Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

21-бөлүк

Иса тирилтилет

Иса тирилтилет

Иса шакирттерине кеңеш берип, бекемдөө үчүн көрүнөт

ИСАНЫН өлгөнүнөн үч күн өткөндөн кийин ага ишенген аялдар мүрзөгө келип, анын оозундагы таштын жылып калганын көрүшөт; мүрзө бош калган эле.

Анан эки периште пайда болот да, алардын бири аялдарга: «Силердин устунга кадалган назареттик Исаны издеп жүргөнүңөрдү билем. Ал тирилди»,— дейт (Марк 16:6). Аялдар бул тууралуу элчилерге билдирүү үчүн ошол замат чуркап жөнөшөт. Жолдо баратып Исанын өзүнө жолугушат. Иса аларга: «Коркпогула! Барып, биртуугандарыма кабарлагыла: алар Галилеяга барышсын. Мени ошол жерден көрүшөт»,— деп айтат (Матай 28:10).

Ошол эле күнү кечинде Исанын эки шакирти Иерусалимден Эммаус деген айылды көздөй кетип бара жаткан болот. Бир чоочун киши аларга кошулуп, эмне жөнүндө сүйлөшүп бара жатышканын сурайт. Ал тирилтилген Иса болчу. Бирок башында алар аны тааныган эмес. Капаланып турган ал экөө Иса жөнүндө сүйлөшүп бара жатышканын айтышат. Ошол чоочун киши аларга Машаякка тиешелүү Жазмадагы пайгамбарлыктарды түшүндүрүп бере баштайт. Ооба, Машаякка байланыштуу пайгамбарлыктардын баары майда-чүйдөсүнө чейин аткарылган *. Шакирттер ошол чоочун кишинин периште катары тирилтилген Иса экенин билишкенде, Иса көздөн кайым болуп кетет.

Ал экөө дароо Иерусалимге кайтып келишет. Ал жактан эшикти бекитип алып чогулуп отурушкан элчилерди табышат. Аларга болгон окуяны айтып берип жатышканда, Иса пайда боло калат. Үрөйү учуп, коркуп кеткен элчилер көргөн көздөрүнө ишене албай туруп калышат. Иса алардан: «Эмнеге жүрөгүңөрдө шек санап жатасыңар?» — деп сурайт, анан Ыйык Жазмада «Машаяк азап чегип, өлүп, үчүнчү күнү тирилери» жөнүндө жазылганын айтат (Лука 24:38, 46).

Иса тирилтилгенден кийин 40 күндүн ичинде шакирттерине бир нече жолу көрүнөт. Бир жолкусунда 500дөн ашуун шакиртине көрүнөт. Ал: «Баргыла да, бардык элдерден шакирт даярдагыла. Аларды... силерге буйруганымдын баарын аткарууга үйрөткүлө. Дүйнө түзүлүшү аяктаганга чейин, мен ар күнү силер менен болом»,— деген буйрукту, кыязы, ошондо айтса керек (Матай 28:19, 20).

Он бир элчиси менен болгон акыркы жолугушуусунда Иса аларга: «Үстүңөргө ыйык рух түшкөндө, күч аласыңар да... жердин учу-кыйырына чейин менин күбөлөрүм болосуңар»,— деп убада берет (Элчилер 1:8). Ошондон кийин Иса алардын көз алдында асманга көтөрүлөт да, булут каптап көрүнбөй калат.

Матай 28, Марк 16, Лука 24, Жакан 20, 21-бөлүмдөргө жана 1 Корунттуктар 15:5, 6-аяттарга негизделди.

^ Машаяк жөнүндөгү пайгамбарлыктардын кандайча аткарылганы тууралуу билүү үчүн ушул китепченин 17—19-беттерин жана «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 199—201-беттерин карагыла.