Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

2-БӨЛҮМ

Асманда Падышалыктын төрөлүшү

Асманда Падышалыктын төрөлүшү

БӨЛҮМДӨГҮ НЕГИЗГИ ОЙ

Кудайдын эли Падышалыктын төрөлүшүнө даярданган

1, 2. Кайсы окуя дүйнө жүзүндөгү эң маанилүү окуя болгон? Эмне үчүн ал окуяны эч ким көргөн эмес?

 АДАМЗАТ тарыхы таптакыр башка нукка бурулган маалда жашоо кандай болору жөнүндө ойлонуп көрдүң беле? Көптөрдү бул ойлондурбай койбойт. Тарыхтагы зор мааниге ээ болгон убакта жашаган болсоң, ошол өзгөрүүгө себеп болгон окуяларды өз көзүң менен көрдүң беле? Көргөнүң күмөн. Бийликтин кулашына алпарган, тарыхта кала турган окуялардын кандайча өрчүгөнүн, адатта, карапайым калк көрбөй деле калат. Анткени өлкөнүн тагдырын кыл таразага салган маанилүү чечимдер падыша сарайларында, ак үйлөрдө же мамлекеттик имараттарда чыгарылат. Ошентсе да андай чечимдер жумурай журттун жашоосуна таасир этет.

2 Ал эми дүйнө жүзүндөгү эң маанилүү окуя жөнүндө эмне дешке болот? Анын миллиондогондордун өмүрүнө таасир этери турган иш. Бирок ал окуяны бир да пенде көргөн эмес. Кеп ыймансыз дүйнөнү түп-орду менен жок кыла турган, кылымдар мурун эле убада кылынган Падышалыктын асманда төрөлүшү жөнүндө болуп жатат. (Оку: Даниел 2:34, 35, 44, 45.) Жахаба асманда Падышалыктын төрөлгөнүн адамзаттан жашырып койгонбу? Же кызматчыларын анын төрөлүшүнө алдын ала даярдаганбы? Келгиле, бул жөнүндө көбүрөөк билели.

«Кабарчымды жиберип жатам, ал мага жол даярдайт»

3—5. а) Малаки 3:1деги «келишим кабарчысы» ким болгон? б) «Келишим кабарчысы» ибадатканага келгенге чейин эмне болушу керек эле?

3 Жахаба тээ алмустакта эле элин Падышалыктын төрөлүшүнө даярдоону ниет кылган. Мисалы, Малаки 3:1де: «Мына, мен кабарчымды жиберип жатам, ал мага жол даярдайт. Силер чыдамсыздык менен күтүп жаткан келишим кабарчысы жана силер издеп жаткан чыныгы Теңир өзүнүн ибадатканасына күтүлбөгөн жерден келет»,— делет.

4 Бул пайгамбарлыктагы «чыныгы Теңир», Жахаба, каймана ибадаткананын жердеги короосундагы кызматчыларын текшергени келмек. Качан? Пайгамбарлыкта анын «келишим кабарчысы» менен бирге келери айтылган. «Келишим кабарчысы» Падышалыктын Падышасы Иса Машаяк болгон (Лк. 1:68—73). Машаяк тактыга отурары менен Кудайдын элин текшерип, тазаламак (1 Пет. 4:17).

5 Ал эми «кабарчы» ким болгон? Пайгамбарлыкка ылайык, «кабарчы» Падышалыктын Падышасы такка отурганга чейин ага «жол даярдамак». 1914-жылга чейин Падышага «жол даярдаган» кимдир бирөө болду беле?

6. Кудайдын элин алдыда боло турган окуяларга даярдаш үчүн келген «кабарчы» ким болгон?

6 Бул китепте Жахабанын элинин бүгүнкү күндөгү тарыхы баяндалат. Жүрөк толкуткан окуяларды изилдөөнүн аркасында жогорудагы суроолорго жооп алабыз. Тарых барактарын барактап жатып, 19-кылымдын аягында жүрөгү таза, ишенимдүү кишилерден турган чакан топтун христиан чиркөөлөрүнөн бөлүнүп чыкканын билебиз. Алар Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр деп аталышкан. Ошол чакан топту жетектеген Чарлз Тейз Рассел шериктери менен бирге пайгамбарлыктагы «кабарчы» катары Кудайдын элине билим берип, аларды алдыда боло турган окуяларга даярдашкан. Алар Кудайдын элин кайсы төрт жактан даярдашкан?

Чындыкка ылайык сыйынуу

7, 8. а) 1800-жылдары жандын өлбөстүгү жөнүндөгү окуунун жалган экенин кимдер жарыялаган? б) Рассел бир тууган менен анын шериктери дагы кайсы окуулардын жалган экенин аныкташкан?

7 Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр Ыйык Китепти тиленип алып кылдат изилдешчү. Анан бир бүтүмгө келип, айкын болгон чындыкты гезит-журналдарга чыгарышчу. Кылымдар бою христиан дүйнөсү Ыйык Китептеги чындыкты билбей, караңгылыкта жүргөн. Алардын окуулары байыркы убактагы жалган ой-түшүнүктөргө, ырым-жырымдарга негизделип келген. Мисалга жандын өлбөстүгү жөнүндөгү окууну алсак. 1800-жылдары ак ниет кишилер жандын өлбөстүгү жөнүндөгү окууну кылдат изилдеп, анын Ыйык Китеп менен эч кандай байланышы жок экенин аныкташкан. Алардын айрымдары Генри Гру, Жорж Стетсон, Жорж Сторрз болгон. Ал эр жүрөк кишилер Шайтандын ушул окуусунун жалган экенин гезит-журналдарга жазып, эл алдында да жарыялашкан a. Алардын эмгектери Рассел менен анын шериктерин кайдыгер калтырган эмес.

8 Рассел бир тууган менен анын шериктери жандын өлбөстүгүнөн тышкары, жакшы кишилер өлгөндөн кийин асманга кетет же Кудай ыймансыз кишилердин жанын тозок отунда түбөлүккө кыйнайт деген окуулардын жалган экенин аныкташкан. Алар бул тууралуу көптөгөн макалаларды, баяндамаларды гезит-журналдарга жазып, китептерди, китепчелерди, баракчаларды чыгарышкан.

9. «Сион күзөт мунарасы» Үчилтиктин жалган окуу экенин кантип ачыкка чыгарган?

9 Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр тамыры кенен жайылган жалган окуунун — Үчилтиктин (Троицанын) — Ыйык Китепке карама-каршы келерин да ачык эле жарыялашкан. 1887-жылы «Сион күзөт мунарасы» (англ.) деген журналда: «Ыйык Жазмадан Жахаба менен Иса Машаяктын эки башка экени, экөөнүн ортосунда мамиле бар экени айкын көрүнүп турат»,— деп жазылган. Макалада андан ары мындай делген: «Үч бирдиктүү Кудай, башкача айтканда, үч Кудай бир Кудайдын ичинде, ошол эле учурда бир Кудай үч Кудайдын ичинде деген түшүнүктүн кеңири тарап кеткени аябай таң калыштуу. Муну бир эле нерсе менен түшүндүрүүгө болот: душман чиркөөнү жалган менен чынжырлап жатканда, ал мемиреп, катуу уйкуда жаткан».

10. «Күзөт мунарасында» 1914-жыл жөнүндө эмне деп жазылган?

10 «Сион күзөт мунарасы жана Машаяктын катышуусунун жарчысы» деген аталыштын өзү эле көрсөтүп тургандай, журналды басып чыгаргандар Машаяктын катышуусуна байланыштуу пайгамбарлыктарга терең маани беришкен. Ыйык рух менен майланган ал ишенимдүү кишилер Даниел пайгамбардын «жети мезгил» жөнүндөгү пайгамбарлыгы Кудайдын Падышалыкка байланыштуу ой-ниетинин аткарылар убактысы менен тыгыз байланышта экенин түшүнүшкөн. Алар 1870-жылдардын башынан тартып эле «жети мезгил» аяктай турган убак 1914-жылга туш келет деп жарыялай башташкан (Дан. 4:25; Лк. 21:24). Бир туугандар 1914-жылдын канчалык маанилүү жыл болорун аягына чейин түшүнүшпөсө да, билгендерин төгөрөктүн төрт бурчуна жайылта беришкен. Алардын чындыкты жар салганы Кудайдын кызматчыларынын жашоосуна бүгүнкү күнгө чейин зор таасир этип келет.

11, 12. а) Рассел бир тууган кимдердин эмгегин жогору баалап, кимди даңктаган? б) Рассел бир тууган менен анын шериктеринин 1914-жылга чейин кылган иши канчалык маанилүү болгон?

11 Рассел бир тууган да, анын шериктери да Кудайдын Сөзүндөгү маанилүү чындыкты таап, аны түшүнүшкөнү үчүн бой көтөрүшкөн эмес. Рассел бир тууган Ыйык Китепти ага чейин изилдеген кишилердин эмгегин жогору баалап, ыраазычылык билдирген. Эң негизгиси, ал керектүү маалда, керектүү чындыкты ачып берген Жахабаны даңктаган. Ооба, Жахаба Рассел бир тууган менен анын шериктеринин чындыкты жалгандан ажыратууга жасаган аракетине батасын берген. Ошентип, жыл өткөн сайын алар христиан чиркөөлөрүнөн алыстай беришкен.

Рассел бир тууган менен анын шериктери чындыкты жактап келишкен

12 Ошол ишенимдүү кишилердин 1914-жылга чейин ондогон жылдар бою Кудайдын Сөзүндөгү чындыкты кайраттуулук менен жактаганы бизди суктандырбай койбойт! «Күзөт мунарасы жана Машаяктын катышуусунун жарчысы» журналынын 1917-жылдын 1-ноябрындагы санында мындай делген: «Миллиондогондор тозок оту жана башка жалган окуулардын кулчулугунан бошонуп, коркпой жашап жатышат... Чындыктын 40 жылдан ашуун жыл мурун башталган толкуну, бүт жер бетин каптап калганча, көтөрүлгөндөн көтөрүлө берет. Ал эми чындыктын таралышына бөгөт койгон душмандардын аракети учу-кыйырсыз океандын алп толкундарын кенедей шыпыргы менен тосконго эле барабар».

13, 14. а) «Кабарчы» Кудайдын элин Машаяктын катышуусу баштала турган убакка кантип даярдаган? б) Жүз жылдан ашуун убакыт мурун жашаган бир туугандарыбыздан эмнеге үйрөнө алабыз?

13 Ойлонуп көрсөңөр, Кудайдын эли Иса Машаякты Жахабадан айырмалай албаса, Машаяктын катышуусу баштала турган убакка даяр боло алышат беле? Эгер алар өлбөстүк Машаяктын айрым гана жолдоочуларына эмес, бүт адамзатка бериле турган сыйлык дегенге ишенишсе же Кудай адамдарды тозок отунда түбөлүккө кыйнайт деп эсептешсе, Машаяктын катышуусу баштала турган убакка даяр боло алышат беле? Албетте, жок. Ооба, «кабарчы» Падышага жол даярдаган.

14 Мындан жүз жылдан ашуун убакыт мурун жашаган бир туугандарыбыздан эмнеге үйрөнө алабыз? Биз да Кудайдын Сөзүн күнүгө окуп, казып изилдешибиз керек (Жкн. 17:3). Байлыкты туу туткан дүйнөдө көптөр Кудай жөнүндөгү билим менен азыктанбаганы үчүн ыркыйып, арыктагандан арыктап жатышат. Ал эми биздин Кудай жөнүндөгү билимге болгон табитибиз барган сайын арткандан артып келет. (Оку: 1 Тиметей 4:15.)

«Элим,.. андан чык»

15. Бир туугандар бара-бара эмнени түшүнүшкөн? (Шилтемени да карагыла.)

15 Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр чиркөөлөрдөн чыгуу керектигин жарыялашкан. 1879-жылы «Күзөт мунарасына» «Бабыл чиркөөлөрү» жөнүндө жазылган. «Бабыл чиркөөлөрү» Рим-католик чиркөөлөрүн билдиргенби же анын башчыларынбы? Кылымдар бою протестанттар «Бабыл» Рим-католик чиркөөсүн билдирет деп эсептеп келишкен. Бирок бир туугандар бара-бара христиан дүйнөсүндөгү чиркөөлөрдүн баары «Бабылдын» бөлүгү экенин түшүнүшкөн. Анткени ал чиркөөлөрдүн баары жогоруда айтылган жалган окууларды жайылтып келишкен b. Андыктан бара-бара адабияттарыбызга Бабыл чиркөөлөрүндө адашып жүргөн жүрөгү таза адамдардын эмне кылышы керектиги ачык эле жазыла баштаган.

16, 17. а) «Миң жылдыктын таңкы жарыгынын» 3-тому менен «Күзөт мунарасы» Кудайдын элин жалган динден чыгууга кантип үндөгөн? б) Эмне үчүн Көптөр адегенде буга олуттуу маани беришкен эмес? (Шилтемени карагыла.)

16 1891-жылы «Миң жылдыктын таңкы жарыгы» (англ.) деген эмгектин 3-томунда да Кудайдын «Бабылды» четке какканы жөнүндө: «Кудай христиан чиркөөлөрүнүн баарын, бирин да калтырбай четке какты!» — деп жазылган. Анан: «Бабыл чиркөөлөрүнүн окууларын, иштерин туура көрбөгөндөрдүн баары андан чыгууга чакырылат»,— деп кошумчаланган.

17 1900-жылы январда «Күзөт мунарасына» дагы деле чиркөөдөн чыга элек жана өзүн: «Ыйык Китепте чындык жазылганына толук кошулам, бирок чиркөөгө да барып коюп жүрөм»,— деп актагандарга ачык эле кеңеш берилген. Макалада мындай делген: «Бир бутуңар менен чындык жолунда, бир бутуңар менен Бабылда жүргөнүңөр туурабы? Кудайга баш ийип, ага жакканды кылып жатам деп айта аласыңарбы? Албетте, жок. Чиркөөгө мүчө болуп кирген киши чиркөө менен расмий түрдө келишим түзгөн болот. Демек, ал чиркөөдөн расмий түрдө чыкмайынча, ошол чиркөө менен түзгөн келишимдин талаптарын аткарышы керек». Бул кеңеш кайра-кайра берилип турган c. Ырас, Жахабанын кызматчыларынын жалган дин менен болгон байланышын толугу менен үзгөнү баарына айкын болушу керек.

18. «Улуу Бабылдан» чыгуу эмне үчүн маанилүү болгон?

18 «[Улуу Бабылдан] чыккыла» деген чакырык кайталанып турбаса, такка отурган Машаяктын келишине даяр турган майланган кызматчылар болот беле? Жок. Машаяктын Бабылдан чыккан кызматчылары гана Жахабага «ыйык рухтун жетеги менен жана чындыкка ылайык сыйына» алышат (Жкн. 4:24). Биз да жалган динден оолак болууга чечкиндүүбүзбү? Келгиле, Кудайдын: «Элим,.. андан чык»,— деген буйругуна мындан ары да баш ие берели. (Оку: Аян 18:4.)

Сыйынуу үчүн чогулуу

19, 20. «Күзөт мунарасында» Кудайдын элинин сыйынуу үчүн чогулуп турганы маанилүү экени кандайча баса белгиленген?

19 Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр мүмкүн болгон сайын сыйынуу үчүн чогулуп туруу маанилүү деп эсептешкен. Машаяктын жолдоочулары жалган динден чыгып эле койбостон, чындыкка ылайык сыйынышы да керек. «Күзөт мунарасынын» алгачкы сандарынан баштап эле окурмандар сыйынуу үчүн чогулуп турууга чакырылышкан. Алсак, 1880-жылы июлда Рассел бир тууган жер-жерлерди кыдырып, баяндамаларды айтып келгенден кийин бир туугандардын чогулуп турганы абдан бекемдээрлик болгонун жазган. Ал окурмандарды, журналга басып чыгарыш үчүн, чогулуп туруунун пайдалары жөнүндө жазып, жөнөтүп турууга үндөгөн. Эмне үчүн? Ал: «Мырзабыздын силерге бата берип жатканын жана өзүңөрдүкүндөй баа жеткис ишенимге ээ болгондор менен чогулуп жаткан-жатпаганыңарды билип турушубуз үчүн, жазып тургула»,— деген.

Чарлз Рассел менен Копенгаген шаарындагы (Дания) Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр, 1909-жыл

20 1882-жылы «Күзөт мунарасына» чыккан «Чогулуп туралы!» деген макалада Машаяктын жолдоочулары «окуп-билгендерин бири-бирине айтууга, ишенимин бекемдеп, күч-кубат берүүгө» чакырылышкан. Макалада мындай делген: «Араңарда билимдүү же жөндөмдүүлөр бар болсо да, сыйынганы чогулганда ар бириңер Ыйык Китебиңерди, кагаз менен калемсабыңарды ала келгиле. Ыйык Китепти казып изилдегенге жардам бере турган, алфавиттик көрсөткүч сыяктуу, колдо бар куралдарды колдонгула. Теманы тандагандан кийин аны жакшы түшүнүш үчүн ыйык рух сурап тиленгиле. Окугула, ой жүгүрткүлө, аяттарды бири-бири менен салыштыргыла. Ошондо ыйык рух чындыктын маани-маңызын түшүнүүгө жардам берет».

21. Аллегейнидеги бир туугандар чогулуп туруу жана бири-бирине көңүл буруу жагынан кандай үлгү көрсөтүшкөн?

21 Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн башкы башкармалыгы Пенсильваниядагы (АКШ) Аллегейниде жайгашкан болчу. Ал жердеги бир туугандар Еврейлер 10:24, 25ке ылайык иш кылып, чогулуп турушкан жана башкаларга да бул жагынан жакшы үлгү болушкан. (Аяттарды оку.) Балачагында ошол чогулушка барган Чарлз Капен бир тууган ошол кезди эскерип: «Коомдун чогулуш өткөргөн залында жазылып турган: „Бир эле устатыңар бар. Силер болсо бир туугансыңар“,— деген аят азыркыга чейин көз алдыман кетпейт. Аны окуганда Жахабанын эли дин кызматчылар жана карапайым эл болуп экиге бөлүнбөй турганын түшүнгөм. Ошол нерсе жүрөгүмө ташка тамга баскандай эле жазылып калыптыр»,— деп жазган (Мт. 23:8). Чарлз Капен бир тууган дем-шык берерлик чогулуштарда бир туугандардын бири-бирине жылуу сөздөрдү айтып күч-кубат бергенин, Рассел бир туугандын жакшы койчу катары келгендердин ар бирине көңүл бурганын да айтып берген.

22. Кудайдын ишенимдүү кызматчылары чогулуп турууга байланыштуу чакырыкты кандай кабыл алышкан жана биз алардан кандай үлгү алсак болот?

22 Башка шаарлардагы бир туугандар да, Аллегейнидеги бир туугандардан үлгү алып, жетекчиликке ылайык иш кылышкан. Ошентип, жыйналыштар Огайо, Мичиган штаттарында, бара-бара бүтүндөй Түндүк Америкада жана башка жерлерде да уюштурулган. Ойлонуп көрсөңөр, Кудайдын эли сыйынуу үчүн чогулууга байланыштуу кеңешке кулак какпаса, Машаяктын катышуусу баштала турган убакка даяр боло алат беле? Албетте, жок. Биз алардан кандай үлгү алсак болот? Жыйналышка үзбөй барууга, бир туугандар менен чогуу сыйынууга жана бири-бирибизди бекемдөөгө чечкиндүү болушубуз керек.

Ынталуу кабар айтуу

23. «Күзөт мунарасында» майлангандардын чындык жөнүндө кабар айтышы керектиги кандайча баса белгиленген?

23 Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр майлангандардын баарын кабар айтууга үндөшкөн. 1885-жылы «Күзөт мунарасына»: «Майлангандардын баары кабар айтууга майланганын, кызмат кылууга чакырылганын унутпашыбыз керек (Ыш. 61:1)»,— деп жазылган. Ал эми 1888-жылы: «Биз өз милдетибизди жакшы билебиз... Кабар айтуудан баш тартсак же катышпаганга шылтоо издесек, анда зор сыймыкка ээ болууга татыксыз, жалкоо кызматчылардан болуп калабыз»,— деп айтылган.

24, 25. а) Рассел менен анын шериктери бир туугандарды кабар айтууга үндөгөндөн тышкары, дагы эмне кылышкан? б) Адабият таратуучу бир тууган машине аз кезде кантип кызмат кылган?

24 Рассел бир тууган менен анын шериктери башкаларды кабар айтууга эле үндөбөстөн, «Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн баракчалары», «Байыркы окуулар» деп аталган баракчаларды чыгара башташкан. «Күзөт мунарасынын» окурмандары аларды бекер таратышчу.

«Кабар айтуу иши жашоомдо биринчи орунда турабы?» — деп ойлонуп көргөнүбүз дурус

25 Ошол учурда бүт убактысын кызматка жумшагандар адабият таратуучулар деп аталышчу. Чарлз Капен да алардын бири болгон. Ал кийинчерээк мындай деген: «АКШнын мамлекеттик геологиялык кызматы чыгарган картаны колдонуп, Пенсильваниядагы аймагымды кыдырып чыккам. Ал картага бүт көчөлөр түшүрүлгөндүктөн, штаттын булуң-бурчуна чейин жөө кыдырып чыгуу мүмкүн болчу. „Жазманы изилдөө“ эмгегин алгысы келгендерди издеп, кээде үч күн жол жүрчүмүн. Анан ат арабаны ижарага алып, китептерди жеткирип берчүмүн. Дыйкандардын үйлөрүндө түнөп калган далай күндөрүм болгон. Ал кезде машине аз болчу».

Адабият таратуучу. Арабанын капталында «Кылымдардын чиймеси» тартылып турат

26. а) Кудайдын элинин кабар айтуу ишине катышканы эмне үчүн маанилүү болгон? б) Ар бирибиздин эмне деп ойлонуп көргөнүбүз дурус?

26 Ал убакта кабар айтуу үчүн кайраттуу, ынталуу болуу маанилүү болчу. Эгер Кудайдын эли кабар айтуу маанилүү экенин түшүнбөсө, Машаяктын катышуусу баштала турган убакка даяр боло алат беле? Кайдан! Кабар айтуу иши Машаяктын катышуусунун убагы башталганынын негизги белгиси болгон (Мт. 24:14). Кудайдын кызматчылары өмүрдү сактап кала турган маанилүү ишти жашоосунда биринчи орунга коюшкан. Андыктан ар бирибиздин: «Кабар айтуу иши жашоомдо биринчи орунда турабы? Ага толук кандуу катышуу үчүн бир нерселерден баш тартканга даярмынбы?» — деп ойлонуп көргөнүбүз дурус.

Кудайдын Падышалыгы төрөлдү!

27, 28. Элчи Жакан эмне жөнүндө аян көргөн? Падышалык төрөлгөндө, Шайтан менен жиндер эмне кылышкан?

27 Ошентип, көптөн күткөн 1914-жыл да келген. Бөлүмдүн башында айтылгандай, асманда болгон укмуштуудай окуяны эч ким көргөн эмес. Ошентсе да элчи Жаканга аян берилген. Ал асмандан «улуу жышаан» көргөн. Аяндагы «аял» — Жахабанын асмандагы рухий жаратуулардан турган жана аялга салыштырылган уюму — уул төрөгөн. Каймана маанидеги уул келечекте «бардык элдерди темир таяк менен кайтармак». Ал төрөлөр замат «Кудайга, анын тактысына алынып кеткен». Анан асмандан: «Мына, Кудайыбыз куткарылуу алып келди, анын күчү айкын көрүндү, Падышалыгы орноду, анын Машаягы бийлик жүргүзө баштады!» — деген катуу үн чыккан (Аян 12:1, 5, 10).

28 Ооба, элчи Жакан Падышалыктын төрөлгөнүн көргөн. Бирок бул окуяга баары эле кубана берген эмес. Шайтан менен жиндер Микеилдин — Машаяктын — жетекчилиги астындагы ишенимдүү периштелерге каршы күрөшүшкөн. Ал согуштун жыйынтыгы кандай болгон? Ыйык Китепте: «Бүт жер жүзүн адаштырып жүргөн байыркы жылан, Ибилис жана Шайтан деп аталган чоң ажыдаар, жерге кулатылды, аны менен кошо периштелери да кулатылды»,— деп айтылган (Аян 12:7, 9).

Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр 1914-жылы Машаяктын катышуусу башталганын билдирген белгини айкын көрө башташкан

29, 30. Падышалык төрөлгөндө, а) жерде, б) асманда эмне болгон?

29 Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр көптөгөн жылдар мурун эле 1914-жылы азап-кайгы башталарын айтып келишкен. Бирок алар айткандарынын канчалык так аткарыларын өздөрү деле билишкен эмес. Элчи Жаканга ачылып берилгендей, Шайтан каарын адамзатка болуп көрбөгөндөй төкмөк. Аянда: «Асман жана анда жашагандар, кубангыла! Ал эми жер менен деңизге кайгы, анткени Ибилис убактысынын аз калганын билип, силерге катуу каары менен түштү»,— деп айтылган (Аян 12:12). 1914-жылы Биринчи дүйнөлүк согуш тутанып, Машаяктын катышуусунун убагы башталганын билдирген пайгамбарлыктар дүйнө жүзү боюнча аткарыла баштаган. Ошентип, бул дүйнөнүн «акыркы күндөрү» башталган (2 Тим. 3:1).

30 Бирок асмандагылар кубанышкан. Анткени Шайтан менен жиндер асмандан биротоло куулуп түшүрүлгөн. Ыйык Китепте: «Асман жана анда жашагандар, кубангыла!» — делет (Аян 12:12). Асман тазаланып, Машаяк такка отурган. Ошондон тартып ал Падыша катары Кудайдын элин жетектөөгө киришкен. Ал эмнелерди кылмак? Бөлүмдүн башында айтылгандай, Машаяк адегенде «келишим кабарчысы» катары Кудайдын жердеги кызматчыларын тазалоого киришмек. Бул эмнени билдирген?

Текшерүү маалы

31. Малаки пайгамбар эмне жөнүндө айткан жана ал кандайча аткарыла баштаган? (Шилтемени да карагыла.)

31 Кудайдын эли үчүн тазалануу маалы абдан оор учур болмок. Малаки пайгамбар: «Ал келген күнү ким чыдай алат? Ал келгенде ким туруштук бере алат? Анткени ал эритүүчү оттой, кир жуугандардын шакарындай»,— деген (Мал. 3:2). Ал кандай гана таамай айткан! 1914-жылдан тартып Кудайдын эли биринен сала бири келген чоң сыноолорго дуушар болгон. Биринчи дүйнөлүк согуш күч алып турган маалда алар катуу куугунтукталып, түрмөлөргө да камалышкан d.

32. 1916-жылдан кийин уюмдун ичинде кандай кыйынчылыктар болгон?

32 Уюмдун ичинде да көп кыйынчылыктар болгон. 1916-жылы 64 эле жашында Рассел бир тууган көз жумган. Бир туугандар уккан кулагына ишенбей, бир топко чейин жаман болуп жүрүшкөн. Ошондо айрымдардын пендени туу тутуп жүргөнү айкын болгон. Рассел бир тууган муну эч качан каалабаса да, көптөрдүн ага кылган мамилеси ага сыйынганга эле тете болгон. Алар Рассел бир тууган өлгөндөн кийин чындыкты ачып бере турган эч ким болбойт деп ойлошкондуктан, айрымдары алдыны көздөй кадам шилтөөдөн баш тартышкан. Ошонун айынан көптөр чындыктан четтеп, уюм эки жаатка бөлүнгөн.

33. Бир туугандардын ойлогон ою орундалбай калганы алардын ниетин кандайча ачыкка чыгарган?

33 Бир туугандардын ойлогон ою орундалбай калганы да алардын ниетин ачыкка чыгарган. «Күзөт мунарасында» «башка элдерге белгиленген убакыт» 1914-жылы бүтөт деп так айтылса да, ишенимдештерибизге ошол жылы эмне болору бүдөмүк болгон (Лк. 21:24). Алар 1914-жылы Машаяк майлангандардан турган колукту тобун асманга алып кетет деп ойлошкон. Бирок андай болгон эмес. 1917-жылдын аягында «Күзөт мунарасына» 40 жылга созулган орок маалы 1918-жылы жазында соңуна чыгат деп жарыяланган. Бирок ошону менен кабар айтуу иши токтоп калган эмес. Журналда муну орок маалы бүтсө да, машак терүү улантылып жатат деп түшүндүрүшкөн. Ошентсе да көптөр үмүтү ишке ашпай калганына көңүлү чөгүп, Жахабага кызмат кылбай калышкан.

34. 1918-жылы кандай оор сыноо болгон? Христиан дүйнөсүндөгү дин кызматчылар Кудайдын эли «өлүп» жок болот деп эмне үчүн ойлошкон?

34 Эң оор сыноо 1918-жылы болгон. Расселдин ордуна дайындалган Жозеф Рутерфорд менен жооптуу жети бир тууган камакка алынышкан. Алар адилетсиз түрдө айыпталып, көп жылга кесилишкен. Бир туугандар Атлантадагы (Жоржия штаты, АКШ) өзгөчө көзөмөлгө алынган түрмөгө камалышкан. Бир караганда, Кудайдын элинин иши таптакыр токтоп калгандай көрүнгөн. Ошондо христиан дин кызматчылары төбөсү көккө жете кубанышкан. Алардын ою боюнча, «башчылары» түрмөгө түшсө, Бруклиндеги башкы башкармалык жабылмак. Ал эми Америка менен Европада кабар айтуу ишине катуу каршылык көрсөтүлсө, кыжырды келтирген Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн жаагы жап болуп, «өлүп» жок болушмак (Аян 11:3, 7—10). Алар кандай гана жаңылышкан!

Жандануу маалы

35. Иса Машаяк жолдоочуларынын кыйынчылыктарга дуушар болушуна эмне үчүн жол берген? Машаяк аларга кантип жардам берген?

35 Душмандар Машаяктын ошол кыйынчылыктарга эмне үчүн жол бергенин билишкен да эмес. Чынында, Жахаба «күмүштү эритип-тазалаган» «эритүүчүдөй... болуп», өз элин тазалоого киришкен болчу (Мал. 3:3). Жахаба да, Уулу да ишенимдүү кызматчыларынын оттой кыйынчылыктардан өтүп, тазаланып, Падышага мурункудан да жигердүү кызмат кылууга жарактуу болуп чыгышарын билишкен. 1919-жылдын башында Кудай ыйык руху аркылуу душмандардын оюна да келбеген нерсени кылган: ал өзүнүн ишенимдүү жолдоочуларын жандандырган! (Аян 11:11). Ошол жылы Машаяк майлангандардын ичинен «ишенимдүү жана акылдуу кулду» Кудайдын элине өз убагында билим берип турууга дайындап, акыркы күндөрдүн негизги белгиси болгон пайгамбарлыкты аткарган (Мт. 24:45—47).

36. Кудайдын элинин жандана баштаганы эмнеден көрүнүп турган?

36 Рутерфорд бир тууган менен анын шериктери 1919-жылы 26-мартта түрмөдөн бошотулушкан. Алар чыгары менен эле ошол жылдын сентябрында жыйын өткөрүүгө даярдана башташкан. «Алтын кылым» (англ.) деген жаңы журналды чыгарууну да ойлонуштура башташкан. «Күзөт мунарасы» менен кошо чыга турган ал журнал, негизинен, кабар айтуу кызматы үчүн чыгарылмак e. Ошол эле жылы «Бюллетень» (англ.) деген басылма жарык көргөн. Учурда ал «Ыйык кызматыбыз жана жашообуз жолугушуусунун окуу куралы» деп аталат. Алгачкы санынан баштап эле анда окурмандар кабар айтууга жигердүү катышууга чакырылышкан. 1919-жылдан тартып үймө-үй кабар айтууга өзгөчө басым жасалган.

37. 1919-жылдан кийин айрымдар эмне үчүн Кудайдын элинен бөлүнүп кетишкен?

37 Кабар айтуу иши да Машаяктын жолдоочуларынын тазаланышына өбөлгө түзгөн. Алардын арасындагы текебер кишилер кабар айтуудан ачык эле баш тартышкан. Анткени ал иш момундукту талап кылган. Ошентип, алар баш ийбестик кылып, өздөрү эле Кудайдын элинен бөлүнүп кетишкен. Айрымдары ушунчалык ачуулангандыктан 1919-жылдан кийин Жахабанын элине жалаа жаап, атүгүл душмандар тарапка өтүп, аларды куугунтуктай башташкан.

38. Кудайдын кызматчыларынын ар бир ийгилиги, ар бир жеңиши эмнени далилдеп турат?

38 Машаяктын жолдоочулары туш-тараптан сокку урулганына карабай, өркүндөп-өсө беришкен. Алардын ар бир ийгилиги, ар бир жеңиши — Падышалыктын башкарып жатканынын төгүндөлгүс далили! Жеткилеңсиз адамдар, Кудай аларга Уулу жана Падышалыгы аркылуу колдоо көрсөтүп, бата бергенинин аркасында гана, Шайтанды жана ал башкарган ыймансыз дүйнөнү жеңип келет. (Оку: Ышая 54:17.)

Рутерфорд бир тууган түрмөдөн чыккандан бир нече ай өткөндөн кийин жыйында жүрөк козгоорлук баяндама айткан

39, 40. а) Бул китептин кандай өзгөчөлүктөрү бар? б) Бул китепти изилдөөдөн жеке сен кандай пайда аласың?

39 Кийинки бөлүмдөрдө төрөлгөндөн кийинки жүз жылдыкта Падышалыктын кандай иштерди кылганы талкууланат. Бул китептин ар бир бөлүгүндө Падышалыктын жерде аткарган иштеринин белгилүү бир өзгөчөлүгүнө көңүл бурулат. Ар бир бөлүмүндө кайталоо үчүн суроолор камтылган кутучалар бар. Ал суроолор ар бирибизге Падышалыктын башкарып жатканына бекем ишенүүгө жардам берет. Соңку бөлүмдөрдө болсо Падышалык ыймансыз дүйнөнү талкалагандан кийин эмне болору айтылат. Бул китепти изилдөөдөн жеке сен кандай пайда аласың?

40 Шайтан сенин Падышалыктын бийлик жүргүзүп жатканына шектенип, бара-бара такыр ишенбей калышыңды каалайт. Ал эми Жахаба сени анын айла-амалдарынан коргоп, чындык жолунда бекем турушуңа жардам бергиси келет (Эф. 6:16). Андыктан сени бул китепти тиленип, кылдат изилдөөгө үндөйбүз. «Падышалыктын бийлик жүргүзүп жатканына бекем ишенемби?» — деп дайыма ой жүгүрт. Азыр Падышалыкка канчалык бекем ишенип, аны колдосоң, ал толугу менен бийлик жүргүзө баштаганда да берилгендигинен жазбай, аны бүт күчү менен колдогондордун арасында сөзсүз болосуң!

a Гру, Стетсон, Сторрз жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн «Жахабанын Күбөлөрү — Кудайдын Падышалыгынын жарчылары» китебинин 45, 46-беттерин карагыла, ор.

b Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр дүйнө менен тыгыз байланышта болгон диндерден оолак болушу керектигин түшүнүшсө да, Ыйык Китеп Изилдөөчү боло элек, бирок кунга ишенгендерди жана өздөрүн Кудайга арналганбыз деп эсептегендерди бир топ жыл бою бир туугандар деп эсептеп келишкен.

c Мындай эскертүүлөргө көптөр адегенде олуттуу маани беришкен эмес. Анткени бул Машаяктын «кичине оторго» кирген 144 000 жолдоочусуна эле тиешелүү деп ойлошкон. 5-бөлүмдөн биле турганыбыздай, 1935-жылга чейин «Король Яковдун Ыйык Китебиндеги» Аян 7:9, 10до айтылган «эбегейсиз көп адамдарга» христиан чиркөөлөрүнүн сансыз мүчөлөрү кирет деп ойлошкон. Алар Машаяк менен бийлик жүргүзө тургандардын экинчи тобун түзүшөт деп эсептелип келген.

d 1920-жылдын сентябрында «Алтын кылым» (азыр «Ойгонгула!») журналынын атайын даярдалган саны чыгарылган. Ал санда Канададагы, Англиядагы, Германиядагы жана Кошмо Штаттардагы бир туугандардын согуш маалында катуу куугунтукталып, ырайымсыз мамилеге туш болгону жазылган. Кызыктуусу, Биринчи дүйнөлүк согушка чейин анчалык катуу каршылык көрсөтүлгөн эмес.

e Көп жыл бою «Күзөт мунарасы», негизинен, «кичине отор» үчүн гана чыгарылып келген.