Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

24-бөлүк

Пабылдын жыйналыштарга жазган каттары

Пабылдын жыйналыштарга жазган каттары

Пабылдын жазган каттары Исанын биринчи кылымдагы жолдоочуларын кайраттандырган

ИСАНЫН жолдоочуларынын жаңы уюшулган жыйналышы Жахабанын эркинин аткарылышына чоң салым кошкон. Бирок көп өтпөй жыйналыштагылар каршылыктарга дуушар болушкан. Алар ошол куугунтуктарга жана жыйналыштын ичиндеги ар кандай кыйынчылыктарга карабай Кудайга болгон берилгендигин сакташканбы? Грек Жазмаларынан жыйналыштарга алар муктаж болгон кеңештерди жана кайраттандырарлык сөздөрдү камтыган 21 кат жазылганын биле алабыз.

Ошол каттардын он төртүн — Римдиктерге жазылган каттан Эврейлерге жазылган катка чейинкисин — элчи Пабыл жазган. Ал каттар жеке бир адамга же айрым бир жыйналышка жолдонуп, ошол адамдын же жыйналыштын атынан аталып калган. Келгиле, Пабылдын каттарындагы айрым ойлорго токтололу.

Адеп-ахлактуулукка жана жүрүм-турумга байланыштуу кеп-кеңештер. Бузуктук, ойноштук кылгандар жана башка олуттуу күнөө жасагандар «Кудайдын падышалыгын мурасташпайт» (Галатиялыктар 5:19—21; 1 Корунттуктар 6:9—11). Кудайдын кызматчылары ар кайсы улуттан болгонуна карабай биримдикте болушу керек (Римдиктер 2:11; Эфестиктер 4:1—6). Мындан тышкары, алар муктаж болуп турган ишенимдештерине эч аянбастан, чын жүрөктөн жардам бериши абзел (2 Корунттуктар 9:7). Ошондой эле Пабыл «үзгүлтүксүз тиленүүгө» чакырган. Ооба, Жахабанын кызматчылары ага жүрөгүнүн түпкүрүндөгү сырларын, кубанычын, кайгысын айтып кайрыла алышат (1 Тесалоникалыктар 5:17; 2 Тесалоникалыктар 3:1; Филипиликтер 4:6, 7). Кудай күчтүү ишеним менен айтылган тиленүүлөрдү угат (Эврейлер 11:6).

Үй-бүлө канткенде бактылуу-таалайлуу болот? Ан үчүн күйөөлөр зайыптарын өзүн сүйгөндөй сүйүшү, зайыптар болсо күйөөлөрүн терең урматташы керек. Ал эми балдар ата-энесинин тилин алышы талап, анткени бул Кудайга жагат. Ата-энелер болсо балдарына Кудайдын Ыйык Китепте жазылган кеңештери боюнча мээримдүүлүк менен таалим-тарбия бериши зарыл (Эфестиктер 5:22—6:4; Колосалыктар 3:18—21).

Кудайдын ой-ниетинин ачылып берилиши. Ысрайыл эли Машаяк келгенге чейин Кудайдын Муса пайгамбар аркылуу берген мыйзамы боюнча жашап келген (Галатиялыктар 3:24). Бирок азыр Исанын жолдоочулары үчүн ошол мыйзамдарга кармануунун зарылдыгы жок. Пабыл жүйүт ишенимдештерине жазган катында Муса пайгамбар аркылуу берилген мыйзамдын маанисин жана Кудайдын Машаякка байланыштуу ой-ниетинин кандайча аткарылгандыгын түшүндүрүп, Мусанын мыйзамынын келечекте боло турган окуялар менен кандай байланышы бар экенин көрсөткөн. Алсак, жаныбарларды курмандыкка чалууга байланыштуу мыйзам адамзатты күнөөдөн арылтуу үчүн Исанын өзүн курмандыкка береринен кабар берген (Эврейлер 10:1—4). Иса өлгөндөн кийин Кудайдын ысрайыл эли менен түзгөн Мыйзам келишими күчүн жоготуп, жаныбарларды курмандыкка чалуунун зарылдыгы болбой калган (Колосалыктар 2:13—17; Эврейлер 8:13).

Жыйналыш жакшы уюшулушу үчүн берилген жетекчилик. Жыйналышта жоопкерчиликтерди аркалагысы келген бир туугандар жаман ишке барбаган, адептүү, ошондой эле Ыйык Китепте жазылган талаптарга жооп берген адамдардан болушу керек (1 Тиметей 3:1—10, 12, 13; Тит 1:5—9). Жахабанын кызматчылары бири-бирин кайраттандыруу үчүн дайыма чогулуп турушу зарыл (Эврейлер 10:24, 25). Жыйналышка келген ар бир адам сергип, пайдалуу нерселерге үйрөнгүдөй болушу керек (1 Корунттуктар 14:26, 31).

Пабыл Тиметейге экинчи катын жазган маалда Римде камакта сот өкүмүн күтүп жаткан эле. Ага ишенимдештеринин бир азы гана өмүрүн тобокелге салып түрмөгө келишкен. Пабыл өлөрүнө аз калганда: «Мен ийгиликтүү күрөштүм, жарыштын аягына чыктым, ишенимимди сактадым»,— деп жазган (2 Тиметей 4:7). Сыягы, Пабылды ошондон көп өтпөй эле кыйнап өлтүрүшсө керек. Анын каттары Кудайдын азыркы кызматчылары үчүн күнү бүгүнкүдөй пайдалуу.

Римдиктер, 1, 2 Корунттуктар, Галатиялыктар, Эфестиктер, Филипиликтер, Колосалыктар, 1, 2 Тесалоникалыктар, 1, 2 Тиметей, Тит, Филемон жана Эврейлер китептерине негизделди.