Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

20-БӨЛҮМ

Жетектөөчү Кеңеш бүгүнкү күндө кандай иш алпарат?

Жетектөөчү Кеңеш бүгүнкү күндө кандай иш алпарат?

1-кылымдагы жетектөөчү кеңеш

Жетектөөчү кеңештен келген кат

Биринчи кылымда «Иерусалимдеги элчилер менен аксакалдардан» турган кичине топ Кудайдын элине тиешелүү болгон маа­нилүү чечимдерди чыгарып турган (Элчилер 15:2). Бир жолу олуттуу маселе көтөрүлгөндө, алар чыгарылган чечимди бир добуштан кабыл алышкан. Анткени аны Ыйык Китепте жазылгандардын негизинде жана Кудайдын ыйык рухунун жетеги менен чечишкен (Элчилер 15:25). Бүгүнкү күндө Жетектөөчү Кеңеш алардын үлгүсүнө карманат.

Кудай Жетектөөчү Кеңешти өз эркин ишке ашыруу үчүн колдонот. Жетектөөчү Кеңешке Иса пайгамбардын майланган жолдоочулары кирет. Алар Ыйык Китепти терең изилдейт жана кабар айтуу ишине, динге байланыштуу суроолорду анда жазылгандардын негизинде чечет. Алар Жахабанын Күбөлөрүнө байланыштуу маселелерди чечиш үчүн жума сайын кеңешме өткөрүп турушат. 1-кылымдагыдай эле, Кудайдын элине кат аркылуу же кыдыруучу көзөмөлчүлөр башкалар аркылуу Ыйык Китепке негизделген көрсөтмөлөрдү, кеңештерди берип турушат. Мунун аркасында Кудайдын элинин арасында биримдик өкүм сүрүп, баары эриш-аркак кызмат кылышат (Элчилер 16:4, 5). Жетектөөчү Кеңеш Кудай жөнүндөгү билимди камтыган ар кандай адабияттардын даярдалышын, жыйналыштарда жетекчиликти колго ала турган бир туугандардын дайындалышын көзөмөлдөйт. Ошондой эле Кудайдын элин кабар айтууну жашоосунда биринчи орунга коюуга үндөп келет.

Алар Кудайдын ыйык рухуна жетектелет. Жетектөөчү Кеңеш Ааламдын Эгедери Жахаба Кудайдан жана жыйналыштын Башчысы Иса Машаяктан жетекчилик издейт (1 Корунттуктар 11:3; Эфестиктер 5:23). Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрү өздөрүн Кудайдын элинин башчылары катары эсептешпейт. Алар, Кудайдын ыйык руху менен майланган башка кызматташтарындай эле, Иса Машаяктын жетекчилигине толугу менен баш ийишет (Аян 14:4). Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрү биздин аларды колдоп жана ишине батасын беришин сурап Кудайдан тиленгенибизге абдан ыраазы болушат.

  • 1-кылымда кимдер жетектөөчү кеңештин мүчөсү болгон?

  • Бүгүнкү күндөгү Жетектөөчү Кеңеш Кудайдын жетегине баш ийгенин кантип көрсөтөт?