Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

26-БӨЛҮМ

Падышалык залын күтө билүүгө кандай салым кошо алабыз?

Падышалык залын күтө билүүгө кандай салым кошо алабыз?

Эстония

Зимбабве

Монголия

Пуэрто-Рико

Жахабанын Күбөлөрүнүн Падышалык залдары Жахаба Кудайдын ысмы менен аталат. Андыктан жыйналыш өткөрүлгөн залдарыбызды тазалоону, жакшы абалда күтө билүүнү Кудайга кылган ыйык кызматыбыздын бир бөлүгү катары эсептейбиз. Мындай иш-чараларга жыйналышка келгендердин баары катыша алышат.

Жыйналыштан кийин залды тазалап-жыйнайбыз. Жахабанын Күбөлөрү ар бир жыйналыш өткөн сайын залды тазалап турушат. Ал эми бир айда бир жолу кылдат тазалап чыгышат. Ага залды шыпыруу, жууп-тазалоо, чаңын сордуруу, отургучтарды оңдоп-түзөө, залдын чаңын сүртүп чыгуу кирет. Ошондой эле дааратканаларды жууп, дезинфекциялашат, терезе, күзгүлөрдү жууп-тазалашат, таштандыларды чыгарып, короону шыпырышат. Аксакал же кызмат жардамчысы тазалоо ишин жетектеп, берилген көрсөтмөгө ылайык тазаланышына көз салат. Мындан сырткары, жылына бир жолу залдын ичи-сыртын кылдат тазалап, жыйнашат. Тазалоо ишине балдарыбызды да катыштырып, аларды жыйналыш өткөрүлгөн залды баалаганга үйрөтөбүз (Насаатчы 5:1).

Бузулган жерлерин оңдоп турабыз. Жыл сайын залдын ичинде же сыртында оңдой турган жерлер барбы, жокпу, текшерип, оңдоп турабыз. Мунун аркасында ашыкча чыгым болбойбуз (2 Жылнаама 24:13; 34:10). Ооба, Жахаба Кудай жөнүндө билим алып, ага сыйынган жерибиздин таза болгону абдан маанилүү. Залды тазалоо ишине катышуу менен Жахаба Кудайды сүйөрүбүздү жана жыйналыш өткөрүлгөн жайларды жогору баалаарыбызды далилдейбиз (Забур 122:1). Бул болсо тегерек-четтегилерге да жакшы таасир берет (2 Корунттуктар 6:3).

  • Жыйналыш өткөрүлгөн залдарыбызды тазалоого эмне үчүн олуттуу карашыбыз керек?

  • Падышалык залдарын таза кармаш үчүн кандай иш-чаралар көрүлөт?