Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

17-БӨЛҮМ

Кыдыруучу көзөмөлчүлөр деген кимдер?

Кыдыруучу көзөмөлчүлөр деген кимдер?

Малави

Кабар айтуу жолугушуусу

Кабар айтуу

Аксакалдардын жолугушуусу

Ыйык Китепте элчи Пабыл менен анын шериги Барнаба жөнүндө көп айтылат. Алар 1-кылымда кыдыруучу көзөмөлчүлөр катары ар бир жыйналышты кыдырышкан. Анткени алар жыйналыштардагы бир туугандардын ишенимин бекемдеп, аларга Кудай ­менен жакын мамиледе болгонго жардам берүүнү каалашкан. Элчи Пабыл бир жолу Барнабага: «Жүр,.. туугандарга кайра барып, алардын ал-жайын билип келели»,— деген. Ооба, элчи Пабыл бир туугандардын Кудайга болгон ишенимин бекемдеш үчүн жүздөгөн чакырым жолду басып өткөнгө даяр болгон (Элчилер 15:36). Бүгүнкү күндөгү кыдыруучу көзөмөлчүлөр да ушундай кылууга умтулушат.

Кудайга болгон ишенимибизди бекемдешет. Райондук көзөмөлчүлөрдүн ар бири 20 чактыдай жыйналышты кыдырат. Ар бир жыйналышка жылына 2 жолу барып, алар менен бир жума кызматташат. Биз ушундай тажрыйбалуу көзөмөлчүлөрдөн, эгер үйлөнгөн болсо, алардын жубайларынан көп нерсеге үйрөнө алабыз. Алар жыйналыштагы жаштар менен да, улгайгандар менен да пикирлешкенге аракет кылышат жана биз менен чогуу кабар айтууну, Ыйык Китепти изилдеп жаткандарга барып, Кудай жөнүндө көбүрөөк билгенге жардам берүүнү каалашат. Мындан тышкары, жыйналыштагы аксакалдар менен бирге бизге көңүл буруп, Кудайга болгон ишенимибизди бекемдешет жана жыйналыштардан, чоң жыйындардан баяндама сүйлөшөт (Элчилер 15:35).

Баарыбызга чын дилден көңүл бурушат. Райондук көзө­мөлчүлөр ар бир жыйналыш жөнүндө жана алардын кызматын кандайча аткарып жатканы жөнүндө билүүгө ынтызар. Алар жыйналышта кандай ийгиликтер болуп жатканын билиш үчүн жана кеңештерди бериш үчүн аксакалдар, кызмат жардамчылары менен жолугушат. Ошондой эле пионерлерге кызматын жакшы аткарганга жардам беришет. Райондук көзөмөлчүлөр жаңыдан Жахабанын Күбөсү болгондор жөнүндө, алардын кылып жаткан ийгиликтери жөнүндө укканда абдан кубанышат. Ырас, алар — биздин жыргалчылыгыбыз үчүн «кызмат кылган... кызматташтарыбыз» (2 Корунттуктар 8:23). Биз алардыкындай бекем ишенимге ээ болуп, Кудайга берилгендикте кызмат кылгыбыз келет (Еврейлер 13:7).

  • Райондук көзөмөлчүлөр жыйналыштарды кандай максатта кыдырышат?

  • Алардын келишинен кандай пайда ала аласыңар?