Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

4-БӨЛҮМ

Жахаба өз ысмын даңазалап жатат

Жахаба өз ысмын даңазалап жатат

БӨЛҮМДӨГҮ НЕГИЗГИ ОЙ

Кудайдын эли анын ысмын ыйык тутат

1, 2. «Жаңы дүйнө котормосу» Кудайдын ысмын кандайча даңазалоодо?

 БРУКЛИН, Бейтел. 1947-жылдын 2-декабры. Күн тийип турганы менен, карандай суук. Ошол күнү эртең менен Бейтелдеги майланган бир туугандар тоодой ишке киришишкен. Алар 12 жыл бою талыкпай эмгектенип, ишти аягына чыгарышкан. Ошентип, 1960-жылы 13-мартта, жекшемби күнү, Ыйык Китептин жаңы котормосунун акыркы бети которулуп бүткөн. Үч ай өткөндөн кийин, 1960-жылдын 18-июнунда, Нейтан Норр бир тууган Манчестерде (Англия) өткөрүлгөн тарыхый жыйында Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» акыркы бөлүгү жарык көргөнүн кулактандырган. Норр бир туугандын: «Бүгүн бүт дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрү кубанып-шаттана турган күн!» — деген сөздөрү жыйында отургандардын зор кубанычын таамай сүрөттөгөн. Кудайдын ысмынын Ыйык Китептин жаңы котормосунда көп кездешкени бир туугандардын кубанычына кубаныч кошкон.

Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосунун» жарык көрүшү, 1950-жыл, «Теократиянын өсүшү» деген жыйын (Солдо: Янки стадиону, Нью-Йорк шаары. Оңдо: Гана)

2 Ыйык Китептин көп котормолорунан Кудайдын ысмын алып салышкан. Анткени Шайтан кылымдар бою Кудайдын ысмын жер бетинен биротоло өчүрүп, эч ким, эч качан эстебегидей кылгысы келген. Бирок Жахабанын майланган кызматчылары анын оюн ойрон кылышкан. 1960-жылы кулактандырылган «Жаңы дүйнө котормосунун» кириш сөзүндө: «Бул котормо Кудайдын ысмы Ыйык Жазманын кайсы жеринде турушу керек болсо, ошол жерлердин баарында калыбына келтирилгени менен өзгөчөлөнөт»,— делген. «Жаңы дүйнө котормосунда» Жахаба деген ысым 7 000ден ашуун жолу кездешет. Ооба, ал котормо Жахабанын ысмын даңазалаган өзгөчө котормо болду.

3. а) Бир туугандар Кудайдын ысмынын маанисине байланыштуу эмнени түшүнүшкөн? б) Чыгуу 3:13, 14төгү сөздөрдү кандай түшүнсөк болот? (« Кудайдын ысмынын мааниси» деген кутучаны карагыла.)

3 Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр мурда Кудайдын ысмынын мааниси, Ыйык Китептин бир котормосуна ылайык, «Мен бар болуп туруучумун» дегенди билдирет деп келишкен (Чыг. 3:14). Андыктан «Күзөт мунарасынын» 1926-жылдын 1-январындагы санында: «Жахаба деген ысым анын тирүү Кудай экенин,.. башталышы да, аягы да жок экенин билдирет»,— делген. Бирок «Жаңы дүйнө котормосу» которула баштаганда, Жахаба ысмынын мааниси анын тек гана бар экенин эле эмес, ой-ниеттерин жүзөгө ашырып, иш-аракет кылып турган Кудай экенин билдирерин ачып берген. Котормочулар Жахабанын ысмы «болтурат» дегенди туюнтарын түшүнүшкөн. Жахаба кең ааламды жана аң-сезимдүү жаратууларды «болтурган», башкача айтканда, жараткан. Ал эркин, ой-ниетин да «болтуруп» келет, тактап айтканда, ишке ашырып келет. Анда эмне үчүн анын ысмынын даңазаланышы абдан маанилүү? Биз анын ысмын кантип даңазалай алабыз?

Кудайдын ысмынын ыйыкталышы

4, 5. а) «Асмандагы Атабыз, ысмың ыйыкталсын»,— деп тиленгенде Кудайдан эмнени өтүнгөн болобуз? б) Кудай өз ысмын кантип жана качан ыйыктайт?

4 Жахаба ысмынын даңазаланышын каалайт. Иса Машаяктын: «Асмандагы Атабыз, ысмың ыйыкталсын»,— деген үлгү иретиндеги тиленүүсүндөгү биринчи өтүнүчүнөн Жахаба үчүн ысмынын ыйыкталышы баарынан маанилүү экени көрүнүп турат (Мт. 6:9). Биз ошол жөнүндө тиленгенде Кудайдан эмнени өтүнгөн болобуз?

5 Биринчи бөлүмдөн билгенибиздей, Иса пайгамбардын: «Асмандагы Атабыз, ысмың ыйыкталсын»,— деген өтүнүчү — Жахабанын ой-ниетине тиешелүү болгон үч өтүнүчтүн бири. Калган экөө жөнүндө Иса пайгамбар: «Падышалыгың келсин... Эркиң аткарылсын»,— деген (Мт. 6:10). Биз Жахабадан Падышалыгынын келишин, эркинин аткарылышын тилегендей эле, ысмын ыйыкташ үчүн да иш-аракет кылышын өтүнөбүз. Мындайча айтканда, Жахабадан Эйден багында чыккан козголоңдон бери караланып келген ысмын тазалоо үчүн иш-аракет кылышын суранган болобуз. Жахаба ушундай тиленүүгө кандай жооп кайтарат? Ал: «Мен... элдердин арасында булганган улуу ысмымды ыйыктайм»,— деп айткан (Жез. 36:23; 38:23). Ырас, ал Армагедондо жамандыкты түп-орду менен жок кылып, бардык жаратуулардын көз алдында ысмын ыйыктайт.

6. Кудайдын ысмынын ыйыкталышына кантип салым кошо алабыз?

6 Жахабанын эли кылымдар бою анын ысмынын ыйыкталышына салым кошуп келген. Бул зор сыймыкты Жахаба аларга өзү ыйгарган. Албетте, биз анын ысмын ыйыгыраак кыла албайбыз. Анткени ал ысым сөздүн толук маанисинде ыйык. Анда аны кандай мааниде ыйыктай алабыз? Ышая пайгамбар: «Асман аскерлеринин Кудайы Жахабаны ыйык туткула»,— деген. Ал эми Жахаба эли жөнүндө: «Алар менин ысмымды ыйыкташат,.. Ысрайылдын Кудайына урмат көрсөтүшөт»,— деп айткан (Ыш. 8:13; 29:23). Демек, биз Кудайдын ысмын бардык ысымдардан жогору көрүп, анын маанисин толук түшүнгөндө жана башкаларга да ыйык тутууга жардам бергенде аны ыйыктаган болобуз. Айрыкча, Жахабага Башкаруучубуз катары бүт жүрөгүбүз менен баш ийгенде анын ысмын терең урматтаарыбызды, кастарлаарыбызды көрсөтөбүз (Накыл 3:1; Аян 4:11).

Кудайдын ысмын алып жүрүүгө жана аны даңазалоого даярданышкан

7, 8. а) Кудайдын эли анын ысмы менен эмне үчүн дароо эле атала баштаган эмес? б) Азыр эмнелерге токтолобуз?

7 Кудайдын кызматчылары 1870-жылдардан тартып эле анын ысмын адабияттарга жаза башташкан. Алсак, Жахабанын ысмы 1879-жылы августта чыккан «Сион күзөт мунарасында» жана ошол эле жылы жарык көргөн «Колуктунун ырлары» (англ.) деген ыр китепте жазылган. Жахаба, сыягы, элине анын ыйык ысмы менен аталууга жол бергенге чейин алардын ошол зор сыймыкка ээ болууга татыктуу экенине ынангысы келген. Алар белгилүү бир талаптарга жооп бериши керек болчу. Анда Кудай элин өзүнүн ысмын алып жүрүүгө кантип даярдаган?

8 1800-жылдардын аягында жана 1900-жылдардын башында Жахаба элине ысмына байланыштуу маанилүү нерселерди терең түшүнүүгө жардам берген. Алардын үчөөнө токтололу.

9, 10. а) «Күзөт мунарасынын» алгачкы сандарында эмне үчүн Иса Машаякка өзгөчө басым коюлган? б) 1919-жылы кандай өзгөрүү болгон жана анын натыйжасы кандай болгон? ( «„Күзөт мунарасы“ Кудайдын ысмын даңазалайт» деген кутучаны да карагыла.)

9 Биринчиден, Жахабанын кызматчылары анын ысмынын маанилүүлүгүн түшүнүшү керек болчу. Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр башында кунду Ыйык Китептин негизги окуусу деп эсептешкен. Ошон үчүн «Күзөт мунарасынын» алгачкы сандарында Машаякка көбүрөөк басым коюлчу. Маселен, журнал чыга баштаган жылы Жахабанын ысмына караганда, Машаяктын ысмы он эсе көп кездешкен. Ал эми «Күзөт мунарасынын» 1976-жылдын 15-мартындагы санында алгачкы Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн Иса Машаякка «өтө эле көп маани беришкени» жазылган. Бирок Жахаба бара-бара кызматчыларына Ыйык Китепте өзүнүн ысмына олуттуу маани берилгенин түшүнүүгө жардам берген. Мунун натыйжасы кандай болгон? Жогорудагы «Күзөт мунарасында» айтылгандай, өзгөчө, 1919-жылдан тартып «алар Машаяктын Атасы Жахабаны көбүрөөк даңктай башташкан». Ошондуктан 1920-жылдан 1929-жылга чейин «Күзөт мунарасында» Кудайдын ысмы 6 500дөн ашуун жолу кездешкен.

10 Бир туугандардын Жахабанын ысмын тийиштүү түрдө даңктаганы алардын ал ысымды жакшы көрөрүн далилдеп турган. Алар, Муса пайгамбардай болуп, «Жахабанын ысмын жарыялай» башташкан (Мыйз. 32:3; Заб. 34:3). Натыйжада Жахаба кызматчыларынын анын «ысмына көрсөткөн сүйүүсүн» көрүп, аларга «ырайым кылган» (Заб. 119:132; Евр. 6:10).

11, 12. а) 1919-жылдан кийин адабияттарыбызда эмнеге көбүрөөк көңүл бурула баштаган? б) Жахаба элине эмнени түшүнүүгө жардам берген жана эмне үчүн?

11 Экинчиден, Машаяктын жолдоочулары Кудай тапшырган иштин маанилүүлүгүн айкын түшүнүшү керек болчу. 1919-жылдын башында жетекчиликти колго алган майланган бир туугандар Ышая китебин терең изилдөөгө киришишкен. Ошонун аркасында адабияттарыбызда кабар айтууга өзгөчө көңүл бурула баштаган. Ошол өзгөрүүнү «өз убагында» берилген «тамак» болгон деп эмне үчүн айта алабыз? (Мт. 24:45).

12 1919-жылга чейин «Күзөт мунарасында» Ышая пайгамбардын: «Силер менин күбөлөрүмсүңөр,— дейт Жахаба,— менин кызматчымсың. ...мен силерди тандап алгам»,— деген сөздөрү такыр талкууланган эмес. (Оку: Ышая 43:10—12.) Бирок 1919-жылдан тартып ушул пайгамбарлыкка өзгөчө көңүл бурула баштаган. Адабияттарыбызда майланган бир туугандардын баары Жахаба тапшырган ишке — ал жөнүндө күбөлөндүрүү ишине — катышууга чакырылышкан. Ошентип, 1925-жылдан 1931-жылга чейин «Күзөт мунарасында» Ышая китебинин 43-бөлүмү талкууланган 57 макала чыккан. Ал макалаларда Ышая пайгамбардын жазгандары Машаяктын жолдоочуларына карата колдонулган. Ошол жылдары Жахаба элине алар аткарышы керек болгон иштин маанилүүлүгүн түшүнүүгө жардам берген. Эмне үчүн? Анткени «адегенде алардын бул кызматка канчалык жарактуу экени сыналышы» керек болчу (1 Тим. 3:10). Ооба, Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр Кудайдын ысмы менен аталардан мурун ал тапшырган ишти аткарып, анын күбөлөрү болууга татыктуу экенин далилдеши керек эле (Лк. 24:47, 48).

13. Ыйык Китепте ааламдагы эң маанилүү маселе жөнүндө эмне делет?

13 Үчүнчүдөн, Жахабанын эли анын ысмынын ыйыкталышынын маанилүүлүгүн түшүнүшү керек болчу. Алар 1920-жылдары Кудайдын ысмынын ыйыкталышы ааламдагы эң маанилүү маселе экенин баамдашкан. Бул тууралуу Ыйык Китепте эмне делет? Эки мисалды карап көрөлү. Кудай ысрайыл элин Мисирден эмне үчүн алып чыккан? Ыйык Китепте Жахабанын аларды, ысмы «бүт жер жүзүнө жарыяланышы үчүн», куткарганы айтылат (Чыг. 9:16). Ал эми ысрайыл эли ага каршы чыкканда, Кудай аларды эмне үчүн жок кылып салган эмес? Анткени ал: «Өз ысмым үчүн анткен жокмун... Элдердин көз алдында ысмым булганбасын дедим»,— деген (Жез. 20:8—10). Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр ушул жана башка окуялардан улам кандай тыянакка келишкен?

14. а) 1920-жылдардын аягында эмне айкын болгон? б) Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр Кудайдын ысмынын ыйыкталышы маанилүү экенин түшүнгөндө эмне кылууга түрткү алышкан? ( «Кабар айтууга түрткү берген жүйөлүү себеп» деген кутучаны да карагыла.)

14 1920-жылдардын аягында Кудайдын элине Ышая пайгамбардын 2 700 жылдай мурун жазган сөздөрүнүн мааниси айкын болгон. Пайгамбар: «Сен ысмыңды даңктуу кылыш үчүн элиңди... жетектеп жүргөнсүң»,— деп жазган (Ыш. 63:14). Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр баарынан да өздөрүнүн куткарылышы эмес, Кудайдын ысмынын ыйыкталышы маанилүү экенин түшүнүшкөн (Ыш. 37:20; Жез. 38:23). Бул жөнүндө 1929-жылы чыккан «Пайгамбарлык» (англ.) деген китепте: «Жахабанын ысмынын ыйыкталышы — аң-сезимдүү жаратуулардын баарына тиешелүү болгон эң маанилүү маселе»,— деп жазылган. Муну айкын түшүнгөндө бир туугандар Жахаба жөнүндө андан ары да күбөлөндүрө берүүгө, анын караланган ысмын ыйыктай берүүгө ого бетер чечкиндүү болушкан.

15. а) 1930-жылдардын башында Кудайдын эли эмнени түшүнгөн? б) Кудайдын эли эмне кылууга даяр болгон?

15 Майланган бир туугандар 1930-жылдардын башында Кудайдын ысмынын, ал тапшырган иштин жана анын ысмынын ыйыкталышынын маанилүүлүгүн түшүнүшкөн. Ошентип, Кудайдын эли анын ысымы менен аталууга даяр болуп калган. Анда мунун кандайча болгонун карап чыгалы.

Жахаба «өзүнүн ысмы менен атала турган элди» чогултуп жатат

16. а) Жахаба өз ысымын кандай жол менен даңазалоону чечкен? б) Байыркы убакта ким Кудайдын эли болуп эсептелген?

16 Жахаба ысмын даңазалоонун сонун жолун тандап алган: ал ысымы менен атала турган элди чогулта баштаган. Б.з.ч. 1513-жылдан тартып анын эли болуп ысрайылдыктар эсептелип келген (Ыш. 43:12). Бирок алар Кудай менен түзгөн келишимдин талаптарын аткарбай коюшкандыктан б.з. 33-жылы Кудайдын ырайымынан ажырап, анын эли болбой калышкан. Көп өтпөй эле Жахаба «башка элдерге назар салып», «ысмы менен атала турган эл чогулта» баштаган (Элч. 15:14). Машаяктын ар кайсы элден тандалган майланган жолдоочуларынан турган ошол жаңы эл «Кудайдын Ысрайылы» деп аталган (Гал. 6:16).

17. Амалкөй Шайтан эмне кылган?

17 Болжол менен б.з. 44-жылы Кудайдын кызматчылары анын «жетекчилиги менен... Машаяктын жолдоочулары деп аталышкан» (Элч. 11:26). Башында бул аталыш Машаяктын чыныгы жолдоочуларына карата эле колдонулгандыктан, алар дароо эле айырмаланып турушкан (1 Пет. 4:16). Бирок, буудай менен отоо чөп жөнүндөгү мисалдан көрүнүп тургандай, амалкөй Шайтан христиан динин туткандардын баары «Машаяктын жолдоочулары» деп аталгыдай кылып салган. Ушунун айынан эл кылымдар бою Машаяктын чыныгы жолдоочуларын анын жолдоочусу атангандардан айырмалай албай келген. Бактыга жараша, 1914-жылы «орок маалы» башталганда, жагдай өзгөргөн. Анткени периштелер Машаяктын чыныгы жолдоочуларын анын жолдоочусу атангандардан бөлө башташкан (Мт. 13:30, 39—41).

18. Бир туугандар башкача аталышы керек экенин эмненин негизинде түшүнүшкөн?

18 1919-жылы ишенимдүү кул дайындалгандан кийин, Жахаба өз элине кабар айтуунун маанилүүлүгүн түшүнүүгө жардам берген. Бир туугандар үймө-үй кабар айтуунун аларды Машаяктын жолдоочусу атангандардан айырмалап турарын бат эле түшүнүшкөн. Көп өтпөй «Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр» деп аталганы башкалардан кескин түрдө айырмалабай турганын да аңдашкан. Анткени алардын негизги максаты тек гана Ыйык Китепти изилдөө эмес, Кудай жөнүндө күбөлөндүрүү жана анын ысмына терең урмат көрсөтүп, даңазалоо болгон. Алардын аткарган ишин эске алганда, кандай деп аталышканы ылайыктуу болмок? Бул суроонун жообу 1931-жылы айкын болгон.

Жыйындын программасы, 1931-жыл

19, 20. а) 1931-жылы болгон жыйында жүрөк толкутарлык кандай чечим кабыл алынган? б) Бир туугандар жаңы аталышты кандай кабыл алышкан?

19 1931-жылы июлда 15 000ге жакын киши Колумбуска (АКШ) чоң жыйынга чогулган. Жыйындын программасында J жана W деген тамгалар жазылган эле. Ал тамгалардын эмнени билдирерин билбегендиктен бир туугандардын бүйүрү кызып, аларды ар кандайча жорушкан. 26-июлда, жыйындын жекшемби күнкү бөлүгүндө маанилүү чечим кабыл алынган. Рутерфорд бир тууган: «Биз Жахабанын күбөлөрү катары таанымал болууну, Жахабанын күбөлөрү деп аталууну каалайбыз!» — деген күчтүү сөздөрдү айткан. Ошондо баары «JW» деген тамгалар Жахабанын Күбөлөрү (англисче Jehovah’s Witnesses) дегенди билдирерин түшүнүшкөн. Бул аталыш Ышая 43:10го негизделген.

20 Бир туугандар сүйүнгөнүнөн бир топко чейин дүркүрөтө кол чабышкан. Алардын кубанганын радио аркылуу дүйнөнүн жарымы уккан. Австралиялык Эрнест менен Наоми ошол күндү эскерип: «Колумбустагы бир туугандар катуу кол чабышканда, Мельбурндагылар да ордуларынан ыргып туруп, көпкө чейин кол чабышкан. Ошол күн эч качан эсибизден кетпейт!» — дешкен a.

Кудайдын ысмы дүйнө жүзү боюнча даңазаланууда

21. Жахабанын Күбөлөрү деп аталганы бир туугандарга эмне кылууга түрткү берген?

21 Кудайдын элинин Ыйык Китептин негизинде Жахабанын Күбөлөрү деп аталганы аларга кабар айтуу кызматына ого бетер жигердүү катышууга түрткү берген. 1931-жылы Колумбустагы жыйынга катышкан Эдвард менен Жесси деген пионер жубайлар: «Үйдөн чыгып баратканда Ыйык Китеп Изилдөөчү болчубуз, кайра үйгө Жахабанын Күбөсү болуп кайтып келдик. Ушинтип аталганыбыз Кудайыбыздын ысмын даңктоого өбөлгө түзөрүнө ушунчалык сүйүндүк!» — деп айтышкан. Жыйындан кийин айрым бир туугандар Кудайдын ысмын даңазалоонун жаңы ыкмасын ойлоп табышкан. Алар өздөрүнүн ким экенин билдириш үчүн үй ээсине: «Мен Кудайыбыз ЖАХАБАНЫН Падышалыгы жөнүндө айтканы келген ЖАХАБАНЫН күбөсүмүн»,— деп жазылган кичинекей кагазды беришчү. Ооба, Кудайдын кызматчылары анын ысмы менен аталганы үчүн сыймыктанып, ал ысымдын маанилүү экенин дүйнөнүн чар тарабына жарыялоого чечкиндүү болушкан (Ыш. 12:4).

«Үйдөн чыгып баратканда Ыйык Китеп Изилдөөчү болчубуз, кайра үйгө Жахабанын Күбөсү болуп кайтып келдик»

22. Жахабанын эли башка диндерден эмнеси менен айырмаланып турат?

22 Жахабанын майланган бир туугандарга өз ысмы менен аталууга түрткү бергенине бир топ жыл болуп калды. 1931-жылдан кийин Шайтандын биздин ким экенибизди жаап-жашырууга жасаган аракети оңунан чыктыбы? Бизди жайнаган диндер менен аралаштырып, алардан айырмаланбай тургандай кыла алдыбы? Жок. Биз Кудайдын күбөлөрү катары мурдагыдан да жакшы таанымал болуп калдык. (Оку: Микей 4:5; Малаки 3:18.) Кудайдын ысмы менен аталгандыктан, көптөр бизди жазбай таанышат. Тоого салыштырылган жалган диндердин арасында чыныгы сыйынуу «тоолордун чокусунан бийик коюлган» (Ыш. 2:2). Ооба, бүгүнкү күндө Жахабага сыйынуу өркүндөп-өсүп, анын ыйык ысмы болуп көрбөгөндөй даңазаланып жатат!

23. Забур 121:5ке ылайык, Жахаба жөнүндө эмнени билүү бизге күч-кубат берет?

23 Жахабанын бизди Шайтандын бардык чабуулунан азыр да, келечекте да коргой турганын билүү кадимкидей күч-кубат берет! (Заб. 121:5). Андыктан биз забурчунун: «Жахаба кайсы элдин Кудайы болсо, кимдерди мурасы кылып тандап алса, ошол эл бактылуу»,— деген сөздөрүнө толук кошулабыз (Заб. 33:12).

a Бир туугандардын радиону кантип колдонгону жөнүндө билиш үчүн 7-бөлүмдүн 72—74-беттерин карагыла.