Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Сен эмнеге ишенесиң?

Сен эмнеге ишенесиң?

Көптөгөн фундаменталисттер Жер планетасы жана андагынын баары бир нече миң жыл мурун алты сутканын ичинде эле жаратылган дегенге ишенишет. Ал эми айрым атеисттер: «Кудай жок, Ыйык Китепте жазылгандардын баары уламыш, тиричилик болсо кокустуктан пайда болгон»,— деп ырасташат.

Бири бирине карама-каршы келген ушул эки көз караштын кайсынысына кармануу керектигин билбегендер да аз эмес. Сенин бул китепчени окуп жатканың ушул үч топтун бирине кирериңди көрсөтүшү мүмкүн. Балким, сен Кудайга жана Ыйык Китепте айтылгандарга ишенеттирсиң. Ошол эле учурда тиричилик өзүнөн өзү пайда болгон деп ырастаган жогорку билимдүү, беделдүү окумуштуулардын көз карашын сыйлайттырсың. Эгер балдарың бар болсо, алардын эволюцияга жана жаратууга байланыштуу берген суроолоруна кантип жооп берсе болорун ойлоноттурсуң.

Китепченин максаты

Бул китепченин максаты фундаменталисттердин же Кудайга ишенбегендердин көз карашын шылдыңга алуу эмес. Китепче сага буга чейин карманып келген көз карашыңдын эмнеге негизделерин дагы бир сыйра карап чыгууга түрткү берет деп үмүттөнөбүз. Китепчеде жаратууга байланыштуу Ыйык Китепте жазылган билдирүүлөр түшүндүрүлөт. Балким, сен ал билдирүүлөр тууралуу көп деле ойлончу эместирсиң. Китепчеде ошондой эле тиричиликтин пайда болушуна байланыштуу эмнеге ишенериң маанилүү экени баса белгиленет.

«Акылман Жараткан жок жана Ыйык Китепте айтылгандарга ишенүүгө болбойт»,— дегендердин ырастоолоруна ишенесиңби? Же Ыйык Китепте чынында эмнелер айтылганын текшерип көрөсүңбү? Ыйык Китепте жазылгандар ишенүүгө татыктуубу же эволюционисттердин ырастоолорубу? (Эврейлер 11:1). Келгиле анда, далилдерди карап чыгалы.