Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

16-бөлүк

Машаяктын келиши

Машаяктын келиши

Жахаба назареттик Исанын көптөгөн кылымдар мурун эле убада кылынган Машаяк экенин ачып берген

ЖАХАБА адамдарга убадаланган Машаякты аныктап-билүүгө жардам бергенби? Албетте. Келгиле анда, анын кантип жардам бергенин карап көрөлү. Эврей Жазмаларынын жазылып бүткөнүнө төрт кылымдай болуп калган эле. Ошондо Галилея аймагынын түндүгүндө жайгашкан Назарет шаарында жашаган Мариям деген кызга Жебирейил периште келет. Периште кызга, ал турмушка чыга элек болсо да, Кудайдын ыйык рухунун, башкача айтканда, кереметтүү күчүнүн таасири астында боюна бүтүп, уул төрөөрүн айтат. Андан төрөлө турган бала түбөлүккө бийлик жүргүзө турган, көптөр күтүп жүргөн Падыша болмок. Ал Кудайдын Уулу деп аталмак, анын өмүрү асмандан Мариямдын жатынына көчүрүлмөк.

Кудайдын периште аркылуу айткандарын Мариям сыймык катары көрүп, момундук менен кабыл алат. Ошол маалда Мариям Жусуп деген уста жигит менен баш кошууга убадалашып койгон эле. Кудай ошол жигитке периштесин жиберип, Мариямдын боюна кандайча бүтүп калганын түшүндүргөндөн кийин, ал кызга үйлөнөт. Ал эми Машаяктын Бейт-Лехем шаарында төрөлөрү жөнүндөгү пайгамбарлык кандайча аткарылмак? (Михей 5:2). Айта кетчү нерсе, Бейт-Лехем Назареттен 140 километрдей алыстыкта жайгашкан чакан шаар болгон.

Рим башкаруучусу элди каттоодон өткөрүү жөнүндө буйрук чыгарат. Ошол буйрукка ылайык, ар бир кишиден төрөлгөн жерине барып каттоодон өтүү талап кылынган. Жусуп менен Мариям экөө тең Бейт-Лехемден болгондуктан, Жусуп ай-күнүнө жетип калган аялын алып, ошол шаарды көздөй жөнөйт (Лука 2:3). Ал жактан Мариям баласын малканада төрөп, акырга жаткырат. Ошондо Кудай көптөгөн периштелерин тоо боорунда малын күзөткөн койчуларга убадаланган Машаяктын төрөлгөнүн айттырыш үчүн жиберет.

Кийинчерээк башкалар да Исанын убадаланган Машаяк экенин күбөлөндүрүшмөк. Алсак, Ышая пайгамбар Машаяктын маанилүү ишине жол даярдай турган кимдир бирөөнүн келе турганын алдын ала айткан (Ышайа 40:3). Ал чөмүлдүрүүчү Жакан эле. Жакан Исаны көргөндө үнүн бийик чыгарып: «Мына, Кудайдын Козусу! Ал бул дүйнөнү күнөөдөн арылтат»,— деген. Жакандын шакирттеринин айрымдары ошол замат Исанын артынан ээрчишкен. Алардын бири: «Биз Машаякты таптык»,— деп айткан (Жакан 1:29, 36, 41).

Исанын Машаяк экенин далилдей турган дагы да башка окуялар болгон. Жакан Исаны сууда чөмүлдүргөндө, Жахаба ыйык руху аркылуу Исанын Машаяк экенин билдирип, асмандан: «Бул — менин сүйүктүү Уулум, мен аны колдойм»,— деп айткан (Матай 3:16, 17). Ошентип, көптөн күткөн Машаяк да келген!

Бул канчанчы жылы болгон? Даниел пайгамбар айткан 483 жыл өткөндөн кийин, тактап айтканда, б.з. 29-жылы. Ооба, Даниелдин айткандары — Исанын Машаяк экендигинин күчтүү далилдеринин бири. Иса Машаяк жерге келгенде эмне жөнүндө кабар айтмак?

Матай 1—3-бөлүмдөргө, Марк 1-бөлүмгө, Лука 2-бөлүмгө жана Жакан 1-бөлүмгө негизделди.