Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

12-БӨЛҮМ

Элчи Пабылдын жээни эр жүрөк болгон

Элчи Пабылдын жээни эр жүрөк болгон

Таякесинин өмүрүн сактап калган бир жигит жөнүндө билесиңби? Анын таякеси элчи Пабыл болгон. Ыйык Китепте ал жигиттин аты жазылбаса да, эр жүрөк болгону айтылат. Анда анын кандай жакшы иш кылганы жөнүндө билгиң келеби?

Элчи Пабыл Иерусалимде түрмөдө отурган. Аны Иса Машаяк жөнүндө кабар айтканы үчүн камап коюшкан болчу. Кээ бир жаман кишилер Пабылды жек көргөндүктөн аны өлтүргүсү келишкен. Алар мындай деп сүйлөшүшкөн: «Кел, аскер башчыга Пабылды жоокерлериң менен сотко алып кел деп айтабыз. Анан жолго жашынып алып, Пабылды алып баратышканда, аны өлтүрүп салабыз».

Элчи Пабылдын жээни жаман кишилердин арам ою жөнүндө таякесине, анан аскер башчыга айткан

Элчи Пабылдын жээни ошол жаман кишилердин арам ою жөнүндө угуп калат. Ошондо ал эмне кылат? Түрмөдө жаткан таякесине барып, баарын төкпөй-чачпай айтып берет. Муну угары менен элчи Пабыл аны аскер башчыга жөнөтөт. Кандай деп ойлойсуң, ал жигитке аскер башчы менен сүйлөшүү оңой болгонбу? — Жок, анткени ал киши күчтүү жоокерлердин башчысы болгон. Ошентсе да элчи Пабылдын эр жүрөк жээни ага баарын айтып берген.

Аскер башчы эмне кылышты жакшы билген. Ал элчи Пабылды коргош үчүн 500дөй жоокерди тандайт. Анан аларга ошол эле түнү жолго чыгууну буйруйт. Элчи Пабыл аман калганбы? — Ооба, жаман кишилер ага кол сала алышкан эмес. Алардын арам ою ишке ашпай калган.

Бул окуядан эмнеге үйрөнсөң болот? — Сен да, элчи Пабылдын жээниндей болуп, эр жүрөк боло аласың. Биз башкаларга Жахаба жөнүндө кабар айтып жатканда эр жүрөк болушубуз керек. Сен эр жүрөк болуп, Жахаба жөнүндө кабар айта берүүгө чечкиндүүсүңбү? — Эгер ушундай кылсаң, кимдир бирөөнүн өмүрүн сактап каласың.