Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

21-БӨЛҮМ

Бейтел деген эмне?

Бейтел деген эмне?

Сүрөт бөлүмү, АКШ

Германия

Кения

Колумбия

Еврей тилиндеги «Бейтел» деген сөз «Кудайдын үйү» дегенди билдирет (Башталыш 28:17, 19, шилтеме). Андыктан Жахабанын Күбөлөрүнүн кабар айтуу ишин жетектөөдө колдонгон дүйнө жүзүндөгү имараттарынын Бейтел деп аталганы бекеринен эмес. Жетектөөчү Кеңеш Жахабанын Күбөлөрүнүн АКШнын Нью-Йорк штатында жайгашкан башкы башкармалыгында кызмат кылат жана көптөгөн өлкөлөрдөгү филиалдардын ишин ошол жактан көзөмөлдөйт. Филиалдарда кызмат кылгандар бир үй-бүлөдөй болуп, чогуу эмгектенишет, чогуу тамактанышат жана Ыйык Китепти чогуу изилдешет. Ошол себептен Бейтел үй-бүлөсү деп аталат (Забур 133:1).

Кудайдын ишин жан-дилден аткаргандар кызмат кылган жер. Дүйнө жүзүндөгү Бейтелдерде Кудайды сүйгөн жана бүт убактысын, күчүн анын ишин аткарганга жумшагысы келгендер кызмат кылат (Матай 6:33). Алар кылган эмгеги үчүн акы алышпайт, бирок аларга жатканга жай, тамак-аш берилет. Ошондой эле зарыл нерселерин сатып алганга жете турган бир аз өлчөмдөгү тыйын-тыпыр берилип турат. Алар ар кандай ишти аткарышат. Мисалы, айрымдары ашканада, басмаканада, китеп мукабалаган жерде, офистерде кызмат кылышат. Дагы башкалары болсо үй жыйнашат, кир жуушат, бузулуп калган нерселерди оңдошот жана башка ушу сыяктуу иштерди аткарышат.

Кабар айтуу ишинин кеңири таралышына өбөлгө түзгөн жер. Бейтелдердин эң негизги максаты Кудай жөнүндөгү Ыйык Китепте камтылган билимди мүмкүн болушунча көптөргө жеткирүү болуп эсептелет. Колуңардагы китепче буга далил боло алат. Бул китепче Жетектөөчү Кеңештин көзөмөлү астында жазылып, дүйнө жүзүндөгү жүздөгөн котормо топторуна электрондук түрдө жөнөтүлгөн. Андан соң айрым Бейтелдердеги жогорку ылдамдыкта иштеген басма машинелеринде басылып, дүйнөнүн чар тарабында жайгашкан 110 000ден ашуун жыйналыштарга жеткирилген. Ооба, Бейтелдерде кызмат кылгандардын баары маанилүү иштин аткарылышына, тагыраак айтканда, жакшы кабардын дүйнө жүзүнө таралышына чоң салым кошушат (Марк 13:10).

  • Бейтелде кимдер кызмат кылышат жана алар үчүн эмнелер караштырылган?

  • Бейтелде кызмат кылгандар кайсы иштин аткарылышына чоң салым кошушат?