Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

13-бөлүк

Жакшы жана жаман падышалар

Жакшы жана жаман падышалар

Ысрайыл эли бөлүнүп кетет. Ысрайылда көптөгөн падышалар бийлик кылат, бирок алардын көбү Кудайга жакпаган иштерди кылышат. Иерусалим бабылдыктар тарабынан талкаланат

СУЛАЙМАН ПАДЫША Кудай жолунан четтеп кеткенден кийин, Жахаба айткандай эле, ысрайыл эли бөлүнүп кетет. Сулаймандан кийин такка отурган анын уулу Рехабам катаал падыша болгон. Ошондуктан ысрайылдын 10 уруусу Рехабамга каршы чыгып андан бөлүнүп кетет. Ал эми калган эки уруусу Дөөтүнүн тактысына ишенимдүү бойдон калат. Ошентип, түндүк Ысрайыл падышалыгы жана түштүк Жүйүт падышалыгы түзүлөт.

Падышалардын Кудайга жакпаган иштерди кылып, анын тилин албагандыгынын айынан түндүк падышалык да, түштүк падышалык да тынчтыкта жашаган эмес. Ысрайыл падышалыгы түптөлгөндөн тартып эле Жахабадан баш тартып кеткендиктен, Жүйүт падышалыгына караганда, анда кыйынчылыктар көбүрөөк болгон. Илияс менен Элиша пайгамбарлардын ажайып иштерди кылганына, атүгүл өлгөндөрдү тирилткенине карабай, ысрайылдыктар жаман жолунан кайтышкан эмес. Акыр-аягы, Кудай түндүк падышалыктын ашурлуктар тарабынан талкаланышына жол берген.

Жүйүт падышалыгы Ысрайыл падышалыгына караганда бир кылымдан көбүрөөк убакытка доорон сүргөн. Бирок алар да Кудай тарабынан жазаланышкан. Жүйүттүн падышаларынын айрымдары гана Кудайдын пайгамбарларынын эскертүүлөрүнө кулак кагып, элдин жүрөгүн чыныгы Кудайга бурууга аракет кылышкан. Алардын бири Жошия болгон. Ал Жүйүт жериндеги жалган кудайларга сыйынууну токтотуу үчүн иш-аракеттерди кылып, Жахабанын ибадатканасын калыбына келтирген. Кудайдын Муса пайгамбар аркылуу берген мыйзамынын көчүрмөсү табылганда, Жошия падыша абдан таасирленип, элди чыныгы Кудайга бурууга ого бетер чечкиндүү болгон.

Тилекке каршы, Жошиядан кийинки падышалар анын жолун жолдошкон эмес. Андыктан Жахаба бабылдыктарга Иерусалимди жана андагы ибадаткананы талкалап, Жүйүт падышалыгын басып алууга жол берген. Ал эми тирүү калгандары Бабылга туткундалып кетишкен. Кудай алардын туткунда 70 жыл болорун айткан. Алдын ала айтылгандай, Жүйүт жери, эл туткундан кайра кайтып келгиче, ээн жаткан.

Ошондон тартып Убадаланган Куткаруучу — Машаяк — такка отурганга чейин Дөөтүнүн тукумунан эч ким падышалык кылган эмес. Анын тукумунан чыккан падышалардын көбүнүн башкаруусунан адам адамдын үстүнөн бийлик жүргүзүүгө жөндөмсүз экени айкын болгон. Ооба, бир гана Машаяк бийлик жүргүзүүгө жөндөмдүү. Ошол себептүү Жахаба Дөөтүнүн тукумунан чыккан падышалардын акыркысына: «Таажыңды алып кой... ал Кимге таандык болсо, Ошол келгенге чейин ошондой болот, Мен аны Ошого берем»,— деген (Жезекиел 21:26, 27).

1, 2 Падышалар китебине, 2 Жылнаама 10—36-бөлүмдөргө жана Жеремия 25:8—11-аяттарга негизделди.