Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

7-БӨЛҮМ

Жыйналыштарыбыз кандайча өткөрүлөт?

Жыйналыштарыбыз кандайча өткөрүлөт?

Жаңы Зеландия

Жапония

Уганда

Литва

Кудайдын байыркы убактагы эли жыйналыштардан Кудайды даңктаган ырларды ырдап, Ыйык Китепти окуп, окуп-билгендерин талкуулашчу. Андай жыйналыштарда эч кандай диний каадалар өткөрүлчү эмес (1 Корунттуктар 14:26). Бүгүнкү күндө да жыйналыштар так ушундайча өткөрүлөт.

Жыйналыштан Ыйык Китепке негизделген кеңештер айтылат. Дем алыш күндөрү ар бир жыйналышта Ыйык Китепке негизделген 30 мүнөттүк баяндама айтылат. Андай баяндамаларда Ыйык Китепте айтылгандардын биздин күндөргө жана жашообузга кандай тиешеси бар экени баса белгиленет. Келгендердин баары Ыйык Китебин ачып, окулган аяттарды карап отурууга чакырылат. Баяндамадан кийин «Күзөт мунарасы» журналынын изилдөөгө арналган санындагы макала талкууланат. Ал бир саатка созулат. Талкууга баары катыша алат. Андай макалалар Ыйык Китептеги кеңештерди колдонууга жардам берет. Дүйнө жүзүндөгү 110 000ден ашуун жыйналыштарда бир эле макала талкууланат.

Мыкты окутууга үйрөнөбүз. Иш күндөрү кечкисин үч бөлүктөн турган «Ыйык кызматыбыз жана жашообуз» деген жолугушуу өткөрүлөт. Ал ай сайын чыгуучу «Ыйык кызматыбыз жана жашообуз» окуу куралындагы маалыматка негизделет. Жолугушуунун «Кудайдын Сөзүндөгү кенч» деген биринчи бөлүгү бизге Ыйык Китептен алдын ала окуп келген бөлүмдөрдү тереңирээк түшүнүүгө жардам берет. Ал эми «Кабар айтуу чеберчилигиңди арттыр» деген бөлүгүндө башкалар менен Ыйык Китептин негизинде кантип талкуу жүргүзсө болоруна байланыштуу демонстрациялар көрсөтүлөт. Дайындалган бир тууган окуу жана сүйлөө чеберчилигин жакшыртууга көмөк кылган кеңештерди берет (1 Тиметей 4:13). «Кудайдын кызматчыларынын жашоосу» деген акыркы бөлүгүндө болсо Ыйык Китептеги принциптерди күндөлүк жашообузда кантип колдонсок болору талкууланат. Ал бөлүктөгү суроо-жооп иретинде өткөрүлө турган талкуу Ыйык Китепти тереңирээк түшүнүүгө өбөлгө түзөт.

Жыйналышка келгенде программанын жогорку деңгээлде өткөрүлөрүн көрүп таң каларыңар күмөнсүз (Ышая 54:13).

  • Жыйналыштардан эмнелер тууралуу уга аласыңар?

  • Жыйналыштардын кайсынысына катышууну каалайсыңар?