Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

24-БӨЛҮМ

Бүткүл дүйнөлүк ишибиз кандайча каржыланат?

Бүткүл дүйнөлүк ишибиз кандайча каржыланат?

Непал

Того

Улуу Британия

Биз жыл сайын Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды жүз миллиондогон нускада чыгарып, окугусу келгендерге бекер беребиз. Андан сырткары, Падышалык залдарын, Бейтел имараттарын курабыз жана маал-маалы менен оңдоп-түзөө иштерин жүргүзөбүз. Ошондой эле миңдеген миссионерлерди, Бейтелдерде кызмат кылгандарды камсыз кылып, табигый кырсыктан жапа чеккендерге жардам беребиз. Балким, силер: «Ушулардын баары кандайча каржыланат?» — деп таң калаттырсыңар.

Акча чогултуу талап кылынбайт. Кабар айтуу ишин жүргүзүүгө көп акча сарпталса да, башкалардан кайыр сурабайбыз. Бир кылымдан ашуун убакыт мурун «Күзөт мунарасы» журналынын экинчи санында кабар айтуу ишин Жахаба Кудай өзү колдооруна ишенерибиз айтылган. Ошондой эле: «Биз башкалардан эч качан кайыр сурабайбыз»,— деп жазылган. Айткандай эле, биз эч кимден кайыр сураган жокпуз (Матай 10:8).

Ишибиз ыктыярдуу тартуулар менен каржыланат. Ыйык Китептин негизинде билим берүү үчүн жүргүзүп жаткан ишибизге ыраазычылыгын билдирип, акчалай тартуу кылгандар аз эмес. Ал эми Жахабанын Күбөлөрү убактысын, күчүн, каражатын Кудайдын иши үчүн өз ыктыяры менен чын жүрөктөн жумшашат (1 Жылнаама 29:9). Падышалык залдарында жана жыйындар өткөрүлгөн жерлерде ыктыярдуу тартууларды салуу үчүн кутулар турат. Ал кутуларга чың көңүлдөн тартуу кылгысы келгендер акча сала алышат. Тартууну jw.org/ky сайтыбыз аркылуу кылса да болот. Ыктыярдуу тартуу кылгандардын көбү жупуну эле жашашат. Аларды Иса пайгамбардын күндөрүндө ибадатканадагы кутуга эки тыйын салган жакыр жесир аялга салыштырууга болот (Лука 21:1—4). Ыйык Китепте айтылгандай, ар ким «жүрөгүндө кандай чечсе, ошого жараша иш кылып», тартуу кылгысы келген акчасын «бөлүп койсо» болот (1 Корунттуктар 16:2; 2 Корунттуктар 9:7).

Кабар айтуу ишин колдоп, аны аягына чыгаруу үчүн баалуу нерселери менен Жахаба Кудайга «урмат көрсөткүсү» келгендердин жүрөгүн Кудай мындан ары да козгоп, түрткү берерине эч шектенбейбиз (Накыл сөздөр 3:9).

  • Биздин уюм башка диний уюмдардан эмнеси менен айырмаланат?

  • Ыктыярдуу тартуулар кандайча сарпталат?