Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

10-БӨЛҮМ

Иса дайыма тил алган

Иса дайыма тил алган

Ата-энеңдин тилин алуу сен үчүн дайыма эле оңойбу? Кээде кыйын болушу мүмкүн. Исанын дайыма Жахабанын да, ата-энесинин да тилин алганын билчү белең? — Анын үлгүсү сага, кыйын болгон учурларда да, ата-энеңдин тилин алууга жардам берет. Анда эмесе, ушул тууралуу кененирээк билели.

Иса жерге келгенге чейин Атасы Жахаба менен асманда жашаган. Бирок анын жерде да ата-энеси болгон. Алардын аттары Жусуп менен Мариям болчу. Алар кандайча Исанын ата-энеси болуп калганын билесиңби?

Иса жерде кичинекей бала болуп төрөлүшү үчүн, Жахаба анын өмүрүн Мариямдын ичине салып койгон. Бул укмуштуу керемет болгон. Ал, башка балдардай эле, энесинин курсагында чоңоюп, тогуз ай болгондо төрөлгөн. Мына ушундайча Жусуп менен Мариям Исанын жердеги ата-энеси болуп калышкан.

Иса 12 жашка чыкканда, Атасы Жахабаны аябай жакшы көрөрүн көрсөткөн бир окуя болгон. Ал ата-энеси, бир туугандары менен Иерусалим шаарына Пасах майрамына барган болчу. Кайра үйгө кетип баратышканда, Жусуп менен Мариям Исанын жоголуп кеткенин байкашкан. Ал каякта болгон деп ойлойсуң?

Иса ибадатканага эмне үчүн барган?

Ата-энеси Иерусалимге кайтып барып, аны бардык жерден издешкен. Аны таба албай, аябай жаман болушкан. Акыры, үч күндөн кийин Жахабанын ибадатканасынан табышкан. Исанын эмне үчүн ибадатканага барганын билесиңби? — Анткени ал жактан Атасы Жахаба жөнүндө көбүрөөк биле алмак. Ал Жахабаны аябай жакшы көргөн жана аны кантип кубантса болорун билгиси келген. Иса чоңоюп, чоң киши болгондо да Жахабанын тилин алган. Ал оор болсо да, азап тартууга туура келсе да дайыма Атасынын тилин алган. Ал Жусуп менен Мариямдын да тилин алганбы? — Ооба, Ыйык Китепте алардын да тилин алганы жазылган.

Исадан эмнеге үйрөнө аласың? — Сен, кыйын болсо да, ата-энеңдин тилин алышың керек. Ошентип жатасыңбы?