Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

13-БӨЛҮМ

Пионерлер деп кимдерди айтабыз?

Пионерлер деп кимдерди айтабыз?

Канада

Үймө-үй кабар айтуу

Ыйык Китепти изилдөө

Өз алдынча изилдөө

«Пионер» деген сөз «изилденбеген жаңы өлкөгө биринчилерден болуп барып, анда жашай баштаган, башкаларга жол ачып, жол салган киши» дегенди билдирет. Бул сөздү кандайдыр бир мааниде Иса пайгамбарга карата да колдонууга болот. Анткени ал жерге келип, Кудай жөнүндө жарыялаган жана адамдардын куткарылышына жол ачкан (Матай 20:28). Бүгүнкү күндө анын жолдоочулары, андан үлгү алып, убактысынын көбүн «шакирт даярдоого» жумшашат (Матай 28:19, 20). Алардын айрымдары пионер болуп кызмат кылышат.

Пионерлер — убактысынын көбүн кабар айтууга жумшаган жарчылар. Жахабанын Күбөлөрүнүн баары жакшы кабарды таратышат. Бирок алардын айрымдары үзгүлтүксүз пионер болуп, айына 70 саат кабар айтышат. Алар көбүрөөк кабар айтыш үчүн жарым күндүк жумуштарда иштешет. Башкалары атайын пионер болушат. Алар жарчылар аз жерлерге көчүп барып, айына 130 саат же андан көп кабар айтышат. Пионерлер Кудайдын аларды зарыл нерселер менен камсыз кыларына бекем ишенгендиктен, колунда болгонуна ыраазы болуп жашашат (Матай 6:31—33; 1 Тиметей 6:6—8). Ал эми убактысынын көбүн кабар айтууга жумшай албагандар жылына бир ай көмөкчү пионер болуп, 30 же 50 саат кабар айтышат.

Пионерлер Кудайды жана адамдарды сүйгөндүктөн кабар айтышат. Биз, Иса пайгамбардай болуп, адамдардын Кудай жөнүндө жана анын ой-ниети жөнүндө билгенге муктаж экенин жакшы билебиз (Марк 6:34). Ошондуктан аларга Ыйык Китептен окуп-билгендерибизди айтып, азыркы оор учурда да жаркын келечектен үмүттөнүүгө жардам беребиз. Пионерлер адамдарды сүйгөндүктөн аларга Кудай жөнүндө айтыш үчүн убактысын да, күчүн да аяшпайт (Матай 22:39; 1 Тесалоникалыктар 2:8). Мунун аркасында пионерлердин Кудайга болгон ишеними бекемделип, аны менен мурункудан да ынак мамиледе болуп, кубанычы артат (Элчилер 20:35).

  • Пионерлер деп кимдерди айтабыз?

  • Айрымдарга убактысынын көбүн кабар айтууга жумшап, пионер болгонго эмне түрткү берет?