Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1-БӨЛҮМ

«Падышалыгың келсин»

«Падышалыгың келсин»

БӨЛҮМДӨГҮ НЕГИЗГИ ОЙ

Иса Машаяк Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар айткан

1, 2. Үч элчи Жахабанын кайсы сөздөрүн уккан жана ошого ылайык кандай иш-аракет кылган?

 ЭГЕР Жахаба Кудай өзү сага кандайдыр бир иш тапшырса, эмне кылат элең? Ал кандай гана иш болбосун, дароо макул болмоктугуң шексиз.

2 Петир, Жакып жана Жакан б.з. 32-жылы Пасах майрамынан бир аз убакыт өткөндөн кийин укмуштуудай окуяга күбө болушкан. (Оку: Матай 17:1—5.) Алар Мырзасы Иса Машаяк менен «бийик тоого» чыгып, Машаяктын келечекте ээ боло турган Падышалык даңкын көрүшкөн. Ал көрүнүш чындап болуп жаткандай сезилгендиктен, элчи Петир үч алачык жасагысы келген. Петир сүйлөп жатканда, аларды жаркыраган булут каптап кирген. Ошондо үч элчи саналуу эле адамдар ээ болгон сыймыкка ээ болуп, Жахабанын үнүн даана угушкан. Жахаба Исаны Уулум деп айткандан кийин: «Уулумду уккула»,— деген. Элчилер так эле Жахаба айткандай кылып, Иса Машаякты дайыма угуп, башкаларды да ошого үндөшкөн (Элч. 3:19—23; 4:18—20).

Машаяк башка нерселерге караганда, Падышалык жөнүндө көбүрөөк сөз кылган

3. Жахаба өзүнүн Уулун угушубузду эмне үчүн каалайт? Эмне жөнүндө кылдат изилдегенибиз маанилүү?

3 Жахаба: «Уулумду уккула»,— деген сөздөрдү биз үчүн жаздырып койгон (Рим. 15:4). Анткени Иса Машаяк — Жахабанын Өкүлү жана ал элди окуткан сайын Атасы адамдарга ачып бергиси келген ойлорду айткан (Жкн. 1:1, 14). Ал башка нерселерге караганда, 144 000 падыша менен бийлик жүргүзө турган Падышалык жөнүндө көбүрөөк сөз кылган. Демек, Падышалык тууралуу кылдат изилдегенибиз абдан маанилүү (Аян 5:9, 10; 14:1—3; 20:6). Бирок адегенде Машаяктын Падышалык жөнүндө эмне себептен көп айтканын билели.

«Адамдын жүрөгү эмнеге толсо...»

4. Иса Машаяк Кудайдын Падышалыгын аябай баалаарын кантип көрсөткөн?

4 Сөз — жүрөгүбүздүн терезеси. Башкача айтканда, сөздөрүбүздөн жүрөгүбүздө эмне бар экени, эмнени баалаарыбыз көрүнөт. Иса Машаяк Падышалыкты аябай баалаган. Ал өзү: «Адамдын жүрөгү эмнеге толсо, оозу ошону сүйлөйт»,— деп айткан (Мт. 12:34). Машаяк мүмкүнчүлүк болгон сайын Падышалык жөнүндө кабар айтчу. Төрт Инжилде Падышалык жөнүндө 100дөн ашуун жолу айтылган. Алардын көбү — Машаяктын сөздөрү. Анын: «Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды башка шаарларга да жарыялашым керек, анткени мен ошол үчүн жиберилгем»,— деген сөздөрүнөн Падышалык ал жарыялаган кабардын өзөгү болгону көрүнүп турган (Лк. 4:43). Атүгүл тирилгенден кийин да ал шакирттерине Падышалык жөнүндө көп нерселерди ачып берген (Элч. 1:3). Ооба, Иса Машаяк жүрөгүндө Падышалыкты жогору баалагандыктан ал жөнүндө ар дайым айта турган.

5—7. а) Падышалыкты Жахаба да маанилүү деп эсептээрин кайдан билебиз? Мисал менен түшүндүр. б) Падышалыкты жогору баалаарыбызды кантип көрсөтө алабыз?

5 Падышалыкты Жахаба да маанилүү деп эсептейт. Муну кайдан билебиз? Кудай жалгыз Уулун дүйнөгө жиберген. Анын Уулу эмнени айтып, элди эмнеге окутса, ошонун баары Кудайдын сөздөрү болгон (Жкн. 7:16; 12:49, 50). Машаяктын жашоосу, кызматы баяндалган төрт Инжилди да Жахаба өзү жаздырган. Мындан биз эмнени биле алабыз?

Ар бирибиздин: «Мен Падышалыкты жогору баалаймбы?» — деп ойлонуп көргөнүбүз дурус

6 Үй-бүлөң менен түшкөн сүрөттөрдү бир альбомго чогултайын деп чечтиң дейли. Альбомдун барактары чектелүү болгондуктан, сүрөттөрдүн баарын батыра албайсың. Анда эмне кыласың? Аларды бир сыйра карап чыгып, тандап алгандарыңды эле саласың. Инжилдер Иса Машаяк жөнүндө көбүрөөк билүүгө шарт түзгөн альбомго окшош. Жахаба Инжилге Иса Машаяктын ар бир сөзүн, ар бир ишин жаздырган эмес (Жкн. 20:30; 21:25). Ал өзү эмнени жогору баалаарын, Уулунун кызматынын максатын түшүнүүгө жардам бере турган маалыматтарды гана жаздырган (2 Тим. 3:16, 17; 2 Пет. 1:21). Инжилдерде Машаяктын Падышалык жөнүндө айткандары аябай көп жазылган. Мындан Падышалыктын Жахаба үчүн да аябай маанилүү экенин билүүгө болот. Демек, Жахаба биздин баарынан да Падышалык жөнүндө көбүрөөк билишибизди каалайт.

7 Андыктан ар бирибиздин: «Мен Падышалыкты жогору баалаймбы?» — деп ойлонуп көргөнүбүз дурус. Эгер бааласак, анда Падышалыктын эмне үчүн маанилүү экенин, кандайча жана качан келери жөнүндө билүүгө ынтызар болобуз.

Кудайдын Падышалыгы кандайча келет?

8. Машаяктын кайсы сөздөрүнөн Падышалыктын абдан маанилүү экенин көрүүгө болот?

8 Иса пайгамбардын үлгү иретинде айткан тиленүүсүнө токтололу. Ал тиленүүдө Машаяк Падышалыктын канчалык маанилүү экенин, эмнелерди ишке ашырарын кыска-нуска айткан. Тиленүүдө жети өтүнүч камтылат. Алгачкы үчөө Жахабанын ой-ниетине — ысмынын ыйыкталышына, Падышалыгынын келишине жана эркинин асмандагыдай эле, жерде да аткарылышына — тиешелүү. (Оку: Матай 6:9, 10.) Ушул үч өтүнүч бири-бири менен тыгыз байланышта. Жахаба Падышалык аркылуу ысмын ыйыктап, эркин жүзөгө ашырат.

9, 10. а) Кудайдын Падышалыгы кандайча келет? б) Кудайдын кайсы убадаларынын аткарылышын көргүң келет?

9 Кудайдын Падышалыгы кандайча келет? Биз: «Падышалыгың келсин»,— деп тиленгенде Кудайдан Падышалыгы аркылуу чечкиндүү иш-аракет кылышын өтүнгөн болобуз. Кудайдын Падышалыгы келгенде, анын жерге байланыштуу ой-ниети толугу менен аткарылат. Ал азыркы ыймансыз дүйнөнү жок кылып, адамдардын бардык өкмөтүн кыйратып, адилдик өкүм сүргөн жаңы дүйнөнү орнотот (Дан. 2:44; 2 Пет. 3:13). Падышалыктын бийлигинин тушунда жер бети ажайып кооз бейишке айланат (Лк. 23:43). Ал эми мүрзөлөрдө жаткандардын баары тирилип, жакындары менен кайрадан көрүшөт (Жкн. 5:28, 29). Кудайга баш ийген адамдардын баары жеткилең болуп, жашоонун рахатына батып, түбөлүк өмүр сүрүшөт (Аян 21:3—5). Ошондо асманда да, жерде да Жахабанын эрки аткарылып, сөздүн түз маанисинде толук биримдик болот. Ушул убадалардын аткарылышын өз көзүң менен көргүң келеби? Кудайдан: «Падышалыгың келсин»,— деп тиленген сайын ушундай сонун убадалардын аткарылышын чыдамсыздык менен күтүп жатканыңды көрсөтөсүң.

10 Бирок үлгү иретиндеги тиленүүдөгү Падышалыкка байланыштуу өтүнүч азырынча орундала элек. Анткени азыр адамдардын өкмөтү бийлик жүргүзүп жатат, адилдик өкүм сүргөн жаңы дүйнө да орной элек. Бирок, бактыга жараша, Падышалык асманда эбак эле орногон. Бул тууралуу кийинки бөлүмдөн көбүрөөк билебиз. Азыр болсо Иса пайгамбардын Падышалыктын качан орнооруна жана келерине байланыштуу айткандарын кененирээк карап чыгабыз.

Кудайдын Падышалыгы асманда качан орногон?

11. Машаяк Падышалыктын орношуна байланыштуу эмнени айткан?

11 Машаяктын 1-кылымдагы шакирттери Падышалык алардын күндөрүндө орнойт деп ойлошкон. Бирок Машаяк андай эмес экенин айткан (Элч. 1:6). Келгиле, анын эки жыл аралыгында айткан эки мисалына көңүл буралы.

12. Буудай менен отоо чөп жөнүндөгү мисалдан Падышалыктын б.з. 1-кылымында орнобогону кандайча көрүнүп турат?

12 Буудай менен отоо чөп жөнүндөгү мисал. (Оку: Матай 13:24—30.) Болжолу, б.з. 31-жылы жазында Иса пайгамбар буудай менен отоо чөп жөнүндө мисал айтып, маанисин түшүндүрүп берген (Мт. 13:36—43). Анын мааниси мындай болгон: элчилердин көзү өтүп кеткенден кийин, Ибилис буудайдын («Падышалыктын уулдарынын» же Машаяктын майланган жолдоочуларынын) арасына отоо чөптү (Машаяктын жолдоочусу атангандарды) сепмек. Буудай менен отоо чөп орок маалына («бул дүйнө түзүлүшүнүн аяк ченине») чейин чогуу өсмөк. Орок маалы башталгандан кийин отоо чөп жулунмак. Андан соң буудай кампага жыйналмак. Демек, мисалдан көрүнүп тургандай, Падышалык б.з. 1-кылымында эмес, орок маалы башталганда орномок. Пайгамбарлыктардан орок маалынын 1914-жылы башталганын билүүгө болот.

13. Машаяк асманга барары менен Падыша болуп дайындалбай турганын кантип түшүндүргөн?

13 Миналар жөнүндөгү мисал. (Оку: Лука 19:11—13.) Иса пайгамбар бул мисалды б.з. 33-жылы Иерусалимге акыркы жолу баратканда айткан. Шакирттери Машаяк Падышалыкты Иерусалимге барары менен орнотот деп ойлошкон. Алардын жаңылыш оюн өзгөртүп, Падышалыктын орношуна дагы көп бар экенин түшүндүрүш үчүн ал дагы бир мисал келтирген. Мисалында өзүн «падышалык бийлик алыш үчүн алыскы өлкөгө жөнөмөкчү болгон» «ак сөөктөрдүн тукумунан болгон бир кишиге» салыштырган a. Ал эми «алыскы өлкө» Атасынан падышалык бийликти алыш үчүн бара турган асманды билдирген. Бирок Машаяк асманга барары менен Падыша болуп дайындалбасын билген. Ал Кудайдын оң жагына отуруп, бийликти ала турган убакытты күтмөк. Биз билгенибиздей, ошол убакыт көптөгөн кылымдарга созулган (Заб. 110:1, 2; Мт. 22:43, 44; Евр. 10:12, 13).

Кудайдын Падышалыгы качан келет?

14. а) Машаяк төрт элчисинин суроосуна эмне деп жооп берген? б) Машаяктын пайгамбарлыктарынан анын катышуусу жана Падышалык жөнүндө эмнелерди билебиз?

14 Машаяктын өлтүрүлөрүнө бир нече күн калганда төрт элчиси андан: «Сенин катышууңдун убагын жана бул дүйнө түзүлүшүнүн аяктап баратканын кайсы белгиден билүүгө болот?» — деп сурашкан (Мт. 24:3; Мр. 13:4). Ал жооп иретинде Матай китебинин 24, 25-бөлүмдөрүндөгү дүйнө жүзү боюнча аткарыла турган пайгамбарлыктарды санап өткөн. Ошол пайгамбарлыктар биригип, анын «катышуусунун» убагын аныктап билүүгө шарт түзгөн «белги» болмок. Машаяктын катышуусунун башталышы Падышалыктын орношуна, ал эми катышуусунун аягы Падышалыктын келишине дал келмек. Пайгамбарлыкта айтылгандардын 1914-жылдан тартып аткарыла баштаганына төгүндөлгүс далилдер бар b. Демек, 1914-жылы Машаяктын катышуусунун убагы башталып, асманда Падышалык орногон.

15, 16. «Бул муун» деген сөздөр кимге карата айтылган?

15 Анда Кудайдын Падышалыгы качан келет? Иса пайгамбар так убактысын ачып берген эмес (Мт. 24:36). Ошентсе да анын сөздөрүнөн ал убакка аябай эле аз калганын биле алабыз. Анын айткандарына ылайык, «бул муун» анын катышуусунун убагын билдирген «белгини» көргөндөн кийин, Падышалык келмек. (Оку: Матай 24:32—34.) Анда «бул муун» деген сөздөр кимдерге карата айтылган? Келгиле эмесе, бул суроого жооп алалы.

16 «Бул муун». Иса пайгамбар «бул муун» деп Жахабага ишенбеген адамдарга карата айтканбы? Жок. Анткени пайгамбарлыктарды ал «жанына барган» бир нече элчисине айткан болчу (Мт. 24:3). Элчилери көп өтпөй ыйык рух менен майланышмак. Анын «бул муун» жөнүндө сөз кылганга чейин эмне дегенине көңүл бурсаңар. Ал: «Анжир дарагын карап, сабак алгыла: жаш бутактары өсүп чыгып, жалбырактары пайда болгондо, жайдын жакындап калганын билесиңер. Ошо сыяктуу эле, булардын баарын көргөнүңөрдө адам Уулунун жакындап калганын, босогодо турганын билгиле»,— деген. Машаяктын «босогодо турганын» аңдап билүүгө жардам берген пайгамбарлыктардын аткарылып жатканын Жахабага ишенбегендер эмес, анын майланган жолдоочулары көрүшмөк. Мындан Машаяк «бул муун» деген сөздөрдү өзүнүн майланган жолдоочуларына карата айткан деп тыянак чыгарсак болот.

17. «Муун» жана «ушулардын баары» деген сөздөр эмнени билдирет?

17 «Ушулардын баары аткарылмайынча, бул муун жок болбойт». Бул сөздөр кандайча аткарылат? Буга жооп алыш үчүн адегенде «муун» жана «ушулардын баары» деген эмнени билдирерин билишибиз керек. «Муун» деген сөз, адатта, жашоосунун кайсы бир учурунда бири-бири менен замандаш болгон ар кандай курактагы адамдарга карата айтылат. Бир муун узак убакыт бою жашай бербейт; убакыттын өтүшү менен бир муунду түзгөн адамдар карып, көз жумат (Чыг. 1:6). Ал эми «ушулардын баары» деген сөздөр өз ичине Машаяктын катышуусунда боло турган окуялардын баарын камтыйт. Анын катышуусу 1914-жылы башталып, «улуу алааматта» бүтөт (Мт. 24:21).

18, 19. Иса пайгамбардын «бул муун» деген сөздөрүн кантип түшүнсөк болот? Мындан кандай жыйынтык чыгарсак болот?

18 Анда Иса пайгамбар «бул муун» деген сөздөрдү кимге карата айткан? «Бул муунга» майлангандардын эки тобу кирет. Биринчи топ 1914-жылы айкын болгон белгини көргөн майлангандардан турат. Ал эми экинчи топко биринчи топтун замандаштары болгон майлангандар кирет. Экинчи топко кирген майлангандардын айрымдары улуу алаамат башталганга чейин тирүү болуп, улуу алааматтын башталышын көрүшөт. Эки топ жашоосунун кайсы бир убагында замандаш болгондуктан экөө биригип, бир муунду түзөт c.

19 Мындан кандай жыйынтык чыгарсак болот? Биз Иса Машаяктын асманда башкарып жатканын тастыктаган пайгамбарлыктардын дүйнө жүзү боюнча аткарылып жатканын көрүп жатабыз. Анын үстүнө, «бул муунга» кирген майлангандардын жашы өр тартып калды. Бирок улуу алаамат башталганга чейин алардын айрымдары тирүү болушат. Андыктан жер бетин башкара турган Падышалыктын келерине аябай эле аз калды! «Падышалыгың келсин»,— деген өтүнүчүбүзгө жооп алганда кандай гана кубанабыз!

20. Бул китепте негизинен эмнелер жөнүндө сөз болот? Кийинки бөлүмдөн эмне жөнүндө билебиз?

20 Андыктан Жахабанын: «Уулумду уккула»,— деген сөздөрүн эч качан унутпайлы. Биз Кудайдын кызматчылары катары анын бул буйругун аткаргыбыз келет. Иса пайгамбардын Падышалык жөнүндө айткан ар бир сөзүнө маани берүүнү да каалайбыз. Бул китепте, негизинен, Падышалыктын буга чейин эмнелерди кылганы, келечекте эмнелерди ишке ашырары жөнүндө сөз болот. Кийинки бөлүмдөн Кудайдын Падышалыгы асманда төрөлгөндө, жүрөк толкутарлык кандай окуялар болгонун билебиз.

a Иса пайгамбардын бул мисалын укканда шакирттер Жүйүт жерин жана башка аймактарды башкарган Ирод Улуунун уулу Архелайды эстешсе керек. Ирод падыша өлөрдө Архелайды өзүнүн ордуна падыша кылып шайлаган. Бирок Архелай бийлик жүргүзө баштаардан мурун Рим императору Августтун колдоосуна ээ болуш үчүн Римге узак сапар тарткан.

b Көбүрөөк маалымат алыш үчүн «Ыйык Китепте чынында эмне делет?» китебинин 9-бөлүмүн карагыла.

c Биринчи топко кирген майлангандардын акыркылары, башкача айтканда, 1914-жылы «азап-кайгынын башталышына» күбө болгон майлангандар өлгөндөн кийин ыйык рух менен майланган бир туугандар «бул муунга» кирбейт (Мт. 24:8).