Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

8-БӨЛҮК

Исанын өлүмү силер үчүн эмнени билдирет?

Исанын өлүмү силер үчүн эмнени билдирет?

Иса биз өмүргө ээ болушубуз үчүн өлгөн (Жакан 3:16).

Исанын өлгөнүнөн үч күн өткөндөн кийин бир нече аял анын мүрзөсүнө барып, мүрзөнүн бош калганын көргөн. Жахаба Исаны тирилткен.

Иса кийин шакирттерине көрүнгөн.

Жахаба Кудай Исаны күчтүү, өлбөс периште кылып тирилткен. Шакирттери Исанын асманга көтөрүлүп баратканын көрүшкөн.

Кудай Исаны тирилтип, асмандагы өкмөттүн Падышасы кылып дайындаган (Даниел 7:13, 14).

Иса адам баласы үчүн өмүрүн кун катары берген (Матай 20:28). Ошол кундун негизинде Кудай бизге түбөлүк өмүр берет.

Жахаба Исаны жер жүзүнө бийлик кыла турган Падыша кылып дайындаган. Асманда жашоо үчүн тирилтилген 144000 ишенимдүү киши Иса менен бирге бийлик жүргүзөт. Иса жана анын 144000 кошо башкаруучусу асмандагы өкмөттү — Кудайдын Падышалыгын — түзүшөт (Аян 14:1—3).

Кудайдын Падышалыгы жерди бейишке айлантат. Согуштар, кылмыштуулук, жакырчылык жана ачарчылык эч качан болбойт. Адамдар чындап бактылуу болушат (Забур 145:16).