Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1-бөлүк

Кудай Адам атаны бейишке жараткан

Кудай Адам атаны бейишке жараткан

Кудай ааламды, бардык тирүү жандыктарды жараткан. Ошондой эле жеткилең эркек менен аялды жаратып, ажайып кооз бакка жайгаштырган да, аларга тил алууну буйрук кылган

«ЭҢ БАШЫНДА Кудай асман менен жерди жаратты» (Башталыш 1:1). Бул сөздөрдү кулагы чалбаган ким бар? Ушул жөнөкөй жана терең мааниге ээ сөздөр Ыйык Китептин негизги каарманы болгон кудурети күчтүү Жахаба Кудай жөнүндө көп нерсени айтып турат. Ыйык Китептин ушул биринчи аятынан Кудай кең Ааламдын жана Жердин Жаратуучусу экенин биле алабыз. Ал эми кийинки аяттарынан Кудайдын каймана мааниде айтылган алты күн ичинде, башкача айтканда, узак убакыт аралыгында жаратылыш мыйзамдарын ишке киргизип, Жер планетасын жашоого ылайыкташтырып даярдаганын билебиз.

Кудайдын колунан бүткөн жердеги жаратууларынын эң эле асылы адам болгон. Ал Кудайдын бейнеси боюнча жаратылып, Жахабанын сүйүү жана акылмандык сыяктуу касиет-сапаттарын чагылдырууга жөндөмдүү болгон. Кудай биринчи кишини топурактан жараткан. Анан аны Адам деп атап, бейишке, башкача айтканда, Эйден бакчасына жайгаштырган. Мөмө жемишке мол, кооз Эйден бакчасын Кудай өзү өстүргөн эле.

Кудай Адамга өмүрлүк жар керек экенин көрүп, анын кабыргасынан ага аял жаратып берген. Адам аялына Обо деген ат койгон. Адам ата аны көргөндө сүйүнгөнүнөн: «Бул — менин сөөгүмдөн чыккан сөөк, этимден чыккан эт»,— деп ыр чыгарып жиберген. Кудай: «Адам ата-энесин таштап, аялы менен биригет. Ошентип, экөө бир дене болот»,— деген (Башталыш 2:22—24; 3:20).

Жараткан Кудай Адам ата менен Обо энеге эки буйрук берген. Биринчиси: алар жерди иштетип, ага кам көрүп, акыр-аягы, аны адамдарга толтурушу керек эле. Экинчиси: алар бакчадагы көптөгөн бактардын арасынан бир эле дарактын — «жакшылык менен жамандыкты таанытып билдире турган дарактын» — жемишинен жебеши керек болчу (Башталыш 2:17). Эгер алар экинчи буйрукка баш ийишпесе, өлүшмөк. Ушул буйруктарды аткаруу менен биринчи эркек менен аял Кудайды Эгедер катары кабыл алышарын көрсөтө алышмак. Ошондой эле аны сүйөрүн жана ага ыраазы экенин билдиришмек. Ооба, аларда Кудайдын жетегине баш ийүүгө толук негиз бар болчу. Ошол биринчи түгөй бардык жагынан жеткилең эле. Ыйык Жазмада айтылгандай: «Кудай Өзү эмнени жаратса, ошонун бардыгы абдан жакшы экенин көргөн» (Башталыш 1:31).

Башталыш китебинин 1, 2-бөлүмдөрүнө негизделди.