Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

27-БӨЛҮМ

Падышалык залындагы китепкананы кантип колдонсок болот?

Падышалык залындагы китепкананы кантип колдонсок болот?

Израиль

Чех Республикасы

Бенин

Кайман аралдары

Ыйык Китепти тереңирээк изилдегиңер келеби? Анда жазылган аяттар, кишилер, жерлер жана башка нерселер жөнүндө көбүрөөк билүүнү каалайт белеңер? Балким, Ыйык Китепте айтылгандар кыйынчылыктарымды чечкенге жардам береби, жокпу, деп ойлонуп жүргөндүрсүңөр. Анда Падышалык залындагы китепканага келип, силерди кызыктырган темаларды изилдесеңер болот.

Китепканада изилдөө жүргүзүүгө керектүү нерселердин баары бар. Силерде Жахабанын Күбөлөрүнүн кыргыз тилиндеги адабияттарынын баары болбошу мүмкүн. Бирок жыйналыштар өткөрүлгөн залдардагы китепканалардан андай адабияттардын көпчүлүгүн табууга болот. Ал китепканаларда Ыйык Китептин ар кандай котормолору, сөздүктөр жана башка пайдалуу адабияттар бар. Жыйналышка чейин же андан кийин китепканадан китеп-журналдарды окусаңар болот. Эгер китепканада компьютер болсо, «Күзөт мунарасы коомунун электрондук китепканасын» да колдоно аласыңар. Бул электрондук китепканада Жахабанын Күбөлөрүнүн адабияттарынын дээрлик баары бар. Компьютерге керектүү сөздү же аятты жазып, андагы программанын жардамы менен керектүү теманы оңой эле табасыңар.

Китепкана «Ыйык кызматыбыз жана жашообуз» жолугушуусунда тапшырма менен чыга тургандар үчүн абдан пайдалуу. Берилген тапшырмаларга даярданыш үчүн залдагы китепкананы колдонсоңор болот. Китепканага «Ыйык кызматыбыз жана жашообуз» жолугушуусунун көзөмөлчүсү жооптуу. Ал китепкананы жаңы чыккан китеп-журналдар менен толуктап, алардын жакшы абалда болушуна кам көрөт. Ал же Ыйык Китепти изилдегенге жардам берип жаткан Жахабанын Күбөсү силерге китепканадан керектүү маалыматты кантип тапса болорун көрсөтүп бере алат. Бирок ал жердеги китеп-журналдарды үйгө алып кеткенге болбойт. Китепканадагы адабияттарды чийбей, бетине жазбай, аяр мамиле кылганыбыз акылдуулукка жатат.

Ыйык Китепте «Кудай жөнүндөгү билимди табыш» үчүн аны «катылган кенчти издегендей издешибиз» керектиги айтылат (Накыл сөздөр 2:1—5). Андыктан силерди Падышалык залындагы китепканага келип, Ыйык Китепти тереңирээк изилдөөгө ­чакырабыз.

  • Падышалык залындагы китепканада изилдөө жүргүзүүгө керектүү эмнелер бар?

  • Китепкананы колдонууга кимдер жардам бере алат?