Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1-БӨЛҮМ

Жахабанын Күбөлөрү деген кимдер?

Жахабанын Күбөлөрү деген кимдер?

Дания

Тайвань

Венесуэла

Индия

Силер Жахабанын Күбөлөрүн тааныйсыңарбы? Балким, алар менен кошуна тураттырсыңар, чогуу иштейттирсиңер же чогуу окуйттурсуңар. Же алар менен Ыйык Китепте жазылгандар жөнүндө сүйлөшкөндүрсүңөр. Жахабанын Күбөлөрү чынында кимдер? Эмне үчүн алар бардык адамдарга Кудай жөнүндө айтышат?

Кадимки эле адамдарбыз. Биз тек жайы, социалдык абалы ар кандай адамдардан турган элбиз. Кээ бирөөлөрүбүз мурун башка динди тутуп келсек, айрымдарыбыз Кудайга такыр ишенчү эмеспиз. Бирок Жахабанын Күбөсү болордон мурун ар бирибиз Ыйык Китепти кылдат изилдеп чыкканбыз (Элчилер 17:11). Окуп-билгендерибиздин баары чындык экенине ынангандан кийин Жахаба Кудайга сыйынууну чечкенбиз.

Ыйык Китепти изилдөөдөн пайда алып жатабыз. Бардык адамдардай эле, биз да көптөгөн кыйынчылыктарга кабылабыз. Биздин да алсыз жактарыбыз бар. Бирок Ыйык Китептеги кеңештерди күн сайын колдонуунун аркасында жашообуз кыйла жакшырды (Забур 128:1, 2). Мына ошондуктан Ыйык Китепте жазылгандар тууралуу башкаларга айтабыз.

Кудайдын мыйзамдарына бекем карманабыз. Кудайдын мыйзамдарына карманып жашагандын аркасында жан дүйнө бейкуттугуна ээбиз. Ошондой эле башкаларга чынчылдык, боорукердик жана урмат-сый менен мамиле кылабыз. Ыйык Китептеги кеңештер коомго пайда алып келген адамдардан болгонго жардам берет жана жубайларга бири-бирине берилгендигин сактаганга түрткү берип, үй-бүлө түйүнүн бекемдейт. Биз «Кудайдын бет карама эмес экенин» билебиз. Андыктан саясий кагылышууларга, ар кайсы улуттан, ар кандай расадан болгонубузга карабай, бир үй-бүлөдөй болуп, биримдикте жашайбыз. Биз кадимки эле адамдардан болсок да, өзгөчө элбиз (Элчилер 4:13; 10:34, 35).

  • Жахабанын Күбөлөрү кадимки эле адамдар деп эмне үчүн айтууга болот?

  • Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепти изилдөөдөн кандай пайда алып жатышат?