Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

4-БӨЛҮМ

Ал атасын да, Жахабаны да кубанткан

Ал атасын да, Жахабаны да кубанткан

Иптах Жахабага эмне деп убада берген?

Кыйын болсо да, Иптахтын кызы атасынын убадасын аткарган

Сүрөттөгү кичинекей кызды көрүп жатасыңбы? — Ал — Иптах деген кишинин кызы. Ыйык Китепте анын аты жазылбаса да, биз анын атасын да, Жахабаны да кубантканын билебиз. Кел, ошол кыз менен анын атасы жөнүндө көбүрөөк билели.

Иптах жакшы киши болгон жана кызына Жахаба Кудай жөнүндө көп нерсе айтып берчү. Ал күчтүү, мыкты жоокер да болгон. Ошондуктан ысрайылдыктар душмандарына каршы согушканы жатканда андан аларды жетектеп барышын суранышкан.

Согушка барарда Иптах Кудайдан жардам сурап тиленген. Ал Жахабага: «Эгер мага жеңгенге жардам берсең, үйүмөн мени ким биринчи тосуп чыкса, аны сага берем»,— деп убадалайт. Ал адам Кудайдын ыйык чатырында жашап, ал жакта өмүрү өткөнчө кызмат кылмак. Ыйык чатырда адамдар Кудайга сыйынышчу. Ошентип, Иптах душмандарын жеңип алат. Үйүнө кайтып барганда аны ким биринчи тосуп чыкканын билесиңби?

Өзүнүн кызы. Иптахтын андан башка балдары жок болчу. Ал жалгыз кызын ыйык чатырга жиберүүгө аргасыз болуп, аябай капаланат. Ошентсе да ал Жахабага сөз берип койгон. Ошондо кызы: «Ата, эгер Жахабага убада берип койгон болсоңуз, анда аны аткарыңыз»,— дейт.

Иптахтын кызынын достору жыл сайын ага барып турушчу

Иптахтын кызы да капаланат. Анткени ал ыйык чатырда кызмат кылса, күйөөгө чыгып, балалуу боло албайт болчу. Ошого карабай атасы берген убаданы орундатып, Жахабаны кубанткысы келген. Бул ал үчүн күйөөгө чыгуудан, балалуу болуудан да алда канча маанилүү болгон. Ошентип, ал ыйык чатырга көчүп барып, ал жакта өмүрү өткөнчө кызмат кылган.

Ал атасын да, Жахабаны да кубантканбы? — Ооба, кубанткан. Сен да, Иптахтын кызындай болуп, Жахабаны жакшы көрүп, анын тилин алсаң, ата-энеңди да, Жахабаны да кубантасың.