Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

14-БӨЛҮМ

Бүт жер жүзүн башкара турган Падышалык

Бүт жер жүзүн башкара турган Падышалык

Кайсы Падышалык жөнүндө окуй турганыбызды билесиңби? — Ал — бүт жер жүзүн бейишке айланта турган Кудайдын Падышалыгы. Ошол Падышалык жөнүндө көбүрөөк билгиң келеби?

Ар бир падышалыкта падыша болот. Ал ошол жерде жашаган элди башкарат. Кудайдын Падышалыгынын Падышасы ким экенин билесиңби? — Ал — асманда жашаган Иса Машаяк. Ал жакында бүт жер жүзүн башкарат. Кандай деп ойлойсуң, Иса Машаяк башкара баштаганда жакшы жашайбызбы?

Бейиште эмне кылууну каалайсың?

Ооба, Бейиште баарыбыз бактылуу болобуз. Ал учурда адамдар бири-бири менен урушушпайт, согушушпайт. Баарыбыз бири-бирибизди жакшы көрөбүз. Эч ким оорубайт, өлбөйт. Сокурлардын көзү көрүп, дүлөйлөрдүн кулагы угат, майыптар болсо чуркап, так секиришет. Тамак-аш көп болот. Ал эми жаныбарлардын баары бири-бири менен жана биз менен дос болушат. Өлгөн адамдар тирилет. Байыркы учурда жашаган Ребека, Рахап, Дөөтү падыша, Илияс пайгамбар сыяктуу бул китепчеде баяндалган кишилер да тирилет. Аларга жолугуп, сүйлөшкүң келеби?

Жахаба сени аябай жакшы көрөт жана бактылуу болушуңду каалайт. Эгер Жахаба жөнүндө көбүрөөк билип, анын тилин ала берсең, сен да ажайып кооз Бейиште түбөлүк жашайсың! Бейиште жашагың келеби?