Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

22-БӨЛҮМ

Бейтелде кандай иштер аткарылат?

Бейтелде кандай иштер аткарылат?

Соломон аралдары

Канада

Түштүк Африка

Бейтелдегилер ар кайсы бөлүмдөрдө кызмат кылып, Бейтел жайгашкан өлкөдөгү же бир нече өлкөдөгү кабар айтуу ишинин алга жылышына салым кошушат. Алар котормо бөлүмүндө, журналдарды басып чыгарган, китеп мукабалаган жерлерде, адабият жыйналган кампаларда, Ыйык Китепке негизделип жаздырылган аудио-видео дисктер чыгарылган жерде кызмат кылышат. Ошондой эле филиалдын карамагындагы аймакка байланыштуу болгон ар кандай иштерди аткарышат.

Филиалдын комитети көзөмөлдөө ишин аткарат. Жетектөөчү Кеңеш ар бир филиалдагы иштерди көзөмөлдөөнү филиалдын комитетине ишенип тапшырган. Филиалдын комитети тажрыйбалуу, жетилген үч же андан көп аксакалдан турат. Алар филиалга караштуу аймакта кабар айтуу ишинде кандай ийгилик болуп жатканын жана кандай көйгөйлөр туулуп жатканын Жетектөөчү Кеңешке билдирип турат. Бул Жетектөөчү Кеңешке жаңы адабияттарга эмнелерди жазыш керектигин, жыйналыш жолугушуулары менен жыйындардын программасына эмнелерди камтыш керектигин аныктаганга жардам берет. Жетектөөчү Кеңеш филиалдардын комитеттерине өз милдетин туура-так аткарганга жардам берген көрсөтмөлөрдү берип, жетектеп туруш үчүн филиалдарга өкүлүн жиберип турат (Накыл сөздөр 11:14). Башкы башкармалыктын ал өкүлү ошондой эле филиалдын карамагындагы жыйналыштарды бекемдей турган баяндама айтат.

Филиалдын аймагындагы жыйналыштарды көзөмөлдөйт. Филиалдагы жооптуу аксакалдар жаңы жыйналыштардын түзүлүшүн көзөмөлдөшөт. Андан сырткары, филиалдын аймагында кызмат кылган пионерлердин, миссионерлердин жана райондук көзөмөлчүлөрдүн ишин жетектешет. Алар жыйындарды уюштуруп, Падышалык залдарынын курулушуна, жыйналыштарга адабияттардын керектүү санда жетишине көз салышат. Ырас, филиалдарда аткарылып жаткан иштердин баары кабар айтуу ишинин уюшкандыкта жүргүзүлүшүнө өбөлгө түзөт (1 Корунттуктар 14:33, 40).

  • Филиалдардын комитеттери Жетектөөчү Кеңешке кантип жардам берет?

  • Филиалда кандай иштер аткарылат?