Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

28-БӨЛҮМ

Биздин веб-сайттан кандай маалымат алууга болот?

Биздин веб-сайттан кандай маалымат алууга болот?

Франция

Польша

Орусия

Иса пайгамбар: «Башкалар жакшы иштериңерди көрүп, асмандагы Атаңарды даңкташы үчүн, силердин да жарыгыңар алардын алдында жаркырап турсун»,— деген (Матай 5:16). Биз жарыгыбызды жаркыратыш үчүн заманбап технологияны, анын ичинде Интернетти колдонуп жатабыз. Эмнелерге ишенерибиз, кандай иш аткарып жатканыбыз тууралуу так маалыматты www.pr418.com/ky, веб-сайтыбыздан алууга болот. Анын кандай өзгөчөлүгү бар?

Көптөрдү кызыктырган суроолордун жообу. Биздин сайттан көптөрдү кызыктырган суроолордун жообун табууга болот. Мисалы, «Азап-кайгыдан арылабызбы?», «Өлгөн адамдар кайра жашайбы?» деген баракчалар 600дөн ашуун тилде бар. Биздин сайтка Ыйык Китептин 130дан ашуун тилге которулган «Жаңы дүйнө котормосу» да коюлган. Ошондой эле Ыйык Китепти изилдөөгө жардам берген адабияттарды, мисалы, «Ыйык Китепте ­чынында эмне делет?» китебин, «Күзөт мунарасы» менен «Ойгонгула!» журналдарынын жаңы сандарын таба аласыңар. Көптөгөн адабияттарды веб-сайттын өзүнөн эле окуса, аудиожаздыруусун укса же MP3, PDF, EPUB форматтарын көчүрүп алса болот. Кудай жөнүндө билгиси келгендерге бериш үчүн алардын тилинде чыккан адабияттарды да көчүрүп алууга болот. Көптөгөн жаңдоо тилинде да адабияттар бар. Ыйык Китепке негизделген аудиодрамаларды жана уюм тарабынан чыгарылган жан эргиткен музыканы да көчүрүп алсаңар болот.

Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө так маалымат. Сайтта бизге байланыштуу акыркы жаңылыктар бар. Андан дүйнө жүзү боюнча аткарып жаткан ишибиз, эл аралык жыйындарыбыз, бизге каршы жүргүзүлгөн сот иштери, табигый кырсыктан жапа чеккендерге жардам бергенибиз тууралуу кыска видеотасмаларды да көрсөңөр болот. Ошондой эле боло турган жыйындар жөнүндө маалымат алып, филиалдардын дарегин, телефон номурларын биле аласыңар.

Ушундайча Кудай жөнүндөгү жакшы кабардын жарыгы жердин эң алыскы аймактарында жашагандарга да жетип жатат. Жакшы кабарды ар кайсы континентте, атүгүл Антарктидада жашагандар да угуп жатышат. Кудай даңкталышы үчүн, анын жакшы кабары жер бетине «тез тарай» беришин сурап тиленебиз (2 Тесалоникалыктар 3:1).

  • Ыйык Китеп жөнүндө көбүрөөк билгенге www.pr418.com/ky веб-сайты кандайча жардам берет?

  • Биздин сайттан эмне тууралуу маалымат алгыңар келет?