Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

9-БӨЛҮМ

Кабар айтуунун натыйжасы. «Эгин оргонго даяр болуп, бышып калды»

Кабар айтуунун натыйжасы. «Эгин оргонго даяр болуп, бышып калды»

БӨЛҮМДӨГҮ НЕГИЗГИ ОЙ

Жахаба Падышалыктын үрөнүн өстүрүп жатат

1, 2. а) Шакирттер эмне үчүн аң-таң болушкан? б) Машаяк шакирттерине эмне жөнүндө айткан?

 ШАКИРТТЕР аң-таң. Иса Машаяк аларга: «Башыңарды көтөрүп, талаага көз чаптыргылачы; эгин оргонго даяр болуп, бышып калды»,— деп айткан. Алар Мырзасы көрсөткөн жакты тигиле карашса, талаадагы эгин бышпай эле — жаңы эле өнүп чыккан. Балким: «Кайдагы оруп-жыюу? Ага чейин дагы көп бар да»,— деп ойлонушса керек (Жкн. 4:35).

2 Бирок Машаяк кадимки оруп-жыюу жөнүндө айткан эмес. Ал каймана маанидеги оруп-жыюуга — элдерди чогултууга — байланыштуу эки маанилүү ойду айткысы келген. Анда ошол окуяны кененирээк карап чыгалы.

Чакырык жана кубанычтуу кызмат жөнүндөгү убада

3. а) Машаяк эмне үчүн: «Эгин оргонго даяр болуп, бышып калды»,— деген? (Шилтемени карагыла.) б) Машаяк айткандарын эмне деп түшүндүргөн?

3 Бул окуя б.з. 30-жылы Сихар шаарынын жанында болгон. Шакирттери шаарга кеткенде, Машаяк кудукка келген аялга кабар айткан. Ал кабардын маанисин дароо эле түшүнгөн. Шакирттери кайтып келгенде, аял уккандарын кошуналарына айтыш үчүн Сихарга шашкан бойдон кеткен. Аны уккан элдин бүйүрү кызып, Машаякка тез жолуккусу келген. Так ошондо Машаяк алыс жакта келаткан самариялыктарды көрүп: «Талаага көз чаптыргылачы; эгин оргонго даяр болуп, бышып калды»,— деген a. Анан каймана маанидеги оруп-жыюу жөнүндө айтып жатканын түшүндүрүп: «Орокчу... түбөлүк өмүр үчүн түшүм жыйнап жатат»,— деп айткан (Жкн. 4:5—30, 36).

4. а) Иса Машаяк оруп-жыюу ишине байланыштуу кайсы эки маанилүү ойду баса белгилеген? б) Кайсы суроолорду карап чыгабыз?

4 Иса Машаяк оруп-жыюуга байланыштуу кайсы эки маанилүү ойду баса белгилеген? Биринчиден, ал иш шашылыш түрдө аткарылышы керек болчу. Ал: «Эгин... бышып калды» — деп, шакирттерине иш-аракет кылууга түрткү бергиси келген. Ооба, оруп-жыюу иши башталган эле, аны создуктурууга болбойт болчу. Экинчиден, оруп-жыюу ишине катышкандар кубанып эмгектенишмек. Сепкендер да, оргондор да «чогуу кубанышмак» (Жкн. 4:35б, 36). Машаяк «көптөгөн самариялыктардын» ага «ишенип калганын» көргөндө кубангандай эле, оруп-жыюу ишине жан-дилден катышып жаткан шакирттеринин да жүрөгү кубанычка толмок (Жкн. 4:39—42). Бул окуя биз үчүн зор мааниге ээ, анткени ал тарыхтагы эң чоң оруп-жыюу ишинин кандайча жүргүзүлүп жатканын сүрөттөп турат. Бүгүнкү күндөгү оруп-жыюу иши качан башталган? Ага кимдер катышып жатышат? Анын натыйжасы кандай болууда?

Падышабыз эң чоң оруп-жыюу ишин жетектөөдө

5. Тарыхтагы эң чоң оруп-жыюу ишин ким жетектөөдө жана элчи Жакандын аянында ал иштин шашылыш экени кандайча көрсөтүлгөн?

5 Жахаба элчи Жаканга дүйнө жүзүндөгү элдерди чогултуу ишин жетектөөгө Иса Машаякты дайындаганын аян аркылуу көрсөткөн. (Оку: Аян 14:14—16.) Аянда Машаяктын таажы кийип, орок кармап турганы көрсөтүлгөн. «Алтын таажы» анын бийлик жүргүзүп жаткан Падыша экенин көрсөтсө, «курч орок» Орокчу катары иш-аракет кыларын билдирген. Жахабанын периште аркылуу: «Жердеги түшүм бышып жетилди»,— деп айтканы оруп-жыюу ишинин шашылыш түрдө аткарылышы керектигин баса белгилеп турат. Ооба, «оруп-жыюу маалы башталган», ал кийинкиге калбашы керек эле. Кудайдын: «Орок салып, оро башта»,— деген буйругун аткарып, Машаяк жерге орогун салып, элдерди оруп алган. Жүрөк толкуткан бул аян эгиндин «оргонго даяр болуп, бышып калганын» дагы бир жолу тастыктап турат. Андан эң чоң оруп-жыюу ишинин качан башталганын билебиз.

6. а) «Орок маалы» качан башталган? б) «Жердеги түшүм» качан жыйнала баштаган? Түшүндүргүлө.

6 Аян 14:14тө Иса Машаяктын, Орокчунун, таажы кийип турганы анын 1914-жылы Падыша болгонун көрсөтүп турат (Дан. 7:13, 14). Бир нече убакыт өткөндөн кийин, 15-аятка ылайык, Машаякка орок салууга буйрук берилген. Анын буудайды оруу жөнүндөгү мисалында да окуялар дал ушундай тартипте сүрөттөлгөн. Ал мисалда: «Орок маалы — бул дүйнө түзүлүшүнүн аяк чени»,— деп айтылган. Демек, орок маалы менен бул дүйнө түзүлүшүнүн аяк чени бир учурда — 1914-жылы — башталган. «Орок маалы» башталгандан бир нече убакыт өткөндөн кийин буудай орула баштаган (Мт. 13:30, 39). Демек, буудай Машаяк падыша болгондон бир нече убакыт өткөндөн кийин жыйнала баштаган. Анткени ал адегенде 1914-жылдан 1919-жылдын башына чейин майланган жолдоочуларын тазалаган (Мал. 3:1—3; 1 Пет. 4:17). Андан соң 1919-жылы «жердеги түшүмдү» «оруп-жыюу... башталган». Ошондо Машаяк жаңы эле дайындалган ишенимдүү кул аркылуу бир туугандарга кабарды шашылыш түрдө жарыялоо керектигин түшүнүүгө жардам берген. Келгиле, андан ары эмне болгонун карап көрөлү.

7. а) Кабар айтуу ишинин шашылыш экенин бир туугандар эмнеден улам түшүнүшкөн? б) Бир туугандар эмне кылууга чакырылышкан?

7 «Күзөт мунарасынын» 1920-жылдын июлундагы санында: «Ыйык Жазманы изилдөөнүн аркасында жыйналыштын Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоо сыймыгына ээ болгонун билдик»,— деп жазылган. Мисалы, бир туугандар Ышая китебинен жакшы кабардын дүйнө жүзүнө таратылышы керектигин түшүнүшкөн (Ыш. 49:6; 52:7; 61:1—3). Алар бул иштин кантип аткарыларын билишпесе да, Жахабанын жол көрсөтөрүнө ишенишкен. (Оку: Ышая 59:1.) Ал иш шашылыш экени айкын болгондон кийин, бир туугандар кызматка жигердүү катышууга чакырылышкан. Алар буга кандай жооп кайтарышкан?

8. Бир туугандар 1921-жылы кабар айтуу ишине байланыштуу кайсы эки нерсени түшүнүшкөн?

8 «Күзөт мунарасынын» 1921-жылдын декабрындагы санында: «Бул жыл эң сонун жыл болду. Буга чейинки жылдарга караганда 1921-жылы чындык жөнүндөгү кабарды аябай көп киши укту»,— делген. Анан: «Бирок жумуш дагы деле көп... Келгиле, баарыбыз кубанып-шаттанып эмгектене берели»,— деп кошумчаланган. Көңүл бурсаңар, бир туугандар кабар айтуу ишине байланыштуу Машаяк айткан эки маанилүү ойду, ал иштин шашылыш түрдө аткарыларын жана жумушчулардын кубанып эмгектенерин, түшүнүшкөн.

9. а) 1954-жылы «Күзөт мунарасында» оруп-жыюу ишине байланыштуу эмне деп жазылган жана эмне үчүн? б) Жарчылардын саны акыркы 50 жылда канчалык өскөн? (« Бүткүл дүйнөлүк өсүш» деген таблицаны карагыла.)

9 Бир туугандар 1930-жылдары башка койлордон турган эбегейсиз көп адамдардын жакшы кабарга кулак кагарын түшүнгөндөн кийин, кабар айтуу иши ого бетер күч алган (Ыш. 55:5; Жкн. 10:16; Аян 7:9). Натыйжада жарчылардын саны 1934-жылы 41 000 болсо, 1953-жылы 500 000ге жеткен. «Күзөт мунарасынын» 1954-жылдын 1-декабрындагы санында: «Тарыхтагы эң чоң оруп-жыюу иши Жахабанын руху жана Сөзүнүн күчү менен гана дүйнө жүзү боюнча аткарылып жатат»,— деп таамай айтылган b (Зак. 4:6).

 

БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ӨСҮШ

Өлкө

1962

1987

2013

Австралия

15 927

46 170

66 023

Бразилия

26 390

216 216

756 455

Франция

18 452

96 954

124 029

Италия

6 929

149 870

247 251

Жапония

2 491

120 722

217 154

Мексика

27 054

222 168

772 628

Нигерия

33 956

133 899

344 342

Филиппин

36 829

101 735

181 236

АКШ

289 135

780 676

1 203 642

Замбия

30 129

67 144

162 370

 

ЫЙЫК КИТЕПТИК ИЗИЛДӨӨЛӨРДҮН ӨСҮШҮ

1950

234 952

1960

646 108

1970

1 146 378

1980

1 371 584

1990

3 624 091

2000

4 766 631

2010

8 058 359

Оруп-жыюу ишинин натыйжасын сүрөттөгөн мисалдар

10, 11. Сары кычы даны жөнүндөгү мисалда Падышалык жөнүндөгү кабардын таралышынын кайсы жактары баса белгиленген?

10 Иса Машаяк Падышалык жөнүндөгү мисалдар аркылуу оруп-жыюу ишинин натыйжасын алдын ала көрсөткөн. Анда анын сары кычы даны жана ачыткы жөнүндөгү мисалдарына токтолуп, аларда жазылган пайгамбарлыктын акыркы күндөрдө кандайча аткарылып жатканын карап көрөлү.

11 Сары кычы даны жөнүндөгү мисал. Бир киши сары кычы данын себет. Ал чоң даракка айланып, бутактарына чымчыктар корголойт. (Оку: Матай 13:31, 32.) Бул мисалда Падышалык жөнүндөгү кабардын таралышынын кайсы жактары баса белгиленген? 1) Дандын өсүшү таң каларлык болгон. Ал «уруктардын ичинен эң кичинекейи болсо да», «бутактарын кенен жайган» даракка айланган (Мр. 4:31, 32). 2) Дан сөзсүз өсүп чыкмак. «Себилгенде ал дан... өсүп чыккан». Иса пайгамбар: «Өсүшү мүмкүн»,— дебестен: «Өсүп чыккан»,— деген. Өскөндө да дүркүрөп өскөн. 3) Ал дарак жандыктар корголой турган баш калкалаар жайга айланган. «Анын көлөкөсүнө чымчыктар корголошкон». Жогорудагы үч нерсенин учурда жүрүп жаткан оруп-жыюу иши менен кандай байланышы бар?

12. Сары кычы даны жөнүндөгү мисалдын бүгүнкү күндөгү оруп-жыюу иши менен кандай байланышы бар? (« Ыйык китептик изилдөөлөрдүн өсүшү» деген таблицаны да карагыла.)

12 1) Өсүш. Сары кычы даны жөнүндөгү мисал Падышалык жөнүндөгү кабардын таралышын жана жыйналыштардын көбөйүшүн билдирет. 1919-жылдан тартып күжүрмөн жумушчулар калыбына келтирилген жыйналыштарга чогултула баштаган. Ошол маалда жумушчулар аз эле болгон, бирок алар тездик менен көбөйө беришкен. Ооба, 1900-жылдардын башынан тартып биздин күндөргө чейин зор өсүш болду! (Ыш. 60:22). 2) Сөзсүз өсүп чыкмак. Машаяктын жолдоочуларынын жыйналышы дүркүрөп өсүүдө. Душмандар үрөн түшкөн жерге таштарды тоодой кылып үйүп коюшса да, ал баарын жарып чыгып, өсүп жатат (Ыш. 54:17). 3) Корголой турган баш калкалаар жай. Дарактын бутактарына коргологон «чымчыктар» Падышалык жөнүндөгү кабарга кулак кагып, жыйналыштын мүчөсү болгон, 240тай өлкөдө жашаган миллиондогон жүрөгү таза адамдарды билдирет (Жез. 17:23). Алар жыйналыштан азыктанып, сергип, баш маана таап жатышат (Ыш. 32:1, 2; 54:13).

Сары кычы даны жөнүндөгү мисал жыйналыштын көптөргө коопсуз баш калкалаар жай болуп берерин көрсөтүп турат (11, 12-абзацтарды карагыла)

13. Ачыткы жөнүндөгү мисалда Падышалык жөнүндөгү кабардын таралышынын кайсы жактары баса белгиленген?

13 Ачыткы жөнүндөгү мисал. Аял унга ачыткы кошуп жууругандан кийин, ачыткы бүт камырды ачыткан. (Оку: Матай 13:33.) Бул мисалда Падышалык жөнүндөгү кабардын таралышынын кайсы жактары баса белгиленген? Эки жагын карап көрөлү. 1) Өзгөртөт. Ачыткы жайылып отуруп, «бүт камырды ачыткан». 2) Кеңири таралат. Ачыткы «үч ченем унга кошулуп», бүт камырды ачыткан. Бул эки нерсенин учурда жүрүп жаткан оруп-жыюу иши менен кандай байланышы бар?

14. Ачыткы жөнүндөгү мисалдын бүгүнкү күндөгү оруп-жыюу иши менен кандай байланышы бар?

14 1) Өзгөртөт. Ачыткы Падышалык жөнүндөгү кабарды, ал эми ун бүтүндөй адамзатты билдирет. Ачыткы унга кошулгандан кийин аны өзгөртүп жибергендей эле, Падышалык жөнүндөгү кабар ага кулак каккандардын жүрөгүн өзгөртөт (Рим. 12:2). 2) Кеңири таралат. Ачыткынын таралышы Падышалык жөнүндөгү кабардын таралышын билдирет. Ачыткы бүт камырды ачытканга чейин тарала берет. Анын сыңарындай, Падышалык жөнүндөгү кабар да «жердин учу-кыйырына чейин» таратылып жатат (Элч. 1:8). Бул мисал ишибизге тыюу салынган өлкөлөрдө да, кабар айтуу ишинин кандайча жүрүп жатканы билинбегени менен, Падышалык жөнүндөгү кабардын таратылып жатканын көрсөтүп турат.

15. Ышая 60:5, 22деги сөздөр кандайча аткарылып жатат? (« Жахаба үчүн баары мүмкүн» жана « Кичинеден күчтүү эл чыкты» деген кутучаларды да карагыла.)

15 Иса Машаяк ушул мисалдарды айтканга чейин 800 жылдай мурун Жахаба бүгүнкү күндөгү оруп-жыюу ишинин канчалык кулач жаярын жана жумушчулардын канчалык кубанычка бөлөнөрүн Ышая пайгамбар аркылуу айттырган c. Жахаба элдердин анын уюмуна «алыстан» агылып келерин айткан. Жердеги майланган калдыкты билдирген «аялга» Кудай: «Аларды көрүп, жүзүң нурданат, жүрөгүң дүкүлдөп, кубанычка толот, анткени сага деңиздин байлыгы, элдердин кенчи келет»,— деген (Ыш. 60:1, 4, 5, 9). Кандай гана таамай айтылган сөздөр! Жахабага көп убактан бери кызмат кылып келаткан бир туугандар өз өлкөлөрүндөгү аз эле жарчынын бир канча миңге көбөйгөнүн көрүп, чынында эле, жүздөрү нурданып жатат.

Жахабанын элинде кубанууга көп себеп бар

16, 17. «Себүүчү менен... орокчунун» чогуу кубанганынын бир себеби эмнеде? (« Эки эле баракча Амазонкадагы эки жүрөктү козгогон» деген кутучаны да карагыла.)

16 Машаяктын: «Себүүчү менен чогуу кубаныш үчүн, орокчу... түбөлүк өмүр үчүн түшүм жыйнап жатат»,— деген сөздөрүн эстесеңер (Жкн. 4:36). Дүйнө жүзү боюнча жүрүп жаткан оруп-жыюу ишинде «чогуу кубанып» жатабыз. Мунун көп себептери бар. Келгиле, алардын айрымдарына токтололу.

17 Биринчиден, Жахаба менен кызматташып жатканыбыз бизди кубанычка бөлөйт. Кабар айтканыбызда үрөн сепкен болобуз (Мт. 13:18, 19). Ал эми кимдир бирөөгө Машаяктын шакирти болууга жардам бергенибизде түшүм жыйнаган болобуз. Ошентип, баарыбыз Жахабанын үрөндү кереметтүү түрдө өстүргөнүн көрүп, кубанычыбыз койнубузга батпай сүйүнөбүз (Мр. 4:27, 28). Биз сепкен айрым үрөндөр кечирээк өнүп чыгып, аны башкалар оруп алат. Сенин жашооңдо да 60 жыл мурун чөмүлгөн британиялык Жоан бир туугандыкындай окуялар болгондур. Ал: «Мен: „Көп жыл мурун сиз мага кабар айтып, жүрөгүмө үрөн сепкенсиз“,— деп айткандарды жолуктуруп калам. Алар менен башка бир туугандар Ыйык Китепти изилдеп, Жахабанын кызматчысы болууга жардам беришиптир. Мен сепкен үрөндөр өнүп чыгып, орулганына аябай сүйүнөм»,— дейт. (Оку: 1 Корунттуктар 3:6, 7.)

18. 1 Корунттуктар 3:8де кубаныч тартуулаган кайсы себеп тууралуу жазылган?

18 Экинчиден, элчи Пабылдын: «Ар бири өз эмгегине жараша сыйлык алат»,— деген сөздөрүн эстеп жүргөндүктөн кубанып эмгектене беребиз (1 Кор. 3:8). Биз сыйлыкты кызматта жетишкен ийгиликтерибиз үчүн эмес, кызматка катышканыбыз үчүн алабыз. Бул ой адамдар кабарды жакшы укпаган аймакта кызмат кылгандарды кандай гана бекемдейт. Кудай себүү ишине чын жүрөктөн катышып жаткан ар бир кызматчысын «көп жемиш берген» жумушчу деп эсептейт. Бул кубанууга чоң себеп эмеспи?! (Жкн. 15:8; Мт. 13:23).

19. а) Матай 24:14тө кубанууга өбөлгө түзгөн кайсы себеп жазылган? б) Көп шакирт даярдай албасак да, эмнени эсибизден чыгарбашыбыз керек?

19 Үчүнчүдөн, пайгамбарлыктын аткарылышына катышып жатканыбыз үчүн кубанабыз. Элчилердин: «Сенин катышууңдун убагын жана бул дүйнө түзүлүшүнүн аяктап баратканын кайсы белгиден билүүгө болот?» — деген суроосуна Иса пайгамбардын эмне деп жооп бергенин карап көрөлү. Ал кабар айтуу ишинин ошол белгинин бир бөлүгү болорун айткан. Машаяк шакирт даярдоо жөнүндө айтты беле? Жок. Ал: «Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат»,— деген (Мт. 24:3, 14). Демек, Падышалык жөнүндө кабар айтуу — үрөн себүү — белгинин бир бөлүгү болуп эсептелет. Андыктан жакшы кабар тарата берсек, көп шакирт даярдай албасак да, «күбөлөндүрүү» ишинде ийгиликке жеткен болобуз d. Адамдар кабарды кандай укпасын, Машаяк айткан пайгамбарлыктын аткарылышына катышып, «Кудайдын кызматташтары» боло алабыз (1 Кор. 3:9). Бул кубанууга кандай сонун себеп!

«Күн чыгыштан батышка чейин»

20, 21. а) Малаки 1:11деги сөздөр кандайча аткарылып жатат? б) Оруп-жыюу ишине байланыштуу эмне кылууга чечкиндүүсүң жана эмне үчүн?

20 Иса Машаяк 1-кылымда элчилерине оруп-жыюу ишинин шашылыш түрдө аткарылышы керектигин түшүнүүгө жардам берген. Ал 1919-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин жолдоочуларына ушул маанилүү чындыкты түшүнүүгө көмөк кылып келет. Кудайдын эли Машаяктын чакырыгына жооп кайтарып, кабар айтуу ишине жигердүү катышууда. Ошонун аркасында оруп-жыюу иши токтобой жүрүп жатат. Малаки пайгамбар айткандай, жакшы кабар «күн чыгыштан батышка чейин» таратылып жатканына баарыбыз күбө болуудабыз (Мал. 1:11). Ооба, үрөн сепкендер менен орок оргондор чыгыштан батышка чейин, дүйнөнүн кайсы жеринде жашабасын, чогуу эмгектенип, чогуу кубанып жатышат. Ошондой эле баарыбыз жакшы кабарды күн чыккандан күн батканга чейин, эртеден кечке чейин, шашылыш түрдө жарыялап жатабыз.

21 Жүз жылдай мурун болгон окуяларга сереп салганда Кудайдын алакандай элинен «күчтүү эл чыкканын» көрүп, жүрөгүбүз «дүкүлдөп, кубанычка толот» (Ыш. 60:5, 22). Ошол кубанычыбыз жана «оруп-жыюу ишинин Кожоюну» Жахабага болгон сүйүүбүз тарыхтагы эң чоң оруп-жыюу ишине мындан ары да ынталуулук менен катыша берүүгө түрткү бере берсин! (Лк. 10:2).

a Ыйык Китептин башка котормосунда бул аят: «Эгин талаасын карагыла, ал... агарып кетти»,— деп берилген («Мукаддас»). Иса Машаякты көздөй келаткан самариялыктардын кийими, кыязы, ак болгон. Ошол себептен ал ушинтип айткан көрүнөт.

b Ошол жана кийинки жылдары кандай өсүш болгонун билиш үчүн «Жахабанын Күбөлөрү — Кудайдын Падышалыгынын жарчылары» (ор.) деген китептин 425—520-беттерин карагыла. Ал жерде 1919—1992-жылдардагы ийгиликтер жазылган.

c Көркөм тил менен жазылган бул пайгамбарлык жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн «Күзөт мунарасынын» 2002-жылдын 1-июлундагы санынын 19—29-беттерин карагыла.

d Бул маанилүү чындыкты Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр башынан эле түшүнүшкөн. «Сион күзөт мунарасынын» 1895-жылдын 15-ноябрындагы санында: «Буудай аз чогултулса да, эң негизгиси, чындык жөнүндө зор күбөлөндүрүү берилет... Жакшы кабар таратууга баары катыша алат»,— деп жазылган.