Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

4-БӨЛҮМ

«Жаңы дүйнө котормосу» эмне үчүн чыгарылган?

«Жаңы дүйнө котормосу» эмне үчүн чыгарылган?

Конго (Киншаса)

Руанда

Симмахтын котормосунда Забур 69:31-аятта Кудайдын ысымы кездешет, б.з. 3- же 4-кылымы.

Жахабанын Күбөлөрү ондогон жылдардан бери Ыйык Китептин ар кандай котормолорун колдонуп, басып чыгарып, таратып келишкен. Кудай ар бир адамдын «чындыкты так таанып-билишин каалайт», андыктан биз Ыйык Китепти көпчүлүккө түшүнүктүү кылып которуу зарыл экенин түшүндүк (1 Тиметей 2:3, 4). Ошондуктан 1950-жылдан тартып Ыйык Китептин айрым бөлүктөрү которулуп, жарык көрө баштаган. Ал котормо Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» деп аталат. Андан бери ал 130дан ашык тилге, анын ичинде кыргыз тилине так-айкын жана түшүнүктүү болуп которулду.

Баарына түшүнүктүү кылып которуу зарыл болгон. Тил убакыт өткөн сайын өзгөрүп, айрым сөздөр эскире бергендиктен, Ыйык Китептин көптөгөн котормолорун түшүнүү кыйынга туруп калган. Ыйык Китептин түп нускасы еврей, арамей, грек тилдеринде жазылган. Кийинчерээк ошол түп нускадан көп айырмаланбаган байыркы кол жазмалар табылгандыктан ал тилдердин өзгөчөлүктөрүн түшүнүү оңоюраак болуп калган.

Түп нускада кандай болсо, ошондой кылып которуу зарыл болгон. Ыйык Китепти которгондор Кудай пайгамбарларга жаздырган Ыйык Жазманы өтө эркин которуудан качып, түп нускада кандай болсо, ошондой кылып которушу керек болчу. Бирок көптөгөн котормолордо Жахаба Кудайдын ысымы алынып салынган.

Кудайды даңктагыдай кылып которуу зарыл болгон. (2 Шемуел 23:2). Ыйык Китептин түп нускасында Кудайдын ысымы 7 000дей жолу кездешет. Төмөндө көрсөтүлгөндөй, «Жаңы дүйнө котормосунда» Кудайдын ысымы түп нускада кездешкен жерлердин баарына коюлган (Забур 83:18). Бир нече жыл кылдат изилденгенден кийин жаралган бул котормодо Кудайдын сөзү так берилген жана ал окуганга абдан оңой. Силерди Ыйык Китепти «Жаңы дүйнө котормосу» болобу, же башка котормо болобу, күн сайын окууга чакырабыз (Жашыя 1:8; Забур 1:2, 3).

  • Ыйык Китептин жаңы котормосун иштеп чыгуу эмне үчүн зарыл болгон?

  • Кудайдын ой-ниети жөнүндө билгиси келгендер күн сайын эмне кылышы керек?