Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

2-БӨЛҮМ

Биз эмне үчүн Жахабанын Күбөлөрү деп аталабыз?

Биз эмне үчүн Жахабанын Күбөлөрү деп аталабыз?

Нух пайгамбар

Ыбрайым пайгамбар менен Саара

Муса пайгамбар

Иса Машаяк

Көптөр Жахабанын Күбөлөрүн кийин эле пайда болгон деп ойлошот. Бирок 2 700 жылдан ашуун убакыт мурун эле Кудайга кызмат кылган эл анын «күбөлөрү» деп аталган (Ышая 43:10—12). Биз 1931-жылга чейин Ыйык Китепти Изилдөөчүлөр деп аталып келгенбиз. Анда эмне үчүн кийинчерээк Жахабанын Күбөлөрү деп аталып калганбыз?

Жахабанын Күбөлөрү деп аталганыбыз Жахаба Кудайга сыйынарыбызды көрсөтүп турат. Ыйык Китептин байыркы кол жазмаларында «Жахаба» деген ысым 7 000дей жолу кездешет. Бирок Ыйык Китептин көптөгөн котормолорунда Кудайдын ысымынын ордуна «Теңир», «Кудай» деген наамдарды жазып коюшкан. Кудай Муса пайгамбарга өзүнүн ысымы Жахаба экенин айтып: «Бул — менин түбөлүккө калчу ысмым»,— деген (Чыгуу 3:15). Ушундайча ал жалган кудайлардан айырмаланарын көрсөткөн. Биз Кудайдын ыйык ысымы менен аталганыбызга сыймыктанабыз.

Жахабанын Күбөлөрү деп аталганыбыз кандай иш аткарып жатканыбызды көрсөтөт. Байыркы убактан бери эле, Адам атанын уулу Абылдан тартып, адил адамдар Жахаба Кудайга бекем ишенерин далилдеп келишкен. Ыбрайым пайгамбар менен аялы Саара, Нух пайгамбар, Муса пайгамбар, Дөөтү пайгамбар жана башка көптөгөн адамдар Кудайдын «күбөлөрү» деп аталышкан (Еврейлер 11:4—12:1). Сотто айыпсыз адамды жактаган күбөлөрдөй болуп, биз да Кудай жөнүндөгү чындыкты башкаларга айтууга чечкиндүүбүз.

Иса пайгамбардын жолун жолдойбуз. Ыйык Китепте Иса пайгамбар «ишенимдүү, чыныгы күбө» деп аталган (Аян 3:14). Ал Кудайдын ысымын адамдарга «ачып бергенин» жана «чындык жөнүндө күбөлөндүрүш үчүн... дүйнөгө келгенин» айткан (Жакан 17:26; 18:37). Анын жолдоочулары да Кудайдын ысымы менен аталышы жана ал ысымды башкаларга жарыялашы керек. Ошондуктан биз, Жахабанын Күбөлөрү, ушуга ылайык иш кылууга умтулабыз.

  • Ыйык Китепти Изилдөөчүлөр эмне себептен Жахабанын Күбөлөрү деп аталып калышкан?

  • Жахаба Кудайдын күбөлөрү кайсы убактан бери бар?

  • Жахабанын эң көрүнүктүү күбөсү ким?