Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

10-бөлүк

Сулайман — акылдуу падыша

Сулайман — акылдуу падыша

Жахаба Сулайман падышага акылдуу жүрөк берген. Сулаймандын тушунда Ысрайылда бейкуттук өкүм сүрүп, эл болуп көрбөгөндөй жыргалчылыкта жашаган

ЭГЕР бүткүл эл жана анын падышасы Жахабанын мыйзамдарына баш ийип, анын сөзүн угушса, жашоо кандай болмок? Келгиле анда, Сулайман падышанын 40 жылдык башкаруусунда кандай жашоо болгонун карап көрөлү.

Дөөтү көзүнүн тирүүсүндө уулу Сулайманды падыша кылып дайындаган. Күндөрдүн бир күнүндө Кудай Сулаймандын түшүнө кирип, андан эмнени каалаарын сурайт. Сулайман Кудайдан элди туура жана адилеттүүлүк менен башкаруу үчүн акыл сурайт. Жахаба бул үчүн Сулайманга абдан ыраазы болуп, ага терең билим жана акылдуу жүрөк берет. Ошондой эле Жахаба, эгер Сулайман тил алчаактыгынан жазбаса, ага байлык, атак-даңк жана узун өмүр берерин убада кылат.

Сулайман акылдуу чечимдерди чыгарган падыша катары тез эле элге таанымал болуп чыга келет. Бир жолу эки аял бир наристени талашып Сулайманга кайрылышат. Ошондо Сулайман баланы тең экиге бөлүп, аялдарга берүүнү буйрук кылат. Аялдардын бири макул болсо, баланын энеси макул болбой, аны тиги аялга бергиле деп жалынып жалбарып жиберет. Сулайман ошол аял баланын энеси экенин түшүнүп, баланы ага берет. Ошондо бүт ысрайыл эли аялдардын талашын Сулайман кантип чечкенин угуп, анда Кудайдын акылмандыгы бар экенин түшүнөт.

Жахабанын ибадатканасын куруу Сулаймандын улуу иштеринин бири болгон. Иерусалимдеги ошол ажайып кооз имаратка бүт ысрайыл эли келип, Кудайга сыйынышчу. Ибадаткананын ачылыш аземинде Сулайман: «Сени мен курган бул ийбадаткана түгүл, асман да, асмандын асманы да батыра албайт»,— деп тиленген (1 Падышалар 8:27).

Сулаймандын атагы алыска кетет. Анын даңкы жөнүндө Арабиядагы Шебага чейин угулат. Шебанын ханышасы Сулаймандын атак-даңкын жана байлыгын көргүсү келип, анын кеменгерлигин сыноо үчүн алыстан жол арытып келет. Сулаймандын даанышмандыгын жана өлкөдөгү элдин гүлдөгөн турмушун көрүп таң берген ханыша ушундай акылдуу адамды Ысрайылга падыша койгону үчүн Жахабаны даңктайт. Чынында эле, Жахабанын батасы менен Сулаймандын башкаруусунун тушунда ысрайыл тарыхында болуп көрбөгөндөй тынчтык орноп, эл гүлдөп, жыргалчылыкта жашаган.

Тилекке каршы, Сулайман Кудайдан алган акылмандыгына жараша иш кылбай калат. Кудайдын буйругуна баш ийбей, көп аял алат. Алардын арасында жалган кудайларга сыйынган көптөгөн аялдар да бар эле. Алар бара-бара Сулаймандын жүрөгүн Жахабадан алыстатып, жалган кудайларга буруп кетишет. Ошондо Жахаба Сулайманга падышалыктын көп бөлүгү андан тартылып алынып, ага атасы Дөөтүнүн урматына бир аз гана бөлүгү калтырыларын айтат. Сулаймандын Кудайга кызмат кылбай калганына карабай, Кудай анын атасы Дөөтү менен түзгөн келишимин четке каккан эмес.

1 Падышалар 1—11-бөлүмдөргө, 2 Жылнаама 1—9-бөлүмдөргө жана Мыйзамды кайталоо 17:17-аятына негизделди.