Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1-БӨЛҮМ

Кандай кабар айтылып жатат?

Кандай кабар айтылып жатат?

1. Кудай кандай кабар айттырып жатат?

Кудай адамдардын жер бетинде бактылуу болуп жашашын каалайт. Ал адамзатты сүйгөндүктөн жерди жана андагынын баарын жараткан. Жакында Кудай бүт жер жүзүн бейишке айлантып, адамдарды азап-кайгыдан арылтат. (Жеремия 29:11-аятты окугула.)

Бир да өкмөт ушул убакка чейин зордук-зомбулукту, ооруну, өлүмдү жок кыла алган жок. Ал эми Кудай жакында жер бетиндеги өкмөттөрдү кыйратып, өзүнүн өкмөтүн орнотот. Ал өкмөттүн жарандарынын ден соолугу чың болуп, бейкуттукта жашашат. (Ышая 25:8; 33:24; Даниел 2:44-аяттарды окугула.)

2. Жакшы кабарга кулак какканыбыз эмне үчүн маанилүү?

Кудай жер бетиндеги жаман адамдарды жок кылганда гана азап-кайгы түп-орду менен жок болот (Сепания 2:3). Бул качан болот? Ыйык Китепте биздин күндөрдө жашоо абдан оор болору алдын ала айтылган. Учурда болуп жаткан кайгылуу окуялар Кудайдын күнүнө аз калганын көрсөтүп турат. (2 Тиметей 3:1—5-аяттарды окугула.)

3. Биз эмне кылышыбыз керек?

Биз Ыйык Китептен Кудай жөнүндө билим алышыбыз керек. Ыйык Китепти мээримдүү атанын баласына жазган катына салыштырууга болот. Андан азыр канткенде бактылуу боло аларыбызды жана түбөлүк өмүр сүрүш үчүн эмне кылышыбыз керектигин билебиз. Айрымдар Ыйык Китепти изилдеп жатканыңарды жактырбашы мүмкүн. Бирок эч нерсенин тоскоол болушуна жол бербегиле. Анткени силерди алдыда эң сонун келечек күтүп турат. (Накыл сөздөр 29:25; Аян 14:6, 7-аяттарды окугула.)