Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

6-БӨЛҮК

Топон суу жөнүндөгү билдирүүдөн эмнеге үйрөнө алабыз?

Топон суу жөнүндөгү билдирүүдөн эмнеге үйрөнө алабыз?

Кудай ыймансыздарды жок кылып, Нухтун үй-бүлөсүн сактап калган (Башталыш 7:11, 12, 23).

Жаан 40 күн, 40 түн жаап, жер бети суу астында калган. Жаман адамдар өлүшкөн.

Козголоңчул периштелер адамдардыкындай денесин калтырып, асманга кетип, жин-пери болуп калышкан.

Кемедегилер аман калышкан. Нух жана анын үй-бүлөсү кийинчерээк өлүшкөн, бирок Кудай аларды тирилтип, түбөлүк өмүр берет.

Кудай ыймансыздарды кайрадан жок кылып, жакшы адамдарды аман алып калат (Матай 24:37—39).

Шайтан жана жин-перилер адамдарды азыр да азгырууда.

Бүгүн көптөр, Нухтун күндөрүндөгүдөй эле, Кудайдын жетекчилигин четке кагууда. Жахаба жакында ыймансыз адамдардын баарын жок кылат (2 Петир 2:5, 6).

Айрымдар, Нухка окшоп, Кудайдын тилин алып, анын айткандарын аткарууда. Алар — Жахабанын Күбөлөрү.