Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмнеге ишенериң маанилүүбү?

Эмнеге ишенериң маанилүүбү?

Кандай деп ойлойсуңар, жашоонун маңызы барбы? Эволюционист Уильям Провайн мындай деген: «Эволюция жөнүндө билгендерибиз жашоонун маңызына болгон көз карашыбызга абдан чоң таасир этти». Ал муну менен эмнени айткысы келген? «Ааламдын бар болушунун жана жашоонун эч кандай маңызы жок экенин көрүп турам»,— деген ал32.

Айтылгандардын маанисин талдап көрөлү. Жашоонун маңызы жок болсо, анда жашооңдо аздыр-көптүр жакшылык кылгандан жана тукум улагандан башка максат жок дей бер. Анан бир күнү өмүрүң менен кош айтышып кете бересиң. Ой жүгүртүүгө, тыянак чыгарууга жана жашоонун маңызы тууралуу ойлонууга жөндөмдүү кылган мээбиз болсо тек гана табияттын кокустугунан улам пайда болгон орган бойдон кала бермек.

Бирок бул дагы эчтеке эмес. Эволюцияны жактагандардын көбү Кудай таптакыр жок же бар болсо да, адамзаттын жашоо-тиричилигине кызыкдар эмес деп эсептешет. Анда биздин келечегибиз саясатчылардан, окумуштуулардан жана диний жетекчилерден гана көз каранды болуп калмак. Тарыхтан айкын көрүнүп тургандай, коом баш аламандыктын, жаңжал-чатактын, паракорчулуктун чеңгелинде кала бермек. Эволюция теориясы чындык болсо, анда «тагдырга» баш ийип: «Ичип-жейли, анткени эртең өлөбүз»,— деген көз караш менен жашай берүү туура болмок (1 Корунттуктар 15:32).

Бирок мындай көз караштан айырмаланып, Ыйык Китепте: «Өмүрдүн булагы Сенде [Кудайда]»,— делет (Забур 35:10). Бул сөздөр чынында эле терең мааниге ээ.

Ыйык Китепте айтылгандар туура болсо, анда жашоонун маңызы бар. Жараткан Кудайдын эркине жараша жашоону тандагандардын бардыгына карата анын сүйүүгө негизделген ой-ниети бар (Насаатчы 12:13). Жараткандын ниети боюнча, адамдар келечекте баш аламандык, паракорчулук, согуш-жаңжал, атүгүл өлүм да болбой турган дүйнөдө жашайт (Забур 36:10, 11; Ышайа 25:6—8).

Дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар Кудайды таанып-билүүдөн жана ага баш ийүүдөн башка эч бир нерсе жашоону маңыздуу кыла албай турганына ишенишет (Жакан 17:3). Алардын ишеними жөн гана куру кыялга негизделген эмес. Тоодой сөздүн томуктай түйүнүн айта турган болсок, жашоо-тиричилик максаттуу түрдө жаратылган.