Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

6-БӨЛҮМ

Кабар айткан эл. Даярдуулук менен кабар айткан кызматчылар

Кабар айткан эл. Даярдуулук менен кабар айткан кызматчылар

БӨЛҮМДӨГҮ НЕГИЗГИ ОЙ

Падыша жарчылардан турган аскерин топтойт

1, 2. Иса Машаяк эмнени алдын ала айткан жана кандай маанилүү суроо туулат?

 БИЙЛИКТЕГИЛЕР көбүнчө убада берип коюп, аларды ишке ашырышпайт. Айрымдары аракет кылса да, убадалары убада бойдон калат. Алардан айырмаланып, Кудайдын Падышалыгынын Падышасы айткандарын дайыма аткарат.

2 Ал 1914-жылы такка отурары менен 1 900 жылдай мурун: «Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча... таратылат»,— деп айткан пайгамбарлыгын аткарууга киришкен (Мт. 24:14). Ушул пайгамбарлыктын аткарылышы Машаяктын такка отурганын билдирген белгинин бир бөлүгү болмок. Андыктан маанилүү бир суроо туулат: Кудайга ишенбеген, өзүмчүл, мерез адамдар көп боло турган акыркы күндөрдө Падыша даярдуулук менен кабар айткан кызматчыларды кантип чогултат эле? (Мт. 24:12; 2 Тим. 3:1—5). Биз Машаяктын жолдоочулары катары кабар айтууга милдеттүү болгондуктан бул суроонун жообун билишибиз керек.

3. Иса Машаяк эмнеден күмөн санаган эмес жана эмне үчүн?

3 Пайгамбарлыктагы: «Кабар... таратылат»,— деген сөздөрдүн ишенимдүү түрдө айтылганына көңүл бурсаңар. Анткени бул сөздөр сөзсүз аткарылмак. Иса пайгамбар акыркы күндөрдө кабар айтуу ишин даярдуулук менен колдой турган кызматчылардын болорунан күмөн санаган эмес. Муну ал Атасынан билген (Жкн. 12:45; 14:9). Ал асманда жашап жүргөндө Атасынын кызматты даярдуулук менен аткара турган эли болоруна кымындай да шектенбегенин өз көзү менен көргөн. Жахабанын буга шектенбегенин кайдан билебиз?

«Элиң даяр турат»

4. Жахаба ысрайыл элин эмне кылууга чакырган жана алар буга кандай жооп кайтарган?

4 Жахаба Муса пайгамбарга ыйык чатырды курууга байланыштуу буйрук бергенде эмне болгонун эстесеңер. Жахаба пайгамбары аркылуу элди курулуш ишин колдоого чакырган. Муса пайгамбар элге: «Ким чын жүрөгүнөн кааласа, Жахабага тартуу алып келсин»,— деген. Натыйжада эл «күнүгө эртең менен ыктыярдуу тартууларды алып келе» берген. Ысрайылдыктар ушунчалык көп алып келгендиктен, аларга: «Мындан ары ыйык тартууга деп эч нерсе чогултпагыла»,— деген буйрук берилген (Чыг. 35:5; 36:3, 6). Мындан Жахабанын өз элине ишенгени бекеринен эмес экенин билүүгө болот.

5, 6. Забур 110:1—3-аяттарга ылайык, акыркы күндөрдө Жахабанын эли кандай маанайда кызмат кылмак?

5 Жахабанын кызмат кылууга дилгир болгон эли акыркы күндөрдө да болот беле? Ооба. Машаяк төрөлгөнгө чейин эле, миң жылдан ашуун убакыт мурун, Жахаба Дөөтү пайгамбар аркылуу Машаяк башкара турган учур жөнүндө жаздырган. (Оку: Забур 110:1—3.) Иса Машаяк Падыша болуп дайындалары менен, айыгышкан душмандары каршы чыкмак. Бирок аны колдой турган жоокерлери да болмок. Алар Падышага аргасыздан эмес, чын ыкластан кызмат кылышмак. Атүгүл жаштар да ага өз ыктыяры менен кызмат кылышмак. Ушунчалык көп болгондуктан жаштар таң заарда жер бетин каптап калган шүүдүрүмгө салыштырылган a.

Падышалыкты даярдуулук менен колдогондор шүүдүрүмдөй сансыз (5-абзацты карагыла)

6 Иса Машаяк 110-забурда жазылгандардын ага тиешелүү экенин жакшы билген (Мт. 22:42—45). Демек, анда жакшы кабарды жердин учу-кыйырына чейин жарыялоого даяр турган кызматчыларынын болоруна бекем ишенүүгө толук негиз бар болчу. Буга тарых күбө боло алабы? Падыша акыркы күндөрдө аны колдой турган жоокерлерин топтодубу?

«Жакшы кабар айтууну милдет катары да, сыймык катары да көрөм»

7. Иса Машаяк Падыша болгондон кийин жолдоочуларын кандай ишке даярдай баштаган?

7 Падыша болгондон кийин Машаяк жолдоочуларын чоң ишке даярдай баштаган. 2-бөлүмдөн билгенибиздей, ал 1914-жылдан 1919-жылдын башына чейин каймана ибадаткананы текшерип, тазалаган (Мал. 3:1—4). Андан соң 1919-жылы Кудайдын элин жетектей турган ишенимдүү кулду дайындаган (Мт. 24:45). Ошондон тартып ишенимдүү кул жыйындардагы баяндамалар, адабияттар аркылуу Кудайдын элине билим берип, кабар айтууга ар бир кызматчы катышууга тийиш экенин баса белгилеп келет.

8—10. Жыйындар кабар айтуу ишинин алга илгерилешине кандайча шарт түзгөн? Мисал келтиргиле. (« Кабар айтуу ишин илгерилеткен алгачкы жыйындар» деген кутучаны да карагыла.)

8 Жыйындардагы баяндамалар. Кудайдын жетекчилигине муктаж болгон Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин чоң жыйынга чогулушкан. Жыйын 1919-жылы 1-сентябрдан 8-сентябрга чейин Сидар-Пойнтто (Огайо штаты) өткөрүлгөн. Жыйындын 2-күнүндө Рутерфорд бир тууган баяндамасында: «Машаяктын жолдоочусунун жердеги эң негизги милдети — Падышалык жөнүндөгү кабарды жарыялоо»,— деген күчтүү сөздөрдү айткан.

9 Жыйындын 3-күнүндө Рутерфорд бир тууган «Кызматташтарга кайрылуу» деген баяндамада жыйындын бүт өзөгүн түзгөн ойлорду айткан. Ал баяндама кийинчерээк «Падышалыкты жарыялайлы!» деген аталыш менен «Күзөт мунарасына» чыккан. Ал мындай деген: «Терең ой жүгүрткөн учурларда Машаяктын жолдоочусунда: „Мен жерде эмне үчүн жашап жүрөм?“ — деген суроо туулат. Бул суроонун жообу мындай: дүйнөнү Кудай менен элдештире турган жакшы кабарды жарыялашым үчүн, Кудай мага чексиз ырайым кылып, өзүнүн өкүлү кылып тандап алды. Андыктан жакшы кабар айтууну милдет катары да, сыймык катары да көрөм».

10 Ошол маанилүү баяндамасында Рутерфорд бир тууган жакында «Алтын кылым» (азыр «Ойгонгула!») деген журналдын чыгарын кулактандырган. Ал журнал окурмандардын көңүлүн адамзаттын бардык көйгөйлөрүн чече турган Падышалыкка бурмак. Рутерфорд бир тууган ошол журналды таратууга канча киши катышкысы келерин сураган. Жыйындын отчётунда: «Бир туугандардын жооп кайтарганы эстен кеткис болду! 6 000 киши бир кишидей ордунан туруп, макулдугун билдиришти»,— деп жазылган b. Ооба, Падышанын эли Падышалык жөнүндөгү кабарды жарыялоого ынтызар болгон.

11, 12. «Күзөт мунарасынын» 1920-жылы чыккан санына ылайык, кабар айтуу иши качанкыга чейин аткарылмак?

11 Адабияттар. Кабар айтуу ишинин маанилүүлүгү «Күзөт мунарасында» кайра-кайра баса белгилене берген. Келгиле, 1920-жылдардын башындагы айрым окуяларды карап көрөлү.

12 Матай 24:14кө ылайык, кандай кабар айтылышы керек болчу? Ал кабар качанкыга чейин айтылмак? «Күзөт мунарасынын» 1920-жылдын 1-июлундагы санына чыккан «Падышалык жөнүндөгү жакшы кабар» деген макалада кандай кабар айтылышы керектиги жөнүндө: «Бул кабар — эски дүйнө соңуна чыгып, Машаяктын Падышалыгы орногону жөнүндөгү жакшы кабар»,— делген. Ал эми ал кабардын качанкыга чейин айтылмактыгына байланыштуу: «Бул кабар улуу согуш [Биринчи дүйнөлүк согуш] башталгандан тартып „улуу алааматка“ чейин айтылышы керек»,— деп жазылган. Макалада андан ары: «Демек, азыр — бүтүндөй христиан дүйнөсүнө ушул жакшы кабарды жарыялай турган убак»,— деп корутундуланган.

13. «Күзөт мунарасынын» 1921-жылы чыккан санында майлангандар эмне кылууга чакырылышкан?

13 Кудай элин кабар айтууга катышууга мажбурлаганбы? Жок. «Күзөт мунарасынын» 1921-жылдын 15-мартындагы санына чыккан «Кайраттуу болгула» деген макала майланган бир туугандарды даярдуулук менен кабар айтууга үндөгөн. Алар: «Кабар айтууну милдет катары да, сыймык катары да көрүшүм керек эмеспи?» — деп ойлонууга чакырылган. Макалада андан ары: «Эгер кабар айтуу ишин сыймык катары көрсөң, анда Жеремиядай болосуң. Кудайдын сөзү анын жүрөгүндө алоолонуп күйүп, сөөктөрүндө камалган оттой болгон. Ал аны ичине катып жүрө албай калган»,— деп жазылган (Жер. 20:9). Ушундай жылуу сөздөр Жахаба менен Иса Машаяктын Падышалыкты жан-дилден колдой турган кызматчылардын болоруна бекем ишенгенин көрсөтүп турган.

14, 15. «Күзөт мунарасынын» 1922-жылы чыккан санында Машаяктын жолдоочулары кабарды кандай жол менен таратууга чакырылышкан?

14 Машаяктын жолдоочулары Падышалык жөнүндөгү кабарды башкаларга кантип таратышмак? «Күзөт мунарасынын» 1922-жылдын 15-августундагы санына «Кызмат кылууга милдеттүүбүз» деген кыска, бирок таасирдүү макала чыккан. Анда майлангандар «адамдардын үйлөрүнө барып, адабияттарды таратууга жана асман Падышалыгынын келерине аз калганын жигердүүлүк менен жарыялоого» чакырылышкан.

15 Ооба, Машаяк 1919-жылдан тартып ишенимдүү кул аркылуу Падышалык жөнүндөгү кабарды таратуу милдет да, сыймык да экенин кайра-кайра баса белгилеп турган. Буга Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр кандай жооп кайтарышкан?

«Ишенимдүүлөр... даяр болушат»

16. Машаяктын жолдоочуларынын баары кабар айтышы керек деген чакырыкты айрым аксакалдар кандай кабыл алышкан?

16 1920-жылдардын ортосунан 1930-жылдардын ортосуна чейин айрымдар Машаяктын жолдоочуларынын баары кабар айтышы керек деген чакырыкка каршы чыгышкан. Бул туурасында «Күзөт мунарасынын» 1927-жылдын 1-ноябрындагы санында мындай делген: «Бүгүнкү күндө жыйналыштарда бир туугандарды кабар айтуу ишине катышууга үндөбөгөн, өздөрү да катышуудан баш тарткан аксакалдар бар... Алар Падышалык жана анын Падышасы жөнүндөгү кабарды үймө-үй кыдырып таратышыбыз керек дегендерди шылдыңга алып жатышат». Андан сырткары, макалада: «Ишенимдүүлөргө андайларды байкоого алып, алардан оолак болууга жана аксакал болуп кызмат кылууга мындан ары аларга жол берилбей турганын айтууга убакыт келип жетти»,— деп ачык эле жазылган c.

17, 18. Жыйналыштагылардын көбү башкы башкармалыктан келген көрсөтмөгө кандай жооп кайтарышкан жана буга акыркы жүз жылдын ичинде миллиондогондор кандай жооп кайтарууда?

17 Жыйналыштагылардын көбү башкы башкармалыктан келген көрсөтмөнү кош колдоп колдошкон. Алар жакшы кабарды таратууну сыймык катары көрүшкөн. «Күзөт мунарасынын» 1926-жылдын 15-мартындагы санында андай бир туугандар тууралуу: «Ишенимдүүлөр кабар айтууга... даяр болушат»,— деп жазылган. Алар Забур 110:3кө ылайык жашап, Падышаны колдоого даяр экенин көрсөтүшкөн.

18 Акыркы жүз жылдын ичинде миллиондогондор жакшы кабарды даярдуулук менен таратып келатышат. Кийинки бөлүмдөрдөн алардын кабарды кандай куралдарды колдонуп, кандай ыкмалар менен таратышканын жана натыйжасы кандай болгонун билебиз. Бирок адегенде, келгиле, өзүмчүл адамдар көп болгон азыркы заманда миллиондогондордун кабар айтуу ишине эмне себептен даярдуулук менен катышып жатканына токтололу. Ушул суроого жооп алып жатканда: «Мен эмне үчүн жакшы кабар айтып жатам?» — деп ойлонуп көргөнүбүз дурус.

«Мындан ары да биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын... издегиле»

19. Иса пайгамбардын: «Мындан ары да биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын... издегиле»,— деген кеңешине эмне үчүн кулак кагышыбыз керек?

19 Иса пайгамбар: «Мындан ары да биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын... издегиле»,— деп айткан (Мт. 6:33). Биз буга эмне үчүн кулак кагышыбыз керек? Анткени Кудай ой-ниетин Падышалык аркылуу жүзөгө ашырат. Өткөн бөлүмдөн билгенибиздей, Кудай ыйык руху аркылуу Падышалыкка байланыштуу чындыкка акырындык менен жарык чачкан. Биз ошол чындыкты билгенде жүрөгүбүз козголуп, Падышалыкты издөөгө түрткү алганбыз.

Машаяктын жолдоочулары, жашырылган кенчти таап алган кишидей болуп, Падышалык жөнүндөгү чындыкты тапканына кубанышат (20-абзацты карагыла)

20. Жашырылган кенч жөнүндөгү мисал Машаяктын жолдоочуларынын Падышалыкты биринчи орунга коюуга байланыштуу кеңешке кулак кагарын кандайча көрсөтүп турат?

20 Иса Машаяк жолдоочуларынын: «Мындан ары да биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын... издегиле»,— деген кеңешке кулак кагарын билген. Келгиле анда, жашырылган кенч жөнүндөгү мисалга токтололу. (Оку: Матай 13:44.) Мисалдагы киши талаада иштеп жүрүп, жашырылган кенчти таап алат да, анын ушунчалык баалуу экенин дароо түшүнөт. Анан «кубанган бойдон барып, колунда болгондун баарын сатып», «ошол талааны сатып алат». Мындан эмнеге үйрөнсөк болот? Падышалык жөнүндөгү чындыкты таап, анын баалуулугун түшүнгөндө биз да Падышалыкты жашообузда биринчи орунга коюш үчүн баарынан баш тартууга даяр болобуз d.

21, 22. Кудайдын берилген кызматчылары Падышалыкты биринчи орунга коюп жатышканын кантип далилдеп жатышат? Мисал келтиргиле.

21 Кудайдын эли Падышалыкты биринчи орунга коюп жатканын иши менен да далилдеп келет. Алар кабар айтуу ишине өмүрүн арнап, жөндөмдүүлүктөрүн, каражатын жумшап жатышат. Көптөр толук убакыт кызмат кылыш үчүн көп нерселерден баш тартышкан. Алардын баары Жахабанын Падышалыкты биринчи орунга койгондорго мол бата берерине өз тажрыйбасынан ынанууда. Келгиле анда, бир жубайлардын мисалын карап көрөлү.

22 Эйвери менен Ловиния 1920-жылдардын аягында АКШнын түштүгүндө адабият таратуучу (пионер) болуп кызмат кыла башташкан. Кийин Ловиния мындай деген: «Эйвери экөөбүз бир топ жылдан бери пионердик кызматты аркалап, сонун күндөрдү өткөрдүк. Биз дөңгөлөктүү үйдө жашачубуз. Ага май куйганга, азык-түлүккө акчаны кайдан табабыз деп башыбыз каткан учурлар көп болгон. Бирок Жахаба бизге дайыма кам көрчү. Ошондуктан пионердик кызматты таштоо оюбузга да келчү эмес. Эмнеге муктаж болсок, ошолор дайыма болуп турчу». Ловиния Флорида штатындагы Пенсаколада кызмат кылып жүргөн учурду эскерет. Бир жолу алардын акчасы да, тамак-ашы да аз калат. Кызматтан келишсе, машиненин жанында азык-түлүккө толгон эки чоң баштык туруптур. Баштыктардын үстүндө: «Биз силерди аябай жакшы көрөбүз, Пенсакола жыйналышы»,— деп жазылган кагаз жатыптыр. Ловиния толук убакыт кызмат кылган жылдарын эскерип: «Жахаба бизди эч качан таштаган эмес. Ал кам көрөм деген убадасын дайыма аткарып келген»,— деген.

23. Сен эмнени жогору баалайсың жана эмне кылууга чечкиндүүсүң?

23 Ар бирибиздин жагдай-шартыбыз ар кандай болгондуктан, баарыбыз бирдей кызмат кыла албайбыз. Ошентсе да баарыбыз тең жакшы кабар айтуу ишин сыймык катары көрүп, ага чын жүрөктөн катыша алабыз (Кол. 3:23). Биз Падышалык жөнүндөгү чындыкты жогору баалагандыктан көбүрөөк кызмат кылыш үчүн баарынан баш тартууга даярбыз! Сен да ушуга кошуласыңбы?

24. Падышалык акыркы күндөрдө кандай чоң жетишкендикке жетти?

24 Акыркы жүз жылдан бери Падышабыз Матай 24:14тө жазылгандарды аткарып келатат. Ал кабар айтууга эч кимди мажбурлаган жок. Анын өзүмчүлдүк өкүм сүргөн дүйнөдөн чыккан жолдоочулары кабар айтууга даярдуулук менен өздөрү эле катышып жатышат. Ырас, жакшы кабардын төгөрөктүн төрт бурчуна таралышы — Машаяктын такка отурганынын далили жана Падышалыктын акыркы күндөрдөгү эң чоң жетишкендиги.

a Ыйык Китепте шүүдүрүм молчулук менен байланыштырылат (Башт. 27:28; Мик. 5:7).

b «Иш кимге тапшырылган?» деген китепчеде: «„Алтын кылым“ жакшы кабарды үймө-үй таратууга шарт түзөт... Үй ээсине кабар айткандан кийин ага, журнал алууга жазылбаса да, „Алтын кылымды“ таштап кетишибиз керек»,— деп жазылган. Ошондон кийин көп жылдар бою бир туугандар элге «Алтын кылымга» эле эмес, «Күзөт мунарасына» да жазылууну сунуш кылышкан. Ал эми 1940-жылы февралдан тартып Кудайдын эли эки журналды тең таратып, канча таратканын отчётко жаза баштаган.

c Ошол учурда жыйналыштарда аксакалдар добуш берүү менен шайланышчу. Андыктан бир туугандар кабар айтууга каршы чыккан аксакалдарга добуш бербей коё алышкан. Аксакалдардын теократиялык жол менен дайындала башталганы 12-бөлүмдө талкууланат.

d Кымбат баалуу берметти издеп, жер кезген соодагер жөнүндөгү мисалында да Иса Машаяк ушул ойду баса белгилеген. Соодагер берметти сатып алыш үчүн колунда болгондун баарын сатып жиберген (Мт. 13:45, 46). Эки мисалдан адамдардын Падышалык жөнүндөгү чындыкты ар кандай жол менен табышарын билүүгө болот. Айрымдары аны кокустан таап алса, башкалары атайын издеп жүрүп табышат. Аны кандай жол менен таппайлы, Падышалыкты жашообузда биринчи орунга коюш үчүн көп нерселерден баш тартууга даярбыз.