Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

3-БӨЛҮМ

Жахаба ой-ниетин ачып берип келет

Жахаба ой-ниетин ачып берип келет

БӨЛҮМДӨГҮ НЕГИЗГИ ОЙ

Жахаба ой-ниетин андан корккондорго гана ачып берет

1, 2. Жахаба адамзатка карата ой-ниетин кантип ачып берүүдө?

 КАМКОР ата-эне үй-бүлөсүнө тиешелүү маселелерди балдары менен чогуу талкуулашат. Бирок алар эстүүлүк кылып, балдарына баарын ийне-жибине чейин айта бербей, алардын жетилгенине жараша канча түшүнө алса, ошончо айтышат.

2 Жахаба да ой-ниетин адамзатка акырындык менен ачып берип келет. Ал ар бир нерсени өз убагында ачып берүүнүн маанилүүлүгүн да эске алат. Келгиле, Жахабанын кылымдар бою Падышалык жөнүндөгү чындыкты кантип ачып берип келгенин кыскача карап көрөлү.

Падышалык эмне үчүн зарыл болгон?

3, 4. Жахаба адам баласынын тагдырын алдын ала чечип коёбу? Түшүндүр.

3 Падышалыкты орнотуу Жахабанын ой-ниетине кирген эмес. Анткени Жахаба адам баласынын тагдырын алдын ала чечип койбойт. Ал бизди өз алдынча чечим чыгаруу эркиндиги менен жараткан. Жахаба Адам ата менен Обо энеге: «Укумдап-тукумдагыла, жер бетин толтургула, аны иштеткиле» — деп, адамзатка байланыштуу ой-ниетин ачып берген (Башт. 1:28). Кудай алардан жакшы менен жаманды айырмалаган мыйзамдарга баш ийүүнү талап кылган (Башт. 2:16, 17). Адам ата менен Обо эне Жахабага берилгендигин сактаар-сактабасын өздөрү чечишмек. Эгер алар да, урпактары да берилгендигин сакташса, Кудайдын эрки аткарылышы үчүн, Падышалыктын зарылдыгы болмок эмес. Эмдигиче жер бети Жахабага сыйынган жеткилең адамдарга толуп, жыргап-куунап жашап жатмакпыз.

4 Шайтан, Адам ата жана Обо эне каршы чыгышканда, Жахаба жер бетин жеткилең адамдарга толтурам деген ой-ниетинен кайткан эмес. Ал ой-ниетин башка жол менен ишке ашырууну чечкен. Анын ой-ниети жолдун ортосуна чоң бак кулап калганы үчүн, андан ары жүрө албай токтоп калган машинеге окшош эмес. Жахаба бир нерсени ниет кылса, анын жүзөгө ашышына бүтүндөй ааламда эч ким, эч нерсе тоскоолдук кыла албайт. (Оку: Ышая 55:11.) Эгер тоскоолдук кыла турган кыйынчылык пайда болсо, ал башка жолду тандайт a (Чыг. 3:14, 15). Анан зарыл деп эсептесе, ишенимдүү кызматчыларына ниетин башка жол менен ишке ашырууну чечкенин билдирет.

5. Жахаба Эйденде чыккан козголоңдун кесепетин жоюш үчүн эмне кылууну ниет кылган?

5 Эйденде чыккан козголоңдун кесепетин жоюш үчүн Жахаба Падышалыкты орнотууну ниет кылган (Мт. 25:34). Ал адамдарды үмүтсүз калтырып койбой, Падышалык аркылуу адамзатты кайрадан жеткилеңдикке жеткирерин, бийликке жутунган Шайтан келтирген зыянды жок кыларын убада кылган (Башт. 3:14—19). Бирок ал Падышалыкка тиешелүү нерселерди майда-чүйдөсүнө чейин дароо ачып берген эмес.

Падышалык жөнүндөгү чындыктын ачылышы

6. Жахаба эмнени убадалаган? Эмне үчүн ал баарын майда-чүйдөсүнө чейин дароо ачып берген эмес?

6 Жахаба эң биринчи пайгамбарлыкта эле жыландын башын жанчый турган «тукумдун» болорун айткан. (Оку: Башталыш 3:15.) Бирок ал тукумдун жана жыландын тукумунун ким болору ошол маалда белгисиз болчу. Жахаба муну 2 000 жылдай өткөндөн кийин гана ачып берген b.

7. Кудай эмне үчүн Ыбрайым пайгамбарды тандап алган? Биз мындан эмнени билсек болот?

7 Убакыттын өтүшү менен тукумдун Ыбрайым пайгамбардын урпактарынан чыгары айкын болгон. Кудай эмне үчүн Ыбрайым пайгамбарды тандаган? Анткени ал Кудайдын тилин алган киши болчу (Башт. 22:18). Биз мындан Жахабанын өз ой-ниетин андан корккондорго гана ачып берерин билсек болот. (Оку: Забур 25:14.)

8, 9. Жахаба Ыбрайым пайгамбар менен Жакыпка убадаланган тукумга байланыштуу эмнелерди ачып берген?

8 Жахаба тукумга байланыштуу маанилүү чындыкты, анын адам болуп төрөлөрүн, эң биринчи жолу досу Ыбрайым пайгамбарга айткан (Башт. 22:15—17; Жкп. 2:23). Ал адам жыландын башын кантип жанчый алмак? Жылан ким болгон? Булардын жообу бара-бара айкын болгон.

9 Жахаба тукумдун Ыбрайым пайгамбардын ишеними күчтүү небереси Жакыптан чыгарын ниет кылган (Башт. 28:13—22). Ал Жакыпка тукумдун анын уулу Жүйүттүн урпактарынан болорун айткан. Ал эми Жакып Жүйүттөн чыккан ошол тукумга «падыша таягы» берилерин, анын падышалык бийликке ээ болорун жана бардык адамдардын ага баш иерин, пайгамбарлык кылган (Башт. 49:1, 10). Ошондо Жахаба тукумдун падыша болорун ачып берген.

10, 11. Жахаба эмне үчүн Дөөтү падыша менен Даниел пайгамбарга ой-ниети тууралуу айткан?

10 Жүйүт жашаган убактан 650дөй жыл өткөндөн кийин Жахаба Жүйүт уруусунан чыккан Дөөтү падышага ниетин айкыныраак ачып берген. Жахаба Дөөтү падышаны «жүрөгүнө жаккан адам» деп айткан (1 Шем. 13:14; 17:12; Элч. 13:22). Дөөтү падыша Кудайдан корккон киши болгондуктан, Кудай аны менен келишим түзүп, анын урпактарынын бири түбөлүккө падыша болорун убадалаган (2 Шем. 7:8, 12—16).

11 Ошондон 500 жылдай өткөндөн кийин Жахаба Иса Машаяктын качан келерин Даниел пайгамбар аркылуу так айткан (Дан. 9:25). Жахаба Даниел пайгамбарды «абдан сүйүктүү киши» деп эсептеген. Себеби ал Жахабаны терең урматтап, берилгендигин сактап, ага ар дайым кызмат кылган (Дан. 6:16; 9:22, 23).

12. Жахаба Даниел пайгамбарга эмне кылууну айткан жана эмне үчүн?

12 Жахаба Даниел сыяктуу ишенимдүү пайгамбарларына Машаякка байланыштуу көп нерселерди ачып берсе да, ыйык рухтун жетеги менен жазылгандардын маанисин түшүнүүгө али убакыт келе элек болчу. Мисалы, Даниел пайгамбар Падышалыктын орногону жөнүндө аян алганда, Кудай ага белгиленген убакка чейин пайгамбарлыкка «мөөр басып» коюшу керектигин айткан. Ошол убак келгенде «чыныгы билим көбөймөк» (Дан. 12:4).

Жахаба Даниел сыяктуу ишенимдүү пайгамбарларына Падышалыкка байланыштуу көп нерселерди ачып берген

Иса Машаяк Кудайдын ой-ниетине жарык чачкан

13. а) Убадаланган тукум ким болгон? б) Машаяк Башталыш 3:15теги пайгамбарлыкты кандайча айкыныраак түшүндүрүп берген?

13 Жахаба Иса Машаяктын Дөөтү падышанын урпактарынан чыккан Падыша, убадаланган тукум экенин так-таасын көрсөткөн (Лк. 1:30—33; 3:21, 22). Машаяк кызматын баштаганда, караңгылыкта жүргөн эл Кудайдын ой-ниети жөнүндө көбүрөөк билип, улуу жарыкты көргөндөй эле болгон (Мт. 4:13—17). Маселен, Иса пайгамбар Башталыш 3:14, 15теги «жыландын» «киши өлтүргүч», «жалгандын атасы» болгон Ибилис экенин ачык эле айткан (Жкн. 8:44). Ал эми элчи Жаканга берген аянда ал «байыркы жыланды» «Ибилис жана Шайтан» деп атаган c. (Оку: Аян 1:1; 12:9.) Иса Машаяк ошол эле аянда убадаланган тукум катары Эйденде айтылган пайгамбарлыкты аткарып, Шайтанды биротоло жок кыларын да көрсөткөн (Аян 20:7—10).

14—16. Машаяктын 1-кылымдагы шакирттери анын сөздөрүнүн маанисин дароо эле түшүнүшчү беле? Түшүндүргүлө.

14 Бул китептин 1-бөлүмүнөн билгенибиздей, Иса пайгамбар Падышалык жөнүндө көп айткан. Ошентсе да ал шакирттери билгиси келген нерселердин баарын майда-чүйдөсүнө чейин айта берген эмес. Кээде Падышалыкка байланыштуу нерселерди майдалап түшүндүрүп берсе да, шакирттери аларды убакыттын өтүшү менен гана түшүнүшкөн. Ал эми айрым сөздөрүнүн маани-маңызы жолдоочуларына бир канча кылымдан кийин гана түшүнүктүү болгон. Бул ойду бышыкташ үчүн бир нече мисал карап көрөлү.

15 Иса пайгамбар б.з. 33-жылы шакирттерине Падышалыкта аны менен кошо башкара тургандардын жерден алынып, асманга рухий жаратуу катары тирилерин айткан. Бирок алар мунун маанисин дароо түшүнүшкөн эмес (Дан. 7:18; Жкн. 14:2—5). Ошол эле жылы Иса пайгамбар шакирттерине асманга кеткенден көп убакыт өткөндөн кийин гана Падышалыктын орноорун бир нече мисал менен түшүндүрүп берген (Мт. 25:14, 19; Лк. 19:11, 12). Бирок алар мунусунда да бул маанилүү чындыктын маанисин аңдашпай, кийинчерээк: «Мырзам, Ысрайыл падышалыгын азыр калыбына келтиресиңби?» — деп сурашкан. Ошондуктан Машаяк аларга Падышалыкка байланыштуу айрым нерселерди айтпай турууну чечкен (Элч. 1:6, 7). Иса Машаяк өзү менен кошо бийлик жүргүзө турган «кичине оторго» кирбеген «башка койлордун» болорун да айткан (Жкн. 10:16; Лк. 12:32). Машаяктын жолдоочулары ошол эки топтун кимдерди билдирерин 1914-жылы Падышалык орногондон бир канча жыл өткөндөн кийин гана түшүнүшкөн.

16 Иса пайгамбар жерде жүргөндө шакирттерине көп нерселерди айткысы келген, бирок алардын ошол учурда баарын түшүнө албасын билген (Жкн. 16:12). Ырас, 1-кылымда Падышалыкка байланыштуу көп нерселер ачылып берилген. Анткен менен чыныгы билим көбөйө турган убак али алдыда болчу.

«Акыркы убакта» «чыныгы билим көбөйдү»

17. Падышалык жөнүндөгү чындыкты түшүнүш үчүн эмне кылышыбыз керек? Бул үчүн дагы эмне маанилүү?

17 Жахаба Даниел пайгамбарга «акыркы убакта» көптөрдүн Ыйык Жазманы «изилдээрин», Кудайдын ой-ниетине байланыштуу «чыныгы билимдин» көбөйөрүн айткан (Дан. 12:4). «Чыныгы билимди» тапкысы келгендер көп күч-аракет жумшашы керек. Бир эмгекте еврей тилиндеги «изилдөө» деген сөз кимдир бирөөнүн китепти кылдат, казып изилдегенин билдирери жазылган. Бирок Ыйык Китепти канчалык казып изилдебейли, Жахаба ачып бермейин, Падышалык жөнүндөгү чындыкты түшүнө албайбыз. (Оку: Матай 13:11.)

18. Жахабадан корккон адамдардын момундугу, бекем ишеними эмнеден көрүнүп турат?

18 Жахаба 1914-жылга чейин Падышалык жөнүндөгү чындыкты акырындык менен ачып берип келгендей эле, «акыркы убакта» да ачып берүүдө. Ушул китептин 4, 5-бөлүмдөрүнөн 100 жылдан ашуун убакыт аралыгында кайсы бир окуулардын жаңыча түшүндүрүлгөнү жөнүндө окуйбуз. Бул Кудайдын өз элин колдобогонун билдиреби? Албетте, жок. Кудай аларды дайыма колдоп келет. Анткени Кудайдан корккон эл ага жаккан эки сапатты — ишеним менен момундукту — чагылдырат (Евр. 11:6; Жкп. 4:6). Жахабанын кызматчылары анын бардык убадаларынын аткарыларына бекем ишенишет. Ошондой эле кайсы бир убаданын кантип аткарыларын туура эмес түшүнүп келгенин момундук менен моюнга алышат. Алардын момундугу «Күзөт мунарасынын» 1925-жылдын 1-мартындагы санындагы: «Кудай баарын өзү түшүндүрүп берет. Ал өзүнүн Сөзүндө жазылгандарды элине өзү туура көргөн убакта, өзү туура көргөн жол менен ачып берет»,— деген сөздөрдөн көрүнүп турат.

«Кудай... өзүнүн Сөзүндө жазылгандарды элине өзү туура көргөн убакта, өзү туура көргөн жол менен ачып берет»

19. Жахаба бизге эмнени түшүнүүгө жардам берип келет жана эмне үчүн?

19 1914-жылы Падышалык орногондо, Кудайдын эли Падышалыкка тиешелүү пайгамбарлыктардын кантип аткарыларын так билген эмес (1 Кор. 13:9, 10, 12). Кудайдын убадаларынын жүзөгө ашышын көрүүгө ушунчалык куштар болгондуктан биз кээде туура эмес жыйынтык чыгарып алабыз. «Күзөт мунарасынын» жогорку абзацта айтылган санында: «Пайгамбарлыктардын маанисин алар аткарылып бүткөндөн кийин же аткарылып жатканда гана түшүнүүгө болот деген тыянак акылга сыярлыктай көрүнөт»,— деп да жазылган. Бул сөздөрдүн калетсиз экенине көп жылдан бери ынанып келебиз. Биз акыркы күндөрдүн акыркы сааттарында жашап жаткандыктан, Падышалыкка байланыштуу көп пайгамбарлыктар аткарылып бүттү, ал эми айрымдарынын аткарылып жатканына өзүбүз күбө болуудабыз. Кудайдын эли момун, оюн өзгөртүүгө дайым даяр болгондуктан, Кудай ой-ниетин уламдан-улам айкыныраак ачып берип жатат. Ооба, «чыныгы билим» кыйла көбөйдү!

Жаңы түшүнүк ниетти айкын кылат

20, 21. Окуулардын жаңыча түшүндүрүлүшү Кудайдын 1-кылымдагы кызматчыларынын ниетин кантип айкын кылган?

20 Жахаба кайсы бир окууну жаңыча түшүндүрүп бергенде, ниетибиздин кандай экени айкын болот. Жахабага бекем ишенип, андай өзгөрүүнү момундук менен кабыл алабызбы? Кудайдын 1-кылымдагы кызматчылары ошондой сыноого туш болушкан. Өзүңдүн Машаяктын жүйүт элинен болгон жолдоочусу экениңди элестетсең. Сен Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамга бек карманган жүйүт элинен экениңе сыймыктанасың. Бир күнү эле элчи Пабылдан ыйык рухтун жетеги менен жазылган кат келет. Катта Мыйзамга мындан ары кармануу талап кылынбай турганы, Жахабанын кадимки Ысрайылды четке кагып, жүйүттөрдөн жана башка улуттардан турган рухий Ысрайылды тандап алганы жазылган (Рим. 10:12; 11:17—24; Гал. 6:15, 16; Кол. 2:13, 14). Сен эмне кылат элең?

21 Машаяктын момун жолдоочулары элчи Пабылдын жазгандарын момундук менен кабыл алып, Жахабадан мол бата алышкан (Элч. 13:48). Ал эми башкалары көз карашын өзгөрткүсү келбегендиктен жаңы көрсөтмөгө баш ийбей, кыжырданышкан (Гал. 5:7—12). Эгер алар көз карашын өзгөртпөсө, Машаяк менен чогуу бийлик жүргүзүү сыймыгынан айрылып калышмак (2 Пет. 2:1).

22. Кудайдын ой-ниети жөнүндө мурун билгендерибиз жаңыча түшүндүрүлгөндө, кандай сезимде болдуң эле?

22 Жахаба акыркы жылдары Падышалыкка байланыштуу айрым нерселерди жаңыча түшүндүрүп берди. Маселен, Падышалыкка момундук менен баш ийген кой мүнөздүү адамдардын эчкиге салыштырылган текебер адамдардан качан бөлүнөрү так-айкын болду. Ошондой эле 144 000дин качан чогултулуп бүтөрү, Падышалыкка байланыштуу мисалдардын мааниси, майлангандардын акыркысы асманга качан кетери ачылып берилди d. Бул сенин ишенимиңди бекемдебейби? Мунун баары Жахабанын момун элине билим берип жатканын тастыктап турган жокпу? Бул китептен Жахабанын андан корккон кызматчыларына ой-ниетин акырындык менен ачып берип жатканын окуганыңда, ага болгон ишенимиң ого бетер бекемделет.

a Кудайдын ысмынын мааниси еврей тилиндеги «болтурат» деген этиштен алынган. Жахабанын ысмы убадаларынын баары аткарыларына кепилдик берет. 4-бөлүмдөгү «Кудайдын ысмынын мааниси» деген кутучаны карагыла.

b Бул убакыт биз үчүн көптөй көрүнсө да, ошол учурда адамдардын көп жашаганын эске алышыбыз керек. Адам ата менен Ыбрайым пайгамбар жашаган убакытты 3 эле кишинин өмүр жашы бириктирип турат. Адам ата Нух пайгамбардын атасы Лемек менен, Лемек Нух пайгамбардын уулу Шем менен замандаш болгон. Ал эми Шем Ыбрайым пайгамбар менен замандаш болгон (Башт. 5:5, 31; 9:28, 29; 11:10, 11; 25:7).

c «Шайтан» деген сөз Еврей Жазмаларында 18 жолу, Грек Жазмаларында 30дан ашуун жолу кездешет. Демек, Еврей Жазмаларында Шайтанга эмес, Машаяктын ким болоруна көбүрөөк басым жасалган. Ал эми Машаяк келгенде, Грек Жазмаларынан көрүнүп тургандай, ал Шайтандын бетин ачкан.

d Жаңыча түшүндүрүлгөн бул окуулар жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн төмөнкүлөрдү карагыла: «Күзөт мунарасы», 1995-жыл, 15-октябрь, 23—28-б., ор.; 2008-жыл, 15-январь, 20—24-б.; 2008-жыл, 15-июль, 17—21-б.; 2013-жыл, 15-июль, 9—14-б.