Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

9-БӨЛҮМ

Жеремия пайгамбар Жахаба жөнүндө кабар айта берген

Жеремия пайгамбар Жахаба жөнүндө кабар айта берген

Эл Жеремия пайгамбарга эмне үчүн жинденген?

Жахаба Жеремия пайгамбарды аман алып калган

Биз Жахаба жөнүндө кабар айтканда, кээ бир кишилер шылдыңдашса, башкалары жинденишет. Ошондо эч кимге Кудай жөнүндө айткыбыз келбей калышы мүмкүн. Сенде да ушундай учурлар болду беле? — Ыйык Китепте Жахабаны жакшы көргөн, бирок ал жөнүндө кабар айткысы келбей калган бир киши жөнүндө айтылат. Анын аты Жеремия болгон. Кел анда, ал жөнүндө окуп көрөлү.

Жахаба Жеремияга элге жаман жолунан бурулушу керектигин айт дегенде, ал жаш болчу. Жахаба айткандай кылуу Жеремия үчүн аябай кыйын болгон, анын үстүнө, ал абдан корккон. Ал Кудайга: «Мен сүйлөгөндү билбейм, аябай эле жашмын»,— деп айткан. Бирок Жахаба ага: «Коркпо, мен сага жардам берем»,— деген.

Ошентип, Жеремия пайгамбар адамдарга, эгер жаман иш кылганын токтотушпаса, жазалана турганын айта баштаган. Эл Жеремия пайгамбардын айткандарын укту беле? — Жок, уккан эмес. Тескерисинче, алар аны шылдыңдашкан, ачууланышкан. Айрымдары атүгүл аны өлтүргүсү келген. Ошондо Жеремия өзүн кандай сезген деп ойлойсуң? — Ал коркконунан: «Мындан ары Жахаба жөнүндө эчтеке айтпайм»,— деген. Бирок ал ошол бойдон Кудай жөнүндө кабар айтпай койду беле? — Жок, ал Жахабаны аябай жакшы көргөндүктөн кабар айтканын токтоткон эмес. Жеремия пайгамбар эч нерсеге карабай кызмат кыла бергендиктен, Жахаба анын өмүрүн сактап калган.

Бир жолу жаман кишилер Жеремия пайгамбарды өлтүрүш үчүн аны баткакка толгон терең кудукка салып салышкан. Ал аябай ачка болуп, суусаган. Бирок Жахаба ага жардам берип, анын жанын аман алып калган.

Жеремия пайгамбарды кантип туурасаң болот? — Ал кээде корксо да, Жахаба жөнүндө кабар айта берген. Сен да Жахаба жөнүндө кабар айтканда, адамдар шылдыңдашы же жиндениши мүмкүн. Ошондо капаланып, атүгүл коркушуң ыктымал. Бирок кабар айтканыңды эч качан токтотпо. Анткени Жахаба, Жеремия пайгамбарга жардам бергендей эле, сага да жардам берет.

ЫЙЫК КИТЕБИҢДЕН ОКУ