Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

19-БӨЛҮМ

«Ишенимдүү жана акылдуу кул» деген ким?

«Ишенимдүү жана акылдуу кул» деген ким?

Кудай жөнүндөгү билим алуудан пайда алып жатабыз

Иса пайгамбар өлөрүнө аз калганда Петир, Жакып, Жакан жана Андрес деген шакирттери менен маанилүү нерселер жөнүндө сүйлөшүп отурган. Ал акыркы күндөрү кандай окуялар болорун айтып жатып: «Үйүндөгүлөрүнө өз убагында тамак берип турушу үчүн, кожоюн дайындаган ишенимдүү жана акылдуу кул ким?» — деген суроо узаткан (Матай 24:3, 45; Марк 13:3, 4). Ал кадимки тамак жөнүндө айткан эмес. Иса пайгамбар Кудай жөнүндөгү билимди тамакка салыштырган. Ал кожоюн катары шакирттерине акыркы күндөрдүн аягына чейин Кудай жөнүндөгү билимди өз убагында берип тура турган адамдардын тобун дайындаарын айткан. Ал топту кимдер түзмөк?

Ал кул — Иса пайгамбардын ыйык рух менен майланган жолдоочуларынан турган чакан топ. Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши ишенимдүү кул катары кызмат кылат жана ишенимдештерине Кудай тууралуу билимди өз убагында берип турат. Биз Кудай жөнүндөгү так билимди «өз убагында жетиштүү тамак берип турган» ишенимдүү жана акылдуу кулдан гана алабыз (Лука 12:42)

Ишенимдүү кул Кудайдын элине кам көрөт (1 Тиметей 3:15). Иса пайгамбар ишенимдүү кулга чоң жоопкерчиликти тапшырган. Ал кул Жахаба Кудайдын жердеги уюмунда аткарылып жаткан иштерге көзөмөл жүргүзөт. Бул өз ичине кабар айтуу ишин жетектөөнү, жыйналыштар аркылуу билим берүүнү жана уюмга тиешелүү мүлккө кам көрүүнү камтыйт. Кудай жөнүндө билимди өз убагында берип туруш үчүн «ишенимдүү жана акылдуу кул» биз кызматта колдонгон адабияттарды чыгарат жана жыйналыш жолугушууларынын, жыйындардын программасын даярдайт.

Иса пайгамбар дайындаган кулду Ыйык Китепте жазылгандарды так ­аткарганы жана Кудай жөнүндө жакшы кабар таратканы үчүн, ишенимдүү деп айта алабыз. Ошондой эле аны Иса Машаяктын жолдоочуларына эстүүлүк менен кам көрүп жатканы үчүн акылдуу деп айтсак болот (Элчилер 10:42). Кудайдын элинин санынын барган сайын өсүп жатканы жана ишенимдүү, акылдуу кулдун Кудай жөнүндөгү так билимди дүйнөнүн чар тарабына жеткирип жатканы Кудайдын ал кулга батасын берип жатканын далилдеп турат (Ышая 60:22; 65:13).

  • Кудай жөнүндө билим берүүгө Иса пайгамбар кимдерди дайындаган?

  • Кудайдын элине кам көргөнгө дайындалган кулду эмне үчүн ишенимдүү жана акылдуу деп айтууга болот?