Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

9-бөлүк

Ысрайылдыктар өздөрүнө падыша талап кылышат

Ысрайылдыктар өздөрүнө падыша талап кылышат

Биринчи падыша Шабул баш ийбестик көрсөтөт. Кудай Дөөтү менен түбөлүк кулабай турган Падышалык келишимин түзөт

ШИМШОН өлгөндөн кийин Шемуел Ысрайылда пайгамбар жана башкаруучу болуп кызмат кылат. Ысрайылдыктар Шемуелге, башка элдерге окшоп, өзүлөрүнө падыша көтөрүүнү каалаарын айтышат. Алардын талабы Жахабага катуу тийсе да, ал Шемуелге элдин айтканындай кылууну буйруйт. Кудай Шабул деген момун кишини падышалыкка көтөрөт. Бирок Шабул падыша убакыттын өтүшү менен текебер болуп, Кудайдын сөзүн укпай калат. Жахаба аны четке кагып, Шемуелге падышалыкка Дөөтү деген баланы дайындоону буйруйт. Бирок Дөөтү падыша болгонго чейин көп убакыт өтүшү керек болчу.

Дөөтү өспүрүм кезинде Шабулдун аскер кошуунунда кызмат өтөгөн агаларына келет. Ошол маалда ысрайылдыктардын бүткүл аскер кошууну аларга жана алардын Кудайына тил тийгизген Голийат аттуу пелиштилик жоокерден жүрөктөрү түшүп, коркуп турушкан эле. Ошондо Дөөтү ачууланып, алп Голийат менен жекеме-жеке чыгат. Ал колуна, болгону, салмоор жана бир нече таш алып, 3 метрдей заңкайган душманды көздөй жөнөйт. Голийат оозанып Дөөтүгө каргыш айтканда, Дөөтү кармашка Жахаба Кудайдын атынан чыккандыктан, аны оңой эле жеңип коё турганын айтат. Дөөтү Голийатты бир эле таш менен кулатат да, анын колундагы кылычын алып, башын кыя чабат. Муну көргөн пелиштилик аскерлердин үрөйү учуп, качып жөнөшөт.

Башында Шабул Дөөтүнүн эр жүрөктүүлүгүнө таң берип, аны өзүнүн аскер тобуна башчы кылып дайындаган эле. Бирок кийин Дөөтүнүн жасаган эрдиктерине ичи күйүп, көрө албастык кыла баштайт. Ошондо Дөөтүгө өз жанын сактап калуу үчүн Шабулдан качып кетүүгө туура келет. Ал көп жылдар бою качкын болуп жашайт. Ошентсе да Дөөтү аны өлтүргүсү келген Шабул падышаны Жахаба Кудай дайындаган деп түшүнгөндүктөн ага каршы чыккан эмес. Акыры, Шабул согушта курман болот. Ошондон көп өтпөй, Жахаба убадалагандай эле, Дөөтү такка отурат.

«Мен анын падышачылык тагын түбөлүккө бекемдейм» (2 Шемуел 7:13).

Дөөтү падыша болгондо Жахаба Кудайга ибадаткана курууну абдан көксөйт. Бирок Жахаба ибадаткананы анын уулдарынын бири курарын айтат. Аны кура турган Сулайман эле. Ошентсе да Кудай Дөөтүнү сыйлыксыз калтырган эмес. Ал аны менен келишим түзүп, анын тукумунан падышалар үзүлбөөрүн убадалайт. Акыр-аягы, анын тукумунан Эйденде убада кылынган Тукум, башкача айтканда, Куткаруучу чыкмак. Ошол Куткаруучу Жахаба тарабынан «майланып», Машаяк болмок. Жахаба дайындалган Машаяктын түбөлүктөн түбөлүккө созула турган Падышалыктын Башкаруучусу болорун убада кылган.

Жүрөгү ыраазычылыкка толгон Дөөтү ибадаткананы курууда керектеле турган курулуш материалдарын жана баалуу металлдарды чогулткан. Ошондой эле ал көптөгөн забурларды жазган. Ал өмүрүнүн акырында: «Теңирдин Руху мен аркылуу сүйлөйт, Анын сөзү менин оозумда»,— деген сөздөрдү жазган (2 Шемуел 23:2).

1, 2 Шемуел, 1 Жылнаама китептерине жана Ышайа 9:7ге, Матай 21:9га, Лука 1:32ге жана Жакан 7:42ге негизделди.