Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

3-БӨЛҮМ

Ыйык Китептеги чындык кандайча кайрадан ачылган?

Ыйык Китептеги чындык кандайча кайрадан ачылган?

Ыйык Китепти изилдөөчүлөр, 1870-жылдар

«Күзөт мунарасынын» биринчи саны, 1879-жыл

Бүгүнкү күндөгү «Күзөт мунарасы»

Ыйык Китепте Иса пайгамбар өлгөндөн кийин анын жолдоочуларынын арасынан жалган шакирттер чыгып, Ыйык Китепте жазылгандарды бурмалай турганы алдын ала айтылган (Элчилер 20:29, 30). Убакыттын өтүшү менен Иса пайгамбардын айткандарын жалган динди туткандардын көз карашы, үрп-адаттары менен аралаштырып салган адамдар чыккан (2 Тиметей 4:3, 4). Анда бүгүнкү күндө Ыйык Китепте айтылгандарды туура-так түшүнүп жатканыбызга кантип ынансак болот?

Жахаба Кудай чындыкты ачып бере турган убак келген. Ал «акыркы убакта» «чыныгы билимдин» көбөйө турганын айткан (Даниел 12:4). 1870-жылы Кудай жөнүндө чындыкты билгиси келген адамдардын чакан тобу чиркөөдө окуткан нерселердин көбү Ыйык Китепке дал келбесин түшүнүшкөн. Андыктан алар Ыйык Китепти кылдат изилдей башташкан. Кудай алардын иш-аракетине батасын берип, Ыйык Китепти терең түшүнгөнгө жардам берген.

Жүрөгү таза адамдар Ыйык Китепти кылдат изилдешкен. Алгачкы Ыйык Китепти Изилдөөчүлөр Ыйык Китепти азыркы учурда биз изилдегендей эле ыкма менен изилдешкен. Алар бир теманы тандап алып, ал туурасында Ыйык Китепте эмне делерин талкуулашкан. Андан соң кийинки темага өтүшкөн. Кайсы бир теманы түшүнүү кыйын болуп калганда башка аяттарды да изилдеп чыгышчу. Анын Ыйык Китептин башка жеринде айтылгандарына дал келерине ынанышкандан кийин бир жыйынтыкка келип, ал тууралуу жазып коюшчу. Ошентип, алар Ыйык Китепте жазылгандарды Ыйык Китептин башка жеринде жазылгандардын жардамы менен түшүнүшкөн. Натыйжада Кудайдын ысымын билип, анын асмандагы өкмөтү, ой-ниети, адам өлгөндө эмне болору, өлгөндөрдүн тирилери жөнүндөгү чындыкты түшүнүшкөн. Ошон үчүн алар жалган динден чыгып, Кудайга жакпаган үрп-адаттардан арылышкан (Жакан 8:31, 32).

1879-жылы Ыйык Китепти Изилдөөчүлөр Ыйык Китептен билгендерин жарыялоого убакыт келгенин түшүнүшкөн. Андыктан ошол жылдан тартып «Күзөт мунарасы» журналын басып чыгара башташкан. Ал журнал бүгүнкү күнгө чейин чыгып келет. Учурда биз Ыйык Китепте жазылгандарды 240 өлкөдө жарыялап, 750дөн ашуун тилде адабият басып чыгарып жатабыз. Тарыхта Кудай тууралуу кабар эч качан мынчалык деңгээлде тараган эмес!

  • Иса пайгамбар өлгөндөн кийин эмне болгон?

  • Ыйык Китептеги чындык кандайча кайрадан ачылган?