Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китептеги кабар корутунду

Ыйык Китептеги кабар корутунду
  1. Жахаба Адам менен Обону бейиште түбөлүк жашоого жараткан. Шайтан Кудайдын ысмына тил тийгизип, Анын башкарууга болгон укугуна байланыштуу талаш суроо көтөргөн. Адам менен Обо Шайтан тарапты ээлеп, өздөрүн жана укум-тукумун күнөө менен өлүмгө дуушар кылган

  2. Жахаба козголоңчуларды жазага тарткан. Шайтанды жок кыла турган жана козголоң менен күнөөнүн кесепеттерин жоё турган Куткаруучунун, Тукумдун, келерин убадалаган

  3. Жахаба Ыбрайым менен Дөөтүгө түбөлүккө бийлик жүргүзө турган Тукумдун, Машаяктын, алардын тукумунан чыгарын айткан

  4. Кудай пайгамбарлары аркылуу Машаяктын адамзатты күнөө менен өлүмдөн арылтарын айттырган. Кудайдын Падышалыгынын Падышасы Машаяк өзү менен чогуу башкара тургандар менен бирге согушту, оору-сыркоону жана өлүмдү жок кылат

  5. Жахаба Уулу Исаны жерге жиберип, анын Машаяк экенин ачып берген. Иса Падышалык жөнүндө кабар айткан жана өз өмүрүн адамзат үчүн курмандыкка берген. Кудай аны периште катары тирилтип алган

  6. Жахаба Уулун асмандагы такка отургузганда, бул дүйнөнүн акыркы күндөрү башталган. Иса азыр жолдоочуларына Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды жердин учу-кыйрына жеткирүүгө жардам берип келет

  7. Жахаба Уулуна жер үстүнөн падышалык кылууга бийлик берген. Анын Падышалыгы азыркы өкмөттөрдү кыйратып, жерди бейишке айландырат да, адил адамдарды жеткилеңдикке жеткирет. Акыры, Кудайдын башкарууга укуктуу экени далилденип, ысмы түбөлүккө ыйыкталат