Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

10-БӨЛҮМ

Үй-бүлө менен сыйынуу кечи деген эмне?

Үй-бүлө менен сыйынуу кечи деген эмне?

Түштүк Корея

Бразилия

Австралия

Гвинея

Жахаба Кудай эзелтеден бери эле үй-бүлө мүчөлөрүнүн Аны менен жана бири-бири менен болгон мамилесинин бекем болушун каалап келет (Мыйзам 6:6, 7). Ошондуктан Жахабанын Күбөлөрү жума сайын үй-бүлө менен сыйынуу кечин өткөрүп, муктаждыгына жараша ылайыктуу темаларды талкуулап турушат. Бойдоктор да өздөрү каалаган теманы тандап, ал тууралуу Ыйык Китепте эмне делерин изилдешет. Силер да ушундай кылсаңар болот.

Кудайга жакындатат. Ыйык Китепте: «Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт»,— деп жазылган (Жакып 4:8). Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында Жахаба Кудайдын касиет-сапаттары, кылган иштери жөнүндө көбүрөөк биле алабыз. Үй-бүлө менен сыйынуу кечин Ыйык Китепти үн чыгарып окуудан баштаган жакшы болот. Балким, Теократиялык кызмат мектебинде талкуулана турган бөлүмдөрдү бөлүшүп алып окуйттурсуңар. Анан оюңарды ортого салып, окулган аяттардан эмнелерди билгениңерди айтып, талкууласаңар болот.

Үй-бүлөнү бири-бирине жакындатат. Ыйык Китепти чогуу изилдөө жубайларды жана ата-эне менен балдарды бири-бирине жакындатат. Сыйынуу кечи үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү чыдамсыздык менен күткөн кубанычтуу, жагымдуу учур болушу керек. Ата-энелер балдарынын жаш курагын эске алып, ылайыктуу темаларды тандап, мисалы, «Күзөт мунарасы» жана «Ойгонгула!» журналдарына же jw.org сайтына чыккан рубрикаларды талкуулай алышат. Силер да балдарыңар менен сүйлөшүп, мектепте кандай кыйынчылыктарга кабылып жатканын, аларды кантип жеңсе болорун талкууласаңар болот. Же jw телеберүүсүн көрүп, аны талкуулагыла. Ошондой эле ошол жумадагы жыйналыш жолугушууларында ырдала турган ырларды ырдап, изилдеп бүткөндөн кийин эс алсаңар болот.

Жума сайын өткөрүлгөн сыйынуу кечи үй-бүлө мүчөлөрүнүн баарына Ыйык Китепти ынтызарлык менен изилдегенге жардам берет. Аны дайыма өткөрүүгө аракет кылсаңар, Жахаба Кудай батасын мол берет (Забур 1:1—3).

  • Үй-бүлө менен сыйынуу кечин өткөрүүгө эмне үчүн атайын убакыт бөлөбүз?

  • Үй-бүлө менен сыйынуу кечи баарына жагымдуу болушу үчүн ата-энелер эмне кылса болот?