Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

6-БӨЛҮМ

Дөөтү эр жүрөк болгон

Дөөтү эр жүрөк болгон

Сен корккондо эмне кыласың? — Атаң менен апаңа чуркап барасыңбы? Бирок сага жардам бере турган дагы бирөө бар. Ал баарынан күчтүү. Анын ким экенин билесиңби? — Ооба, ал — Жахаба. Кел азыр, байыркы учурда жашаган Дөөтү деген киши жөнүндө кеп кылалы. Жахабанын дайыма жардам берерин билгендиктен ал эчтекеден коркчу эмес.

Дөөтүнүн ата-энеси ага кичинекей кезинен баштап эле Жахаба менен ынак мамиле түзүүгө жардам берген. Ошон үчүн Дөөтү коркунучтуу бир нерсе болгондо да корккон эмес. Ал дайыма жардам бере турган Жахаба менен жакшы дос болчу. Бир жолу Дөөтү кой кайтарып жүргөндө, килейген арстан келип, бир коюн тиштеп көтөрүп кеткен. Ошондо Дөөтүнүн эмне кылганын билесиңби? Ал арстандын артынан кууп барып, эч кандай куралы жок эле аны өлтүрүп койгон. Дагы бир коюна аюу кол салганда, аны да өлтүрүп салган. Дөөтүгө ким жардам берген деп ойлойсуң? — Жахаба өзү жардам берген.

Дөөтүнүн эр жүрөк болгонун дагы бир окуядан билүүгө болот. Ысрайыл эли пелиштиликтер менен согушуп жаткан эле. Пелиштиликтердин Голиат деген бою аябай узун, алп жоокери болгон. Ал ысрайылдык жоокерлерди да, Жахабаны да мазактаган. Голиат ысрайылдыктарга: «Мага ким чыгат?» — деп кыйкыра берген. Баары корккондуктан, ага эч ким чыкпай койгон. Муну уккан Дөөтү ага: «Сени менен мен согушам! Жахаба мени колдойт. Сени бир заматта жеңем!» — деп айткан. Дөөтү эр жүрөк бекен? — Ооба, ал аябай эр жүрөк болгон. Андан ары эмне болгонун билгиң келеби?

Дөөтү колуна салмоорун, беш жылмакай таш алып, алп жоокер менен беттешкени чыгат. Голиат Дөөтүнүн аябай эле жаш экенин көрүп, шылдыңдай баштайт. Бирок Дөөтү ага: «Сен мага кылыч менен келатсаң, мен сага Жахабанын ысмы менен баратам!» — дейт. Анан салмооруна таш салып, Голиатты көздөй чуркап, ташты ага ыргытат. Таш Голиаттын эки көзүнүн так ортосуна тийип, кирип кетет. Ошондо алп Голиат жыгылып, өлүп калат. Пелиштиликтер ушунчалык корккондуктан артын карабай качып жөнөшөт. Дөөтү жаш болсо да, килейген алп жоокерди кантип жеңген? — Ага Голиаттан алда канча күчтүү болгон Жахаба жардам берген.

Жахабанын дайыма жардам берерин билгендиктен Дөөтү эр жүрөк болгон

Дөөтү жөнүндөгү окуядан эмнени билсең болот? — Жахаба баарынан күчтүү. Ал сенин да досуң боло алат. Эмкиде бир нерседен корксоң, Жахабанын сага жардам берерин унутпа.

ЫЙЫК КИТЕБИҢДЕН ОКУ