Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

22-бөлүк

Элчилер тайманбастык менен кабар айтышат

Элчилер тайманбастык менен кабар айтышат

Исанын жолдоочуларынын жыйналышы куугунтуктарга карабай дүркүрөп өсө берген

ИСА асманга көтөрүлүп кеткенден он күн өткөндөн кийин, б.з. 33-жылы, анын 120га чукул шакирти жүйүттөрдүн Элүүнчү күн майрамына Иерусалимдеги бир үйгө чогулушат. Күтүлбөгөн жерден катуу шамал болуп жаткандай добуш угулуп, алар отурган үйдүн ичин жаңыртат. Ошондо керемет болуп, шакирттер өздөрү билбеген башка тилдерде сүйлөй башташат. Алар кандайча башка тилдерде сүйлөп калышкан? Анткени Кудай аларга ыйык рух берген эле.

Майрамга ар кайсы жерден ар улуттагы адамдар келгендиктен, эшикте көп эл турган. Исанын шакирттеринин алардын тилинде эркин сүйлөп жатканын көргөн эл айран-таң калат. Эмне болуп жатканын түшүндүрүп, Петир элдин көңүлүн Жоелдин пайгамбарлыгына бурат. Ал пайгамбарлыкта Кудайдын ошол жерде чогулгандарга табияттан тыш жөндөмдүүлүктөргө ээ кыла турган ыйык рухун «төгөрү» айтылган эле (Жоел 2:28, 29). Ошондо Кудай эми ырайымын ысрайыл элине эмес, Исанын жолдоочуларынын жаңы уюшулган жыйналышына төккөндүгү ыйык рух аркылуу айкын болгон. Демек, ошондон тартып Кудайга жаккыдай кызмат кылгысы келгендер Исанын жолдоочусу болушу керек болчу.

Убакыт өткөн сайын каршылыктар күчөйт. Бир жолу куугунтуктоочулар элчилерди камакка алышат. Бирок ошол эле түнү Жахабанын периштеси аларды түрмөдөн бошотуп, андан ары да кабар айта берүүнү буйрат. Алар так ошондой кылышат. Таң атары менен ибадатканага келишип, Иса жөнүндөгү жакшы кабарды элге айта башташат. Аларга каршы болгон диний кызматчылар ачууланып, кабар айтууга тыюу салышат. Ал эми элчилер эч коркпостон: «Биз адамдарга эмес, биринчи кезекте башкаруучубуз Кудайга баш ийишибиз керек»,— деп жооп беришет (Элчилер 5:28, 29).

Куугунтук күчөгөндөн күчөй берет. Жүйүттөрдүн айрымдары Исанын жолдоочусу Степанды Кудайга акарат келтирип жатат деп айыпташып, таш бараңга алып өлтүрүшөт. Ошол маалда Шабыл деген тарстык киши Степандын өлтүрүлүшүн колдоп, карап турган эле. Кийин ал Исанын жолун жолдогондордун кимисин болбосун камакка алуу үчүн Дамаск шаарына жөнөйт. Жолдо бара жатканда, асмандан жарык түшүп айлана жарык боло калат да, мындай деген үн угулат: «Шабыл, Шабыл, эмне үчүн мени куугунтуктап жатасың?» Жарыктан көзү көрбөй калган Шабыл: «Сен кимсиң?» — деп сурайт. Анан: «Мен... Исамын»,— деген үндү угат (Элчилер 9:3—5).

Үч күндөн кийин Иса Анания деген шакиртин Шабылдын көзүн айыктырууга жиберет. Шабыл чөмүлтүлүп, Иса жөнүндөгү кабарды тайманбастык менен айта баштайт. Кийинчерээк ал элчи Пабыл деген ат менен белгилүү болуп, Исанын жолдоочуларынын жыйналышында ынталуулук менен кызмат кылган.

Исанын шакирттери Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды жүйүттөр менен самариялыктарга эле айтышчу. Бирок бир жолу Кудайдан корккон Корнелий деген римдик аскер башчыга бир периште келип, элчи Петирге киши жиберип аны чакыртууну буйруйт. Элчи Петир аныкына бир нече киши менен келип, ага жана анын үй-бүлөсүнө кабар айтат. Петир сүйлөп жатканда, Корнелийдин үйүндөгүлөрүнө ыйык рух түшөт. Ошондо Петир аларга Исанын атынан чөмүлтүлүүгө буйрук берет. Ошентип, бардык улуттар үчүн түбөлүк өмүргө жол ачылат. Ошондон кийин жыйналыштагылар жакшы кабарды жердин булуң-бурчунда жашаган бардык улуттарга айта башташкан.

Элчилер 1:1—11:21-аяттарга негизделди.