Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

14-БӨЛҮМ

Пионерлер үчүн караштырылган мектептер

Пионерлер үчүн караштырылган мектептер

Кошмо Штаттар

Гилат мектеби, Патерсон, Нью-Йорк

Панама

Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмунда теократиялык билимге дайыма чоң маани берилет. Ошондуктан Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды таратууга бүт убактысын жумшагандарга кызматын «толугу менен аткарууга» жардам бериш үчүн атайын мектептер уюштурулган (2 Тиметей 4:5).

Пионердик кызмат мектеби. Үзгүлтүксүз пионерлер бир жыл кызмат кылгандан кийин Пионердик мектептен билим алууга 6 күнгө чакырылышат. Адатта, мектеп аларга жакын жердеги Падышалык залында өткөрүлөт. Мектептин максаты — пионерлерге Жахаба менен болгон мамилесин бекемдөөгө, кызматын бардык жагынан натыйжалуу аткарууга жана андан ары да ­ишенимдүүлүк менен кызмат кылууга жардам берүү.

Падышалыктын жарчылары үчүн мектеп. Бул мектептен жарчыларга муктаждык бар жерлерге көчүп барууга даяр тажрыйбалуу пионерлер 2 ай билим алышат. Алар жакшы кабар таратуу жагынан мыкты үлгү калтырган Иса Машаяктыкындай маанай чагылдырып: «Мен барам! Мени жибер» — деп, даярдуулук көрсөтүшөт (Ышая 6:8; Жакан 7:29). Бөтөн жерге көчүп барганда аларга жөнөкөй жашоо-шарттарына, жаңы климатка, тамак-ашка, маданиятка көнүүгө туура келиши мүмкүн. Атүгүл жаңы тил үйрөнүү зарыл болушу ыктымал. Андыктан бул мектеп аларга зарыл сапаттарды өрчүтүүгө жана Жахаба Кудайдын жакшы куралы болуп, анын уюмуна көбүрөөк салым кошууга өбөлгө түзгөн шык-жөндөмдүүлүктөрдү өрчүтүүгө жардам берет. Ал мектепке 23төн 65 жашка чейинки бойдок ага-инилер, эже-карындаштар жана жубайлар чакырылат.

Ыйык китептик Гилат мектеби. Еврей тилинде «Гилат» деген сөз «күбө дөбө» дегенди билдирет. Гилат мектеби 1943-жылы негизделгенден бери, жакшы кабар «жердин учу-кыйырына чейин» таратылышы үчүн, 8 000ден ашуун миссионер дүйнөнүн чар тарабына жөнөтүлгөн. Натыйжада чоң ийгиликтер болгон (Элчилер 13:47). Алсак, миссионерлер жаңы барганда Перуда бир да жыйналыш жок болчу. Азыр ал жакта 1 000ден ашуун жыйналыш бар. Ал эми Жапонияга миссионерлер жиберилген учурда өлкөдө 10 чакты эле жарчы бар болчу. Учурда болсо 200 000ден ашуун Жахабанын Күбөсү бар. Окуу программасы 5 айга созулган бул мектепте Кудайдын Сөзү терең изилденет. Ага атайын пионерлер, миссионерлер, филиалда кызмат кылгандар, райондук көзөмөлчүлөр чакырылат. Ал мектептен билим алгандар дүйнө жүзүндө жүргүзүлүп жаткан ишти алга илгерилетүүгө көмөк кыла алышат.

  • Пионердик кызмат мектебинин максаты кандай?

  • Падышалыктын жарчылары үчүн мектепте кимдер окуй алат?