнөн бийлик жүргүзүүгө укуктуу экендиги асманда орнотулган өкмөтү аркылуу далилденери — каралат. Ушул китепчеден Ыйык Китептин негизги темасы Башталыш китебинен Аян китебине чейин кандайча ачылып берилерин көрө аласың.

Жогоруда айтылгандарды эске алып, келгиле, дүйнө жүзүнө кеңири таралган Ыйык Жазмада эмнелер тууралуу жазылганын карап чыгалы.

^ Бул китепчедеги «б.з.» деп берилген кыскартуу «биздин замандын» дегенди, ал эми «б.з.ч.» деп берилген кыскартуу «биздин заманга чейинки» дегенди билдирет. Мындай кыскартууларды китепченин ылдый жагынан көрүүгө болот.