Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

18-бөлүк

Иса кереметтерди жасаган

Иса кереметтерди жасаган

Иса падыша болгондо күчүн кандайча колдонорун кереметтери аркылуу көрсөткөн

КУДАЙ Исага бир да адам кыла албай турган иштерди кылууга күч берген. Иса көп жолу топ элдин алдында кереметтерди жасаган. Ошол керемет иштер Исанын жеткилең эмес адамдар күрөшүп жеңе албай келген, адамзатты мүңкүрөткөн кыйынчылыктарды жеңүүгө күчү бар экенинин айкын далили болгон. Келгиле, алардын айрымдарына токтололу.

Ачарчылык. Исанын сууну эң жогорку сапаттагы шарапка айландырышы анын эң биринчи керемети болгон. Ал бир эмес, эки жолу миңдеген ачка адамдарды бир нече нан жана балык менен тойгузган. Эки жолкусунда тең тамак-аш кенен жетип, ашып да калган.

Оору-сыркоо. Иса адамдарды «ар кандай оору-дарттардан» айыктырган (Матай 4:23). Алсак, ал сокурлардын көзүн, дүлөйлөрдүн кулагын ачып, пес оорулууларды, талмасы барларды, аксактарды, майыптарды жана мунжуларды сакайткан. Кыскасы, Иса айыктыра албаган бир да оору болгон эмес.

Табигый кырсыктар. Бир жолу Иса шакирттери менен Галилея деңизинин аркы өйүзүнө кайык менен сүзүп баратканда, деңизде катуу шамал башталат. Ошондо шакирттери абдан коркуп кетишет. Иса болсо деңизди карап: «Басыл! Тынчы!» — дейт. Ошол замат шамал тып басылат (Марк 4:37—39). Ал эми бир жолу деңизде катуу толкун болуп жатканда, ал суу үстүнөн баскан (Матай 14:24—33).

Жин-перилер. Жин-перилер адамдардан алда канча күчтүү. Көптөгөн адамдар Кудайдын ушул душмандарынын таасиринен бошоно албай келишет. Бирок Исанын адамдардан жиндерди кууп чыгып, алардын таасиринен бошоткон учурлары көп болгон. Иса жин-перилерден эмес, тескерисинче, жин-перилер Исадан коркушкан. Анткени жиндер Исанын алардын үстүнөн бийлиги бар экенин билишкен.

Өлүм. Адам баласы, акыр-аягы, «акыркы душман» өлүмгө моюн сунат (1 Корунттуктар 15:26). Бирок Иса өлгөндөрдү тирилте алат. Ал бир жесир аялдын уулун жана кайгырып күйүткө батып турган ата-эненин кызын тирилткен. Ал эми бир жолу өзгөчө окуя болгон. Ал өлгөнүнө төрт күн болгон досу Лазарды сөөк коюуга келген көпчүлүктүн көзүнчө тирилткен. Исаны жок кылгысы келген душмандары да анын керемет жасаганын танган эмес (Жакан 11:38—48; 12:9—11).

Иса тирилткен кишилердин баары кайра эле өлүшкөн. Анда Иса ошол кереметтерди эмне үчүн жасаган? Ооба, анын жасаган кереметтеринин пайдасы болбой койгон эмес. Ошол кереметтер убадаланган Падышанын башкарары жөнүндө айтылган пайгамбарлыктардын баары курулай сөздөр эмес экенин далилдеген. Ошондуктан Кудай дайындаган Падышанын ачарчылыкты, оору-сыркоону, табигый кырсыктарды, жин-перилерди жана өлүмдү биротоло жок кыларына эч күмөн санабасак болот. Иса аталып өткөндүн баарын жок кылууга Кудайдан бийлик алганын эчак эле көрсөткөн.

Матай, Марк, Лука жана Жакан китептерине негизделди.