Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

15-бөлүк

Туткунда жүргөн пайгамбарга келечек жөнүндө аян берилет

Туткунда жүргөн пайгамбарга келечек жөнүндө аян берилет

Даниел Кудайдын асмандагы өкмөтү жана Машаяктын келиши жөнүндө пайгамбарлык кылат. Бабыл кулайт

КУДАЙГА бекем ишенген Даниел деген бир өспүрүм Иерусалим талкаланганга чейин эле Бабылга туткундалып кеткен болот. Ага жана аны менен бирге Жүйүт жеринен туткундалып кеткен бир нече жүйүткө кандайдыр бир деңгээлде эркиндик берилген. Даниел Бабылда узак убакыт жашап, Кудайдан көптөгөн баталарды алган. Мисалы, арстандар жаткан орго ташталса да, аман калган, ошондой эле алыскы келечек жөнүндө Кудайдан аян алган. Даниел Машаяк жана анын башкаруусу жөнүндө көптөгөн маанилүү пайгамбарлыктарды айткан.

Даниелге Машаяктын качан келери айтылган. Даниелге Кудайдын эли күтүп жүргөн Машаяктын качан келери айтылган. Ал келгенге чейин Иерусалимдин дубалдарын кайра тургузуп, калыбына келтирүү жөнүндө буйрук чыккандан 69 жума өтүшү керек эле. Бир жумада жети күн бар, ал эми бул жерде айтылган жуманын ар бири жети жылдан турат. Ошол буйрук Даниелдин көзү өткөнүнөн көп убакыт өткөндөн кийин, б.з.ч. 455-жылы, чыккан. 483 жылга созулган 69 «жума» б.з. 29-жылы аяктаган. Ушул китепченин кийинки бөлүмдөрүнөн ошол жылы эмне болгондугу жөнүндө кеңири маалымат алабыз. Ошондой эле Даниелге Машаяктын «жок кылынары», башкача айтканда, күнөөлөрдүн жуулушу үчүн «өлүм жазасына тартылары» аян аркылуу ачылып берилген (Даниел 9:24—26).

Машаяктын асмандан бийлик жүргүзөрү алдын ала айтылган. Даниел өзгөчө бир аянда Жахабанын тактысына «адам Уулуна окшогон бирөөнүн» — Машаяктын — келгенин көргөн. Ошондо Жахаба ага «бийлик, даңк жана падышачылыкты» берген. Ошол Падышалык түбөлүккө турмак. Даниел пайгамбарга Машаяк башкарган Падышалык жөнүндө дагы бир өзгөчөлүк ачылып берилген. Машаяк Падышалыкта жалгыз эмес, «Бардыгынан Жогору Тургандын ыйык эли» деп аталган топ менен чогуу башкармак (Даниел 7:13, 14, 27).

Кудайдын Падышалыгы азыркы өкмөттөрдү жок кылат. Кудай Даниелге Бабылдын падышасы Небухаданасардын тынчын алган түштүн маанисин ачып берет. Падыша түшүндө башы таза алтындан, көкүрөгү менен колдору күмүштөн, курсагы менен сандары жезден, шыйрактары темирден болгон, ал эми бут кетмени темир менен чопонун аралашмасынан турган чоң бурканды көрөт. Анан тоодон бир таш учуп келип, ошол буркандын бут кетменине келип тийгенде, ал быркыранып кетет. Даниел Небухаданасар падышага буркандын алтындан турган башы Бабыл империясын, ал эми кийинки бөлүктөрү биринен кийин бири келе турган дүйнөлүк империяларды билдирерин түшүндүрөт. Пайгамбар ошол империялардын акыркысы башкарып турган маалда Кудайдын Падышалыгы ишке киришерин көргөн. Ал Падышалык азыркы дүйнөнүн бардык өкмөттөрүн талкалап, өзү түбөлүк турат (Даниел 2-бөлүм).

Даниел пайгамбар узак жашап, Бабылдын кулаганын өз көзү менен көргөн. Кореш падыша Бабылды пайгамбарлыкта кандай айтылса, так ошондой басып алган. Ошондон көп өтпөй жүйүттөр туткундан бошотулган. Алар, пайгамбарлыкта айтылгандай эле, ээн калган мекенине 70 жылдан кийин кайтып келишкен. Ошентип, жүйүттөр ишенимдүү адамдардын — башкаруучулардын, ыйык кызмат кылуучулардын жана пайгамбарлардын — жетеги астында Иерусалимдин дубалдарын кайра тургузуп, Жахабанын ибадатканасын калыбына келтиришкен. Даниелдин пайгамбарлыгындагы 483 жыл өткөндөн кийин кандай окуя болмок?

Даниел китебине негизделди.