Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

8-БӨЛҮМ

Кабар айтууда колдонулган куралдар. Бардык адамдарга арналган адабияттарды чыгаруу

Кабар айтууда колдонулган куралдар. Бардык адамдарга арналган адабияттарды чыгаруу

БӨЛҮМДӨГҮ НЕГИЗГИ ОЙ

Ар бир элге, урууга, ар кандай тилде сүйлөгөн адамдарга кабар айтышыбыз үчүн, Жахаба зарыл куралдар менен камсыз кылып келет

1, 2. а) 1-кылымда жакшы кабардын Рим империясына таралышына эмне өбөлгө түзгөн? б) Жахабанын кабар айтуу ишин бүгүн да жетектеп жатканын эмнеден билебиз? ( «Жакшы кабар 670тен ашык тилге которулууда» деген кутучаны да карагыла.)

 ИЕРУСАЛИМГЕ туш-тараптан келген эл уккан кулагына ишене албай, аң-таң. Алар бөтөн тилдерде сүйлөгөн галилеялыктардын айткан кабарын угуп, жүрөктөрү козголуп отурат. Бул окуя б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында болгон. Машаяктын шакирттери ыйык рух аркылуу бөтөн тилдерде сүйлөө жөндөмүн алышкан болчу. Бул аларды Кудай колдоп турганын көрсөткөн. (Оку: Элчилер 2:1—8, 12, 15—17.) Ошол күнү жакшы кабарды ар кайсы өлкөдөн келген, тек-жайы ар кандай адамдар угуп, натыйжада кабар Рим империясынын булуң-бурчуна тараган (Кол. 1:23).

2 Бүгүн биз керемет жолу менен башка тилдерде сүйлөбөйбүз. Анткен менен Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды 1-кылымдагыдан да алда канча көп тилге, 670тен ашуун тилге, которуп, жарыялап жатабыз (Элч. 2:9—11). Жакшы кабар ушунчалык көп тилде, сан жеткис нускада таратылып жаткандыктан, кабар жетпеген бир да жер калган жок a. Бул — Кудайдын Падышабыз аркылуу кабар айтууну жетектеп жатканынын айкын далили (Мт. 28:19, 20). Акыркы 100 жылда кызматта ар кандай куралдарды колдонгонубуз жөнүндө окуп жатып, Падышабыздын бизди ар бир адамга ылайыкташууга үйрөтүп келгенин жана чебер окутуучу болууга үндөп келгенин байкайсыңар (2 Тим. 2:2).

Падышабыз чындыктын үрөнүн себүүгө даярдайт

3. Биз эмне үчүн кабар айтууда ар кандай куралдарды колдонобуз?

3 Иса пайгамбар «Падышалык жөнүндөгү сөздү» үрөнгө, ал эми адамдын жүрөгүн жерге салыштырган (Мт. 13:18, 19). Дыйкан үрөн сепкенге чейин ар кандай шаймандар менен жерди жумшарткандай эле, биз да ар кандай куралдарды колдонуп, миллиондогондордун жүрөгүн жакшы кабарды кабыл алууга даярдайбыз. Ал куралдардын айрымдары кыска убакытка колдонулса, башкалары, мисалы, китеп-журналдар бүгүнкү күнгө чейин колдонулуп, жакшы натыйжа берүүдө. Өткөн бөлүмдөн жакшы кабарды жалпы элге таратуунун ыкмалары жөнүндө окуганбыз. Ал эми бул бөлүмдө ар бир киши менен бетме-бет сүйлөшүүгө жардам берген куралдар тууралуу сөз болот (Элч. 5:42; 17:2, 3).

Патефондор жана башка үн күчөткүч шаймандар чыгарылган устакана, Торонто (Канада)

4, 5. Бир туугандар патефонду кантип колдонушкан, бирок анын кандай жетишпеген жагы болгон?

4 Жаздырылган баяндамалар. 1930-жылдардын ортосунан 1940-жылдардын ортосуна чейин бир туугандар көтөрүп жүрүүгө ыңгайлаштырылган патефондорду колдонуп, баяндамаларды угузушчу. «Үчилтик», «Күнөөдөн тазалануучу жай», «Падышалык» деген сыяктуу ал баяндамалар 5 мүнөттөй убакытка созулчу. Бир туугандар патефонду кантип колдонушкан? 1930-жылы АКШда чөмүлгөн Клейтон Вудвортс бир тууган мындай деген: «Кичинекей сандыктай патефонду ийниме илип алып, үйдүн босогосуна келчүмүн. Коңгуроону баскандан кийин бир колум менен ийнесин пластинканын башына коюп, экинчи колум менен бурагычын айлантканга даяр турчумун. Үй ээси эшигин ачканда: „Мен сизге маанилүү бир кабар менен келдим“ — деп, баяндаманы угузчумун». Кабар айтуунун мындай ыкмасын эл кандай кабыл алган? Клейтон бир тууган: «Көп учурда жакшы угушчу. Бирок айрымдар эшигин тарс жаап алышчу. Мени патефон сатып жүрөт деп ойлогондор да болгон»,— деген.

1940-жылга чейин 90дон ашуун баяндамалар жаздырылган, ал эми көчүрмөлөрү миллиондон ашкан

5 1940-жылга чейин ар кандай темада 90дон ашуун баяндамалар жаздырылган, ал эми көчүрмөлөрү миллиондон ашкан. Британияда пионер болуп кызмат кылган, кийин Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү болгон Жон Барр бир тууган мындай деген: «1936—1945-жылга чейин патефон менин шеригим болуп калган. Ал жок болсо, бир кызыктай эле боло берчүмүн. Босогодо туруп, Рутерфорд бир туугандын баяндамаларын укканда өзүм да бекемделер элем. Ал менин жанымда тургандай эле сезилчү. Ошентсе да патефондун жетишпеген бир жагы бар болчу: ал жүрөктүн түпкүрүндөгү сезимдерди козгой алчу эмес».

6, 7. а) Күбөлөндүрүү баракчаларынын кандай жакшы жагы жана жетишпеген жагы болгон? б) Жахаба кандай мааниде оозубузга сөздөрүн салат?

6 Күбөлөндүрүү баракчалары. Жооптуу бир туугандар 1933-жылдан тартып жарчыларды үймө-үй кабар айтууда күбөлөндүрүү баракчаларын колдонууга үндөй башташкан. Туурасы — 8, узундугу 13 сантиметрдей болгон ал чакан баракчаларда жакшы кабар жана таратылчу адабият жөнүндө кыскача маалымат камтыла турган. Жарчылар аларды үй ээсине берип, окуп чыгышын суранышчу. Пуэрто-Рикодо, Аргентинада миссионер болуп кызмат кылган Лилиан Камеруд бир тууган: «Мага күбөлөндүрүү баракчалары аябай жакчу»,— деген. Эмне үчүн? «Көбүбүз кабарды жакшы деле айта алчу эмеспиз. Бирок аларды колдонуунун аркасында адамдарга барып, алар менен коркпой сүйлөшкөнгө үйрөндүк»,— деп кошумчалаган.

Күбөлөндүрүү баракчасы (италян тилинде)

7 1918-жылы чөмүлгөн Дэвид Рюш бир тууган: «Күбөлөндүрүү баракчалары жакшы эле жардам болду, анткени анча-мынча эле бир туугандар кабарды жакшы айта алчу»,— деген. Бирок бул ыкманын да жетишпеген жагы бар эле. Дэвид бир тууган мындай деген: «Кээ бирөөлөр бизди такыр сүйлөй албайт деп ойлошчу. Ооба, биз чындап эле жакшы сүйлөй алчу эмеспиз. Бирок көп өтпөй эле Жахаба бизди анын ысмын жарыялай турган мыкты кызматчы болууга даярдай баштады. Ал бизди Ыйык Китепти колдонуп үймө-үй кабар айтууга үйрөтүп, каймана мааниде оозубузга сөздөрүн салды. Бул 1940-жылдардын башында уюшулган Теократиялык кызмат мектебинин жардамы менен ишке ашты». (Оку: Жеремия 1:6—9.)

8. Канткенде Мырзабыздын жетекчилиги астында дасыккан окутуучу боло аласыңар?

8 Китептер. 1914-жылдан баштап Ыйык Китептеги окуулар талкууланган 100дөн ашуун китеп чыкты. Айрымдары жарчыларга мыкты кызматчы болууга жардам бериш үчүн чыгарылган. Жахабага 70 жылдай кызмат кылган даниялык Анна Ларсен бир тууган мындай деген: «Жахаба бизге Теократиялык кызмат мектеби жана бир катар китептердин жардамы менен чебер жарчылардан болууга көмөк кылды. Ошол китептердин биринчиси 1945-жылы жарык көргөн „Падышалыктын жарчыларына теократиялык жардам“ деген китеп болчу. Анын артынан эле 1946-жылы „Ар кандай жакшы ишке даяр болуу“ деген китеп чыкты. Азыр болсо 2001-жылы жарык көргөн „Теократиялык кызмат мектебинен пайда алалы“ деген китепти колдонуп жатабыз». Ооба, Теократиялык мектептин жана бир катар китептердин жардамы менен Жахабанын «кызматчылары болууга жарактуу» болдук (2 Кор. 3:5, 6). Сен Теократиялык мектепке жазылдың беле? «Кызмат мектеби» китебин жыйналышка дайыма алып барасыңбы? Аны Мектептин көзөмөлчүсү менен чогуу ачып, карап отурасыңбы? Эгер ошентсең, Мырзабыздын жетеги астында мыкты окутуучу болууга дасыгып жатасың (2 Кор. 9:6; 2 Тим. 2:15).

9, 10. Китептер чындыктын үрөнүн себүүгө жана сугарууга кандайча өбөлгө түзүп келет?

9 Жахабанын жетеги астында Ыйык Китептеги окууларды түшүндүрүп берүүгө көмөк кылган китептер да чыгып келет. Мисалы, 1968-жылы жарык көргөн «Түбөлүк өмүргө алпаруучу чындык» (англ.) деген китеп аябай натыйжалуу болгон. Ал алгачкы басылышынан тартып эле тез тарала баштаган. «Падышалык кызматыбыздын» 1968-жылдын ноябрындагы санында: «„Чындык“ деген китеп аябай көп таратылып жаткандыктан, Бруклиндеги басмаканадагы бир туугандарга түнкүсүн да иштөөгө туура келүүдө»,— деп жазылган. Макалада андан ары: «„Чындык“ деген китепке суроо-талап август айында абдан көп болгондуктан, китепти башында максат кылгандан да көп, бир жарым миллиондон ашуун, нускада чыгардык»,— делген. 1982-жылга чейин ал китеп 116 тилге которулуп, чыккан нускасынын жалпы саны 100 миллиондон ашкан. Ошентип, «Чындык» деген китепти колдонуунун аркасында 1968—1982-жылга чейинки 14 жыл аралыгында уюмга 1 миллиондон ашуун жарчы кошулган b.

10 2005-жылы «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген дагы бир китеп чыккан. Ал Ыйык Китепти изилдөөгө арналган натыйжалуу куралдардын бири болуп калды. «Ыйык Китеп окутат» китеби 256 тилде, 200 миллиондой нускада басылып чыккан. Мунун натыйжасы кандай болгон? 2005—2012-жылга чейин, 7 эле жылдын ичинде, жарчылардын саны 1 миллион 200 миңдей кишиге көбөйгөн. Ал эми Ыйык Китепти изилдегендердин саны китеп чыкканга чейин 6 миллиондой болсо, 7 жылда 8 миллион 700 миңден ашып кеткен. Ырас, Жахаба жакшы кабардын үрөнүн себүүгө, аны сугарууга жумшаган аракетибизге батасын мол берип жатат. (Оку: 1 Корунттуктар 3:6, 7.)

11, 12. Келтирилген аяттардан көрүнүп тургандай, журналдарыбыз кимдерге арналган?

11 Журналдар. Башында «Күзөт мунарасы» «асманга чакырылган» «кичине отор» үчүн гана чыгарылчу (Лк. 12:32; Евр. 3:1). Ал эми 1919-жылы 1-октябрдан баштап жалпы элге арналган дагы бир журнал чыга баштаган. Ал Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн да, жалпы окурмандардын да купулуна толгондуктан, көп жыл бою «Күзөт мунарасынан» алда канча көп нускада басылып келген. Башында ал «Алтын кылым» деп аталчу. 1937-жылы «Сооротуу» деп аталып, 1946-жылдан тартып «Ойгонгула!» деген аталыш менен чыгып келет.

12 Ондогон жылдар бою «Күзөт мунарасы» менен «Ойгонгула!» журналдарынын сырты өзгөрүлүп келсе да, негизги максаты эч качан өзгөргөн эмес. Алардын максаты — Падышалыкты жарлоо жана Ыйык Китепке ишенүүгө түрткү берүү. Бүгүнкү күндө «Күзөт мунарасынын» изилдөөгө арналган жана жалпыга арналган эки чыгарылышы бар. Изилдөөгө арналганы, негизинен, Кожоюндун «үйүндөгүлөрүнө», «кичине отор» менен «башка койлорго», арналат c (Мт. 24:45; Жкн. 10:16). Ал эми жалпыга арналганы Кудай жөнүндөгү чындыкты али биле элек болсо да, Кудайга ишенип, Ыйык Китепти баалагандар үчүн чыгарылат (Элч. 13:16). «Ойгонгула!» болсо, айрыкча, чыныгы Кудай Жахабаны жана анын Сөзү жөнүндө бир аз билгендерге арналат (Элч. 17:22, 23).

13. Журналдарыбызга байланыштуу кайсы маалымат сени өзгөчө таасирлентет? ( «Дүйнө жүзүндөгү кеңири таралган адабияттар» деген кутучаны карагыла.)

13 2014-жылга чейин «Ойгонгула!» ай сайын 44 миллиондон ашуун нускада, ал эми «Күзөт мунарасы» 46 миллиондой нускада чыккан. «Ойгонгула!» 100дөй тилге, «Күзөт мунарасы» 200дөн ашуун тилге которулган. Бул эки журналды эң көп тилге которулган, кеңири таралган журналдар деп айтсак жаңылышпайбыз. Бул бизди таң калтырбайт, анткени аларда Иса пайгамбар айткан, дүйнө жүзү боюнча тарала турган кабар камтылат (Мт. 24:14).

14. Биз эмнени жигердүүлүк менен таратабыз? Элди эмне кылууга үндөйбүз жана эмне үчүн?

14 Ыйык Китеп. 1896-жылы Рассел бир тууган менен анын шериктери адабият чыгарыш үчүн уюмдун юридикалык бирикмесинин аталышына «Ыйык Китеп» деген сөздү кошуп, «Ыйык Китеп, Күзөт мунарасы жана баракчалар коому» деп өзгөртүшкөн. Бул орундуу болгон, анткени жакшы кабарды таратууда Ыйык Китеп — эң негизги куралыбыз (Лк. 24:27). Биз, юридикалык бирикмебиздин аталышына жараша иш кылып, Ыйык Китепти жигердүү таратабыз жана элди аны окууга үндөп келебиз. Алсак, 1926-жылы биздин уюм Грек Жазмаларынын Бенжемин Уилсондун «Эмфэтик Дайаглотт» деген котормосун басып чыгарган. Ошондой эле 1942-жылдан тартып «Король Яковдун Ыйык Китебин» 700 миңдей нускада басып чыгарып, тараткан. 2 жыл өткөндөн кийин эле Жахабанын ысмы 6 823 жолу кездешкен «Американын жакшыртылган котормосун» басып чыгара баштаган. 1950-жылга чейин ал котормонун 250 миңден ашуун нускасы таратылган.

15, 16. а) «Жаңы дүйнө котормосунун» чыкканына эмне үчүн ыраазысың? ( «Ыйык Китепти которуу кызуу жүрүп жатат» деген кутучаны талкуулагыла.) б) Жахабанын Сөзү канткенде жүрөгүңдү козгойт?

15 1950-жылы Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосу» жарык көргөн. Ал эми 1961-жылы «Жаңы дүйнө котормосу» толугу менен чыккан. Ал котормодо Кудайдын ысмы Еврей Жазмаларынын түп нускасында кайсы жерлерде кездешсе, ошол жерлерге коюлган. Мунун аркасында Жахаба даңкталууда. Кудайдын ысмы Грек Жазмаларында 237 жолу кездешет. «Жаңы дүйнө котормосу» так, окууга оңой болушу үчүн, бир нече жолу каралган. Кайра каралган акыркы котормо 2013-жылы жарык көрдү. 2013-жылга чейин ал толугу менен же айрым бөлүктөрү 121 тилге которулуп, 201 миллиондон ашуун нускада басылып чыккан.

16 «Жаңы дүйнө котормосун» эне тилинде окуганы адамдарга кандай таасир этүүдө? Непалдык бир киши: «Мурунку Ыйык Китебибиз эскирген непал тилинде болгондуктан, аны жакшы түшүнчү эмеспиз. «Жаңы дүйнө котормосун» болсо аябай жакшы түшүнөбүз, анткени аны күнүмдүк турмушта сүйлөгөн тилибизде окуп жатабыз»,— деген. Борбордук Африка Республикасында жашаган бир аял «Жаңы дүйнө котормосун» санго тилинде окуй баштаганда көзүнө жаш алып: «Ыйык Китеп жүрөгүмдү козгогон тилде жазылыптыр»,— деп айткан. Эгер биз да Жахабанын Сөзүн күнүгө окусак, жүрөгүбүз козголот (Заб. 1:2; Мт. 22:36, 37).

Падышабызга окутуу куралдары жана берип жаткан билими үчүн ыраазыбыз

17. Окутуу куралдары үчүн жана берилип жаткан билим үчүн ыраазы экениңди кантип көрсөтө аласың жана ошондой кылсаң, натыйжасы кандай болот?

17 Падышабызга окутуу куралдары жана үзгүлтүксүз берип жаткан билими үчүн ыраазысыңбы? Адабияттарыбызды дайыма окуйсуңбу? Аларды колдонуп, башкаларга жардам бересиңби? Эгер ошентип жатсаң, 1914-жылы 4-октябрда чөмүлгөн Опал Бетлер бир туугандын сөздөрүнө кошулат чыгарсың. Ал мындай деген: «Күйөөм экөөбүз патефондорду, күбөлөндүрүү баракчаларын колдонуп, көп жыл кызмат кылдык. Үймө-үй кабар айтып, китептерди, китепчелерди, журналдарды, баракчаларды да тараттык. Кагаздарды тагынып алып, кабар айтуу жүрүштөрүнө, өнөктүктөргө катыштык. Кабарга кызыккандарга кайра барууну, алар менен изилдегенди үйрөндүк. Айтор, өмүрүбүздү кызматка арнап, бактылуу күндөрдү өткөрдүк». Иса Машаяк жолдоочуларынын чындык жөнүндөгү үрөндү сээп, түшүм жыйнап, кубанып эмгектенерин айткан. Кудайдын миллиондогон кызматчылары, Опал бир туугандай болуп, Машаяктын сөздөрүнүн калетсиз экенине ынанып жатышат. (Оку: Жакан 4:35, 36.)

18. Биз кандай сыймыкка ээбиз?

18 Падышабызга кызмат кылбаган адамдар бизди «билими жок карапайым» деп эсептешет (Элч. 4:13). Бирок бир саамга токтоп, ой жүгүртүп көрсөңөр. Падышабыздын жардамы менен ошол карапайым адамдардан басма сөз жаатындагы эң күчтүү уюмду түзгөн эл жаралды. Алар адабияттарды эң көп тилге которуп, эң көп нускада чыгарышат. Мындай көрүнүш тарыхта эзели болуп көргөн эмес! Мындан да маанилүүсү, Падышабыз, бардык улуттагы адамдарга жакшы кабар таратышыбыз үчүн, куралдардын баарын колдонууга үйрөтүп да, үндөп да келет. Биз Мырзабыз менен бирге чындыктын үрөнүн себүү жана оруп-жыюу ишине катышууну зор сыймык катары көрөбүз!

a Өткөн он жылдын ичинде эле Жахабанын эли Ыйык Китепке негизделген адабияттарды 20 миллиарддан ашуун нускада басып чыгарды. Мындан тышкары, дүйнө жүзү боюнча jw.org веб-сайтыбыздагы маалыматты Интернетке туташкан 2 миллиард 700 миллиондон ашуун киши окуй алат.

b Башкалар менен Ыйык Китепти изилдөөгө жардам берген адабияттардын айрымдары: «Кудайдын арфасы» (1921), «Кудай чынчыл» (1946), «Сен жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашай аласың» (1982), «Түбөлүк өмүргө алпаруучу билим» (Англис тилинде 1995-жылы, кыргыз тилинде 1996-жылы чыккан).

c Кожоюндун «үйүндөгүлөрүнө» кимдердин кирерине байланыштуу жаңы түшүнүк жөнүндө билиш үчүн «Күзөт мунарасынын» 2013-жылдын 15-июлундагы санындагы «Ишенимдүү жана акылдуу кул ким?» деген макаланын 13-абзацын карагыла.