Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

6-БӨЛҮМ

Пикирлешүүдөн кандай пайда алабыз?

Пикирлешүүдөн кандай пайда алабыз?

Мадагаскар

Норвегия

Ливан

Италия

Биз жолдун узактыгына, бороон-чапкынга карабай жыйналыштарга дайыма барабыз. Турмушта кыйынчылыктар көп болсо да, жумуштан кийин чарчашса да, Жахабанын Күбөлөрү эмне үчүн жыйналыштарга барууга бүт күчүн жумшашат?

Кыйынчылыктарды көтөрүүгө жардам берет. Кудайдын бир пайгамбары: «Бири-бирибизге көңүл бөлөлү»,— деп жазган (Еврейлер 10:24). «Бири-бирибиз» деген сөз айкашы өз ичине жыйналыштагылардын баарын камтыйт. Пайгамбардын бул сөздөрү бири-бирибизди ойлоо жана бири-бирибизди жакшы билүү дегенди билдирет. Андыктан бул сөздөр бири-бирибизге кам көрүүгө түрткү берет. Иса пайгамбарды жолдогон үй-бүлөлөр менен жакыныраак таанышуунун аркасында алардын айрымдарынын биздикине окшогон эле кыйынчылыктар менен күрөшүп жатканын билебиз. Бул бизге да кыйынчылыктар менен күрөшүүгө жардам берет.

Чыныгы досторду таба алабыз. Жыйналыштагылар биздин жакын досторубуз болуп эсептелет. Кээде алар менен чогуу эс алабыз. Бул бизге кандай пайда алып келет? Чогуу убакыт өткөрүп, эс алганда бири-бирибизди көбүрөөк баалаганга үйрөнөбүз, ошондой эле биримдигибиз чыңалат. Биз жакын достордон болгондуктан кыйынчылык учурунда бири-бирибизге жардам беребиз (Накыл сөздөр 17:17). Жыйналыштагылар менен пикир алмашканыбыз бири-бирибизге кам көрөрүбүздү айгинелеп турат (1 Корунттуктар 12:25, 26).

Биз силерди Кудайдын эркин аткаргандар менен дос болууга чакырабыз. Андай досторду Жахабанын Күбөлөрүнүн арасынан табасыңар. Андыктан биздин жыйналыштарга келүүгө эч нерсенин тоскоол болушуна жол бербегиле.

  • Жыйналыштарга баруудан кандай пайда алабыз?

  • Жыйналышка качан келүүнү ойлонуштуруп жатасыңар?