Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

2-БӨЛҮК

Кудай деген ким?

Кудай деген ким?

Бир эле чыныгы Кудай бар. Анын ысмы — Жахаба (Забур 83:18). Биз аны көрө албайбыз, анткени ал асманда жашайт. Ал бизди сүйөт жана биздин да аны сүйүшүбүздү, ошондой эле башка адамдарды да сүйүшүбүздү каалайт (Матай 22:35—40). Ал — ааламдын Эгедери. Бардык нерсе анын колунан бүткөн.

Кудай эң алгач зор күчкө ээ болгон бир периштени жараткан. Ошол периште кийинчерээк Иса Машаяк катары белгилүү болгон. Жахаба башка периштелерди да жараткан.

Жахаба асмандагы... жана жердеги нерселердин баарын жараткан (Аян 4:11).

Жахаба Кудай жылдыздарды, жерди жана андагы нерселердин баарын жараткан (Башталыш 1:1).

Кудай Адам атаны топурактан жараткан (Башталыш 2:7).